Биз менен байланышыңыз

Караколдо өспүрүмдүн суицидге барышынын чоо-жайы

Коом | 30 Окт 2023 | 396 | 0

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 9-класстын окуучусу өзүнө кол салып каза тапты. Окуя 27-октябрда болгон.

Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, каза тапкан баланын апасы өзүнүн класс жетекчиси болгон. Ал уулунун электрондук тамеки тартканын билип калып, атасына айтып, эч кандай психологиялык басымсыз чылымдын зыянын түшүндүрүшкөн. Ага карабай окуучу кечки саат 21:00-21:30 чамаларында өз жанын кыйган. Башка мугалимдер баланын буга чейинки жүрүм-турумуна оң мүнөздөмө беришкен.

«Негизги себеби электрондук тамеки болгон экен. Баланын апасы өзүнүн класс жетекчиси болгон. Ал баласынын тамеки тартып жатканын билип калып, зыянын айтып түшүндүргөн экен. Апасынын айтымында, эч кандай кол көтөрүү болгон эмес. Ошого таарынып, өзүнө кол салып алган экен. Башка мугалимдер каза тапкан баланын жүрүмү  тууралуу жакшы мүнөздөмө берип жатышат. Ошондой эле эч кандай көйгөйлүү окуяларга катышы жок экендигин айтышты».

Мыйзам боюнча билим берүү мекемелеринен 100 метр аралыкта тамеки, спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынган. Тилекке каршы, ал толук аткарылбай келет. Билим берүү министрлиги жергиликтүү тургундардан балдарга зындуу заттарды сатпоону суранат. Ошондой эле ата-энелерден да бул маселеге кайдыгер карабоону өтүнөт.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттары электрондук тамекиге, вейпке тыюу салган мыйзам долбоорун сунуштап келишет. Анын негиздемесинде вейптин же электрондук тамекинин аэрозолу кадимки тамекилер сыяктуу өпкөнүн кыска мөөнөттүү сезгенүү реакциясын пайда кылары, никотинсиз суюк буу ден соолукка өтө зыян экени жазылган.

Кыргызстанда билим берүүчү жайларда, балдар эс алуучу менчик жана коомдук жайларда, саламаттык сактоо мекемелеринин айланасында, өрт чыгуу коркунучу бар бардык жерде тамеки тартууга тыюу салынган.

Кальян, ысытылган тамекинин түрлөрүн атайын уруксат берилген жайларда гана чексе болот. Тыюу салынган жайларда тамеки тарткан адам миң сом, аймагында тамеки тартылган мекеме 5 миң сом айып төлөйт.

Copyright © 2017 Maral FM