Биз менен байланышыңыз

Доллардын куну өсүп, базардагы сооданы солгундатты

Коом , Экономика | 24 Окт 2023 | 920 | 0

Акыркы эки жума ичинде өлкөдө АКШ долларынын куну 89 сом 30 тыйындан башталып, 89 сом 72 тыйынга чейин көтөрүлүүдө. Бул көрүнүштү экономисттер мезгилдик экенин айтып, жыл сайын кышкы даярдык учурунда мындай көрүнүштөр болорун, бирок бул жылы эрте башталганын айтышууда. Ал эми соодагерлер базарда соода солгундай түшкөнүн, доллар көтөрүлсө, товарлар да кымбаттаарын билдирүүдө. Улуттук банк жыл башынан бери АКШ долларынын курсун түшүрүү максатында 14 жолу интервенция жасаганын маалымдады. 

АКШ долларынын көтөрүлүшү ишкерлерди түйшүккө салууда. Алардын айтымында, доллар канчалык көтөрүлсө, сырттан кирген товар ошончолук кымбаттайт.

Ишкер Мирдин Мукашев Бишкек шаарында он жылга жакын убакыттан бери чарба буюмдарын сатат. Анын айтымында, азыркы учурда банктарда ачык айтылбаса да, билинбеген чектөөлөр кирип жатат. Бул көрүнүш ишкерлерге түйшүк жаратууда.

«Албетте, доллардын өсүшү ишкерлерге ыңгайсыздык жаратууда. Азыркы учурда банктарда билинбегени менен чектөөлөр бар. Ар кайсы банк ар кандай өлчөмдө доллар берип жатат. Ишкерлер да ар кайсы банктан топтогонго аргасыз болууда. Мисалы, бир банктан 500 доллар, дагы биринен 1 000 доллардан чогултууга туура келүүдө. Доллардын куну көтөрүлсө, ишкерлерге, аны менен катар элге да кыйын болот. Мурда 100 сомдон саткан товар доллар кымбаттагандан кийин 102-105 сом болуп калууда. Аз кошулса да, дүңүнөн алгандарга кымбаттаганы билинип калат. А учурда 1-2 сом кошулуп жатат, эл да туура эле түшүнүүдө». 

Бермет Курманбек кызы алты жылдан бери «Дордой» базарында байер болуп иштеп, товарларды дүңүнөн чет өлкөлүк кардарларга жиберип турат.

Анын айтымында, АКШ долларынын кымбатташы менен базардагы соода солгундай түштү. Мындай учурда ишкерлерге кыйынчылык жаралып, аргасыз көтөрүлгөн баа менен ишти улантууга мажбур болушат.

«Доллардын көтөрүлүшү соода тармагын шок абалга алып келет. Мындай учурда башында соода басаңдайт. Бирок айла жок, бара-бара мурдагы калыбына келет. Биз ошол көтөрүлгөн баага көнүүгө аргасыз болобуз. Ошондой эле доллар көтөрүлгөндө биздин товарлар кымбаттаса, биз экспорттогон товарлар Орусияда, Казакстанда да кымбаттайт. Азыркы учурда шүгүр, анчалык кыйын болгон жок, бирок базарда соода жай. Анын себеби: АКШ долларынын кунунун көтөрүлүүсү. Ал эми товар алып келүүдө Түркия, Кытай мамлекеттери өздөрүнүн акчасы менен сатууга аракет кылууда, бирок баары бир бул жактан доллар менен которууга туура келет. Ушундан улам бир аз товардын баасы, логистика кымбаттады. Чынында азыр доллар табуу кыйын болууда, болсо деле иштеткиси келбегендер да бар. Чоң суммада товар алып, саткандар үчүн доллар табуу түйшүктүү». 

Экономист Эрлан Калматов өлкөдөгү АКШ доллардын кымбатташына Кыргызстан кызматташкан өлкөлөрдүн да таасири бар экенин айтты. Ал экономикалык жактан тыгыз кызматташтыкта болгон орус рублинин кунунун түшүшү менен байланыштырды.

Ошондой эле доллардын көтөрүлүшү сезондук экенин, жыл сайын кышка даярдык мезгилинде көтөрүлүп, январ айларында кайра бир калыпка салынарын кошумчалады.

«Доллардын көтөрүлүшүнүн ички себептерин изилдей турган болсок, мезгилдик көтөрүлүү учуру келип калды. Себеби жыл сайын ушул мезгилде, кышка даярдык учурунда түрдүү товарлардын сырттан импорттук көлөмү кескин өсөт. Сөзсүз жайында долларга суроо-талап азыраак болот. Качан импорттун көлөмү өскөн учурда гана көтөрүлөт. Баарыбызга маалым, импорт Америка доллары менен өлчөнгөндүгүнө байланыштуу доллардын куну сезондук түрдө жылдын акыркы кварталында көтөрүлөт. Бул быйыл эртерээк башталгандай сезилип жатат. Биринчи кезекте бул жерде акча кредит саясатын жүргүзүүчү Улуттук банк тийиштүү, айкын иш-аракеттерди жасашы керек. Албетте Улуттук банк жасаган аракет дароо эле өз жыйынтыгын бербейт, ага убакыт керек». 

Ал эми Улуттук банк жыл башынан бери АКШ долларынын курсунун жогорулашын жумшартуу максатында 14 жолу интервенция жасаганын банктын коомчулук менен иш алып баруу бөлүмүнүн башчысы Айгүл Молдобекова айтты.

«2023-жылдын башынан тартып 20-октябрга карата алмаштыруу курсунун кескин өзгөрүүсүн жумшартуу максатында Улуттук банк 655,72 млн АКШ долларын сатуу боюнча он төрт интервенция өткөзгөн. Улуттук банк валюталык рынокко дайыма байкоо салып, бардык өзгөрүүлөрдү каттап турат жана Улуттук банк өзгөрүлмө курс саясатын аткаргандыктан, валюталык рыноктогу  түзүлгөн кырдаалга жараша интервенциясын жүргүзүшү мүмкүн. Күн сайын валюталык рынокто суроо-талаптын өзгөрүлүп турушу ар кандай. Ошондуктан валюталар курсу күн сайын ар башка болушу да мүмкүн. Алмаштыруу курсунун өзгөрүлмө шартына ылайык, жогорудагы серпилүүлөр мыйзам ченемдүү көрүнүш, ошондуктан бардык эле учурда Улуттук банктын кийлигишүүсүн талап кылбайт. Улуттук банк валюталардын курсунун өзгөрүү тенденциясына таасир этпейт. Ошондой эле  алмаштыруу  курсунун серпилүүсүнө чек да койбойт». 

Орусия Ураинага согуш ачкандан бери Кыргызстанда орус рублинин куну түшүп, АКШ доллары көтөрүлгөн. Бул көрүнүш өлкөдө соода-экономикага кескин таасирин тийгизген. Учурда коммерциялык банктарда да бир доллар 89,72 сом болууда. Улуттук банк доллардын сомго карата расмий курсун 89,32 сом деп белгилеген. Өткөн жумада Улуттук банк сомдун долларга карата курсун туруктуу кармоо үчүн интервенция жасап, валюта базарына 44 млн 800 миң АКШ долларын саткан. 2023-жылдын башынан тарта АКШ долларынын сомго карата расмий курсу 4,25% өстү.

Copyright © 2017 Maral FM