Биз менен байланышыңыз

Соцтармактагы бойкоттун Кыргызстандагы таасири

Саясат , Экономика | 1 Ноя 2023 | 2442 | 0

Израил-ХАМАС согушунда Кыргызстанда да Палестина калкына тилектештик билдирген жарандардын саны арбын. Буга чейин Бишкекте тилектештик билдирүү максатында эки акция да өткөрүлдү. Ошондой эле парламент депутаттары да гуманитардык жардам жиберүүнү демилгелеген. Мындан тышкары социалдык тармактарда Палестинаны колдоо максатында Израил өндүрүшүнө бойкот жарыялаган өнөктүккө көпчүлүк кыргызстандыктар кошулду. Өнөктүктүн максаты Израилде өндүрүлгөн же ага тиешеси бар делген товарларды колдонуудан баш тартуу. Бирок коомчулук арасында ал аракетти сындагандар да бар. Бойкот жарыялоо чынында эле өз таасирин береби? Бул тууралуу экономисттер эмне дейт?

Бишкек шаарынын тургуну Таттуубек Маматов социалдык тармактагы баракчасына Израилдин өндүрүшүнө бойкот жарыялаганын жазды. Ал мындай кадамы менен Палестина өлкөсүн колдогонун билдирген.

Ошондой эле ал башка өлкөнүн эмес, ата мекендик өндүрүмдү сатып алууга чакырат.

«Мусулман өлкөлөрү деп, бул жакта туруп бойкот жарыялап жатабыз. Биздин колубуздан дуба кылуу гана келет. Андан башка эч нерсе келбей жатат. Израил маселеси болбогондо деле Кыргызстан өзүнүн товарларын сатып алышы керек. Башкача айтканда, ата мекендик өндүрүштү колдошубуз керек. Ал эми биз баш тартып жаткан товарлардын баары адамдын ден соолугуна зыян болуп жатпайбы. Азыркы учурда палестиналыктарды колдоо максатында колубуздан келгени — бойкот. Алардын товарларын алган сайын, биз берген акчага Палестинага каршы согуштук техникалар алынышы мүмкүн. Бирөөсүн өлтүрүп, бирөөсүнүн үйүн талкалап жаткандыр. Ошолорду да эске алалы».

Кыргызстандагы «Азия» соода түйүндөрүнүн PR-менеджери Мирбек Кулчунов аталган маркетте чет өлкөлүк буюмдарды сатууда эч кандай өзгөрүүлөр болбогонун, буга чейин кандай көлөмдө болсо, ошол көлөмдө жана баада сатылып жатканын маалымдады. Ошондой эле дүйнөдөгү кырдаалга мониторинг жүргүзүлүп турарын белгиледи.

28-октябрда Бишкек шаарынын Горький скверинде палестин элине тилектештик билдирген экинчи митинг өттү. Ага 500гө жакын адам катышып, «Палестинага эркиндик», «Геноцидди токтоткула» деген чакырыктарды ташташты.

Акцияга Кыргызстандагы палестиналыктар да катышты. Алардын бири элдин алдына чыгып сөз сүйлөп, кыргызстандыктарга ыраазычылык билдирип, Палестинага жардам берүүгө чакырды.

Экономист Эмил Үмөталиев кандай кырдаал болсо да, эмоцияга берилбей улуттук кызыкчылыкты көздөгөн оң экенин белгиледи.

Үмөталиев мындайда кылдат мамиле кылууга чакырат.

«Азыркы күндө бул боюнча өтө көп маселе аралашып кетти. Бул жерде этникалык, расалык, дин маселелери аралашкан, аябай этият болуп, ички талкууларды тышкы жана ички саясатыбызга кесепети тийбегидей тынч өткөрүү керек. Ар кимибиз өзүбүздүн пикирибизди, кээде сезимибизди, реакцияларыбызды таңуулай бергенибиз өлкөгө залакасын тийгизип коюшу мүмкүн».

18-октябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратып, министрлик Палестина жарандарынын көп сандаган курмандыгына алып келген Газадагы Аль-Ахли ооруканасына болгон аскердик соккуну кескин айыптаган. Ошондой эле эл аралык гуманитардык укуктун бузулушун ар тараптуу иликтөөгө чакырган.

Дагы бир экономист Элдар Абакиров Израил өндүрүшүнөн баш тартуу ар бир адамдын чечими экенин белгилейт. Анын айтымында, Кыргызстанда бойкот жарыялоо дүйнөлүк деңгээлде болбосо да таасири байкалышы мүмкүн.

«Бойкотту конкреттүү түрдө бир фирмага жарыяласа, жыйынтык болушу мүмкүн. Бирок бул канчалык таасир этет, билбейм. Анткени «Кока-Кола», «Пепси» — дүйнөлүк бренддер. «Кока-Кола» компаниясынын чоң акционерлери — түрктөр» деген да маалымат бар. Так маалыматым жок. Эми дүйнөлүк деңгээлде Кыргызстан таасир деле эте албайт. Чындыгында бойкоттун ишке ашарына көзүм жетпейт. Ал суусундуктарды көбүнчө жаштар ичет. Бир аз таасир этиши мүмкүн, бирок чоң таасирин тийгизе албайт».

Израилден чыккан товарларды сатып алуудан баш тартуу акциясы Кыргызстанда эле эмес, бир канча өлкөдө жүрүүдө. Алар 729 сандарынан башталган код менен чыккан товарларга бойкот жарыялоодо.

Алардын арасында Coca-Cola суусундугу, NESTLE таттуулары, KFC жана башка көптөгөн товарлар бар.

Жарандык активист, юрист Эржан Кайыпов Кыргызстанда эле өндүрүлгөн дүйнөлүк бренд товарларга бойкот жарыялоо куру намыс экенин айтат.

«Махачкаладагы Израилден учуп келген самолётту издеп, аэропортту басып алуу, биздеги өзүбүздө эле өндүрүлгөн дүйнөлүк бренд товарларын бойкот кылуу — болбогон эле куру намыс жана чала сабаттуулук. Мындай аракеттер Палестинанын бейкүнөө кырылып жаткан элине жардамын тийгизбейт. Каршы тарапты да эч алсыздандырбайт. Мусулмандар глобалдык дүйнөдө илимде, бизнесте жана аскердик күчтөнүүдө өнүгүүгө, локалдык деңгээлде өзүнүн билимин, материалдык жана физикалык абалын өнүктүрүүгө умтулушу керек».

Маалымат катары айта кетсек, коңшу Өзбекстанда Палестинаны колдоо максатында тынчтык митингин өткөрүүгө уруксат берилген жок. Андан көп өтпөй, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, кечээ 31-октбярда Израил жана Палестинадагы абал боюнча видеокайрылуу жасап, Борбор Азияда ар түрдүү конфессиянын өкүлдөрү ынтымактуу жашаганын айтып, өзбек калкын ар кандай провакациялык аракеттерге азгырылбоого чакырды.

«Мен бүгүнкү мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, бардык мекендештерге, айрыкча жаштарга кайрылам: ар кандай чакырыктарга азгырбагыла, мыйзамга каршы иш-аракеттерди жасабагыла. Биздин эң чоң күчүбүз — биримдигибиз жана тынчтыгыбыз», — деди Шавкат Мирзиёев.

Газанын Саламаттык сактоо министрлиги 30-октябрда билдиргендей, Палестинада курман болгондор 8 миң 300дөн ашты, көбү аялдар менен балдар. 1,4 миллиондой адам үйлөрүн таштап кетти.

Израил тараптан 1 400 адамдын каза болгону кабарланган. Алардын басымдуу бөлүгү ХАМАС 7-октябрда Израилге кол салганда өлгөн. Израил аскерлери ХАМАСтын колундагы 240тай туткундун айрымдарын бошотушканын билдиришти.

Copyright © 2017 Maral FM