Биз менен байланышыңыз

Караколдо 13 жаштагы баланын сөөгү чуңкурдан табылды

Кыска кабар | 31 Окт 2023 | 296 | 0

Кечээ, 30-октябрда Каракол шаарында 13 жаштагы баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу «Маралга» Каракол ШИИБнан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 30- октябрь күнү ШИИБке жергиликтүү тургун 13 жаштагы баласы эртең менен мектепке кетип, сабактан кийин үйүнө келбегенин билдирген.

Жарандын арызы каттоого алынып, дайынсыз жоголгон окуучуну издөө иштери башталган.
Кийинчерээк жергиликтүү тургундар шаардык стадиондун жанындагы 4 метр тереңдиктеги чуңкурдан баланын жансыз денеси жаткандыгын кабарлашкан

Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, өспүрүмдүн өлүмүнүн себептери иликтенип жатат.

Copyright © 2017 Maral FM