Биз менен байланышыңыз

Депутат, экологдор өкмөттүн жашылдандыруу өнөктүгүн сындашууда

Коом | 19 Окт 2023 | 618 | 0

Эки жыл мурун «Жашыл мурас» долбоору ишке кирип, өлкөдө жапырт көчөт отургузуу башталган. Президент Садыр Жапаров бул өнөктүк салтка айланарын, жыл сайын өлкө боюнча 5-6 млн көчөт отургузуларын айткан. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев «Жашыл мурас» улуттук өнөктүгүнүн ишин сынга алды. Экологдор да көп сандаган көчөт отургузулганы менен өсүп кеткени аз болуп, экологияга зыяны тийип жатканын айтышууда. 

Эл өкүлү Дастан Бекешов өткөн жай мезгилинде Бишкекте бак-дарактар куурап калганын белгилеп, «Жашыл мурас» улуттук өнөктүгү отчётту кагаз жүзүндө гана берип, иш жүзүндө андай болбой жатканын сындап, өкмөт өкүлдөрүн бул ишти көзөмөлдөөгө чакырды.

«Экологияны жакшыртуу максатында президент «Жашыл мурас» программасын иштеп чыгууга буйрук берген. Бирок бул программа, тилекке каршы, формалдуу гана иштеп жатат. Отчёттор тапшырылат, бак-дарактар отургузулгандай, жашылдандыруу иштери жакшы эле жүрүп жаткандай. Бирок ушул жай мезгилинде абдан көп дарак куурап калды. «Жаңы «Ак үйдү» курабыз» деп, «Ататүрк» сейил багын жоготуп ала жаздадык. Ал аз жерден куурап кала жаздады. Бул жерде канча бак отургузулганын, канчасы өсүп жатканын тактоо керек деп ойлойм. Себеби кагаз жүзүндө гана «мынча бак отургузулду» деп жатышат. Ушул кампаниянын ишин карап коюңуздар, жөн эле каражат кетирбейли. Андан көрө ирригация менен да алектенүү керек деп эсептейм».

Эколог Анара Султангазиева да жашылдандыруу боюнча улуттук өнөктүктүн ишин сынга алды. Себеби көчөт отургузулганы менен көктөп кеткени аз.

«Жашыл мурас» кампаниясы ишке киришкиче, донорлордун акчасы менен жашылдандыруу иштери жүрүп келген. Союз учурунда отургузулган бактын 70%ы өсүп, 30%ы куурап калса, мындай кампаниялардын иши төмөн көрсөткүч катары бааланчу. Ачык айтканда азыр дарактын 70%ы куурап, 30%ы өсүп кетсе, жакшы натыйжа болуп калды. Албетте, мындай нерсе абдан өкүнүчтүү. Суу жок жерге отургузуп коюп жатышат. Бак отургузгандан кийин аны жаш баладай кароо керек. Бизде отургузуп коюп эле иш бүтүп калып жатат. Жакшы карабай жатышат. «Жашыл мурас»кампаниясы «мынча бак отургуздук» дебей, «мынча бак өстүрдүк» деп отчёт бериши керек. Бизде иштин ары уланып алып кетиши маселе болуп жатат».

Бак-дарактар кир абаны сиңирип алып, таза абаны бөлүп чыгарат. Ошондой эле күндөн келген радиацияны калыпка салып турат. Мындай табияттын кадимки кубулушунан кур калып жатабыз деген пикирин эколог Айгүл Рысалиева билдирди. Себеби акыркы жылдары бактарды жок кылып, алардын ордуна имараттар салынып, тескерисинче, Бишкек шаарынын абасынын кир болушуна өбөлгө түзүлүп жатат.

«Акыркы жылдары жашылдандыруу иштери абдан начар жүрүп жатат. Мисалы, көп эле жерде жакшынакай өсүп турган бакты кыйып салып жатышат. Алар мэриядан уруксат алып жатышабы, же өзүм билемдик орун алып жатабы, белгисиз. Бактын ордуна эч кандай талапка жооп бербеген имараттарды салып, шамалдын багытын бузуп жатат. Анан алар алдыда кыш келе жатат, ал имараттар ышты кармап турат».

Жарандардын көңүлүн жаратылышты сактоого үндөгөн «Жашыл мурас» улуттук программасы былтыр 2022-жылдын март айында ишке кирген. Программаны Садыр Жапаров Ала-Арча жаратылыш паркына ийне жалбырактуу дарактардын көчөтүн отургузуу менен баштаган.

Президент Садыр Жапаров 2021-жылдын 16-декабрында Глазго шаарында өткөн БУУнун климаттык өзгөрүүлөр боюнча 26-саммитинде 2022-жылды «Тоолорду туруктуу өнүктүрүү жылы» деп жарыялоо сунушун берген. Катышуучулар сунушту бир добуштан колдоп, 2022-жылды «Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы» деп жарыялоо үчүн резолюция кабыл алышкан.

Copyright © 2017 Maral FM