Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда бир адамдын бир ай жашоосуна 7756 сом жетеби?

Коом , Экономика | 18 Окт 2023 | 1377 | 0

Улуттук статистика комитети өлкөдөгү жашоо минимумун 7 миң 756 сом деп белгиледи. Бирок жашоо минимумдун мындай көрсөткүчү өлкөнүн экономикасы артта калганынан кабар берерин айткандар болууда. Мындан сырткары бир адам социалдык жактан толук камсыз болуу үчүн бул каражат жетпей турганын белгилешет. Бишкек шаарынын тургундары жашоо минимумуна кандай карайт, бир үй-бүлөгө айына канча каражат сарпталат? 

Улуттук статистика комитети быйылкы жылдын III кварталынын жыйынтыгы боюнча өлкөдөгү жашоо минимумунун көлөмү жан башына орто эсеп менен 7 миң 756 сомду түзгөнүн билдирди.

Мекеменин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева жашоо минимуму атайын токтомдун негизинде эсептелип чыгарын маалымдады.

«Улуттук статистика комитети жашоо минимумду Өкмөттүн №694 токтомунун негизинде иликтеп, калктын негизги социалдык демографиялык топтору үчүн белгилейт. Методологияга ылайык, жашоо минимуму жан башына эсептелет. Эмгекке жарамдуу курактагы эркектерге, аялдарга, ошондой эле пенсионерлерге, балдарга эсептелет».

Социолог Анаркан Султанова бир адам социалдык жактан толук камсыз болушу үчүн 7 миң 756 сом аз экенин айтат.

Ал азыркы учурда бардык нерсе жашоо минимумуна такалып, буга байланыштуу балдарга жөлөк пул алууда да бир балага жетишсиз акча бөлүнүп жатканын белгиледи.

Социолог бүгүнкү күндө калктын социалдык абалы кымбатчылыкка туруштук бере албасын кошумчалады.

«Бул сумманы эмнеге таянып, кантип эсептеп чыгышат билбейм. Мурунку кварталда 7676 деп эсептелген. Үстүнө 76 сом эле кошулуптур. Көп нерсени ушуга таяп туруп, чыгарышат. Мисалы балдарга берилүүчү жөлөк пулду алсак, бир балага 1200 сомго чейин берилет. Ал акча эч нерсеге жетпейт. Бир айлык тамак-ашына да жетпейт. Азыр бардык нерсе кымбаттап жатат. Бул кымбатчылыкты эске алып эсептешеби, билбейм. Азыркы күндө калкка оор эле болуп жатат».

Буга чейин «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаров жөлөк пулду жашоо минимумга теңдеген мыйзам долбоорун сунуштап, коомдук талкууга чыккан.

Аталган мыйзам долбоору Конституциянын 44-беренесине негизделген. Анткени анда пенсия, социалдык жөлөк пул жана башка мамлекеттик көмөктөр мыйзамда көрсөтүлгөн жашоо минимум өлчөмүнөн төмөн эмес деңгээлде болушу керектиги белгиленген.

Мыйзам долбооруна ылайык, 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга «үй-бүлөгө көмөк» ар айлык жөлөк пулу үй-бүлөнүн мал-жаны, жер тилкеси, техникасы бар экенине карабастан берилүүгө тийиш.

Ал эми экономист Кубанычбек Идинов өлкөдө жашоо минимумунун көлөмү жан башына орточо эсеп менен 15 миң сомго чейин көтөрүү керектигин белгиледи.

Анын айтымында, жашоо минимуму 7 миң 756 сомду түзгөнү өлкөнүн экономикасы артта калганынан кабар берет.

Идинов эмне себептен өлкөдө жашоо минимуму арзан болуп жатканына токтолду.

«Бир адамга 15 миң сом болсо туура болмок. Биздин мамлекет башкалардан артта калып жатат. Өлкөдө жакырчылык көбүрөөк болууда. Биз СССР тарагандан кийин, 1990-жылдан кийин артта калып кеттик. Ал мезгилде киши башына чыгарган ички дүң продукциянын көлөмү 9 миң доллар болчу. Бүгүнкү күндө 1,5 миң долларды түзөт. Бул эмне дегенди билдирет. Биздин экономика 30 жылда аябай түшүп кеткенин бидирет».

Бир адам айына канча сом сарптаарын шаар тургундарынан сурап көрдүк:

— Азыр азыр-түлүк кымбат. Өзүбүз квартирада турабыз, ага 10 миң сом төлөйбүз. Эки баламдын ичкен-жегени бар. Бирөө мектепке барат, ага да акча кетет. Айына 25 миңден да ашык акча коройт.

— 7756 сом бир айга эч кимге жетпейт. Батирлердин ижарасы эле айына 10 миңден жогору кетет. Азыр базарда, бардык жерде баа өсүп, товарлар кымбаттап жатат. Машина айдайын десең да бензин кымбат. 7000 сом бир күндүк акча болуп жатат. Үйгө бир нерсе алайын десең да, 7000 сомдон ашык кетет.

— Эми жеткирсе болот. Кудайга шүгүр, мурдакыга караганда жетип жатат.

— Баары кымбат. Бир кап унуң 3500 сом болуп жатат. Свет да кымбаттады. Ал акча такыр жетпейт. Азыркы жашоодо кыйын эле болуп калды. Айына 30-40 миңдей керек.

Расмий маалыматтарга таянсак, өткөн жылдын III кварталында жашоо минимумунун көлөмү жан башына орточо эсеп менен 7 миң 242 сомду түзүп, 2021-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 13,5%га өскөн.

Copyright © 2017 Maral FM