Бүгүн, 17-октябрда Жогорку Кеңеште «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана «Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өттү. Ага жарандык коомдун, укук коргоо органдарынын, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышып, кызуу талкуу менен коштолду. Мыйзам долбоорун демилгелегендер бул мыйзам өкмөткө аба-суудай керек дешсе, жарандык коом тескерисинче, өлкөнүн өнүгүшүнө зыян алып келерин жана адам укугу бузуларын белгилешти.
БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве парламенттик трибунасында сөз сүйлөп жатып, «чет элдик өкүл» мыйзамы кабыл алынса, Кыргызстанда адам укуктарынын абалына жана өлкөнүн туруктуу өнүгүшүнө коркунуч жараларын белгиледи. Ошону менен катар долбоордо камтылган «10 жылга эркинен ажыратуу» беренесин киргизүү өзгөчө тынчсыздануу жаратарын айтты.
«Бул мыйзам долбоору биринчи кезекте Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүүдө бир нече тобокелдиктерди камтыйт. Жарандык коом уюмдары мамлекет менен катар башкаруунун бардык деңгээлдеринде социалдык кызматтарын да көрсөтүүдө. Айрыкча айыл жергесинде же алыскы аймактарда, ошондой эле аялуу топторго жетүүдө чечүүчү ролду ойнойт. Жогоруда айтылгандай, бул БУУнун жана кеңири эл аралык донорлордун коомчулуктун негизги өнөктөшү болуп эсептелет. Кыскасын айта турган болсок, бул мыйзам долбоору кабыл алынса, калктын жакшы жашоо үмүттөрүнө шек келтирилет. Ошондой эле бул коомдун эң аялуу катмарына чоң таасирин тийгизет».
Сунушталып жаткан мыйзам долбоору Башмыйзамга карама-каршы келет. Мындай пикирин юрист Ноокат Идирисов бүгүнкү парламенттик угуу учурунда билдирди.
«Башмыйзамдын 53-беренесинде абдан жакшы демократиялык принцип бекитилген: «ар бир жаран, уюм мыйзамдарда тыюу салынбаган ар кандай иш-аракетти жүргүзө алат» деген. Долбоордун авторлору бул мыйзамды экинчи жолу сунуштап жатышат. 2013-2016-жылдары алып чыгышкан. Кыргызстан — демократиялык мамлекет. Өлкөдө коммерциялык эмес уюмдар өкмөт менен биргеликте элдин жашоосун жакшыртууга аракеттениши керек».
Жогорку Кеңештин депутаты Динара Ашимованын баамында, сунушталган мыйзам долбоорунда саясий акт жок. Кийин мыйзам долбоору иштей баштаганда чоң чырга алып келиши ыктымал.
«Мен түшүнүп жатам, сиздер мамлекеттин коопсуздугун ойлоп жатасыздар, бирок сиздер сунуштап жаткан мыйзам долбоорунда саясий акт жок. Бул нерсе кийин ишке ашса, коомчулукта, сот ишинде чоң чыр-чатактар чыгышы мүмкүн. Ушул нерсеге көңүл бөлүшүңүздөрдү суранам. Андан кийинки эң чоң маселе — экологиянын бузулушу. Бул боюнча Париж келишими бар, анын курамында 68 өлкө бар. Сеулда алардын каржылай турган фонду бар. Ал фонд мамлекеттик, бейөкмөт уюмдар аркылуу экологияга акча бөлөт. Бир тыйын жок, биз климтатты кантип коргойбуз? Менин сунушум, социалдык мааниде каржыланып жаткан бейөкмөт уюмдарды чыгарып салуу керек».
Алдыда «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана «Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору кайрадан иштелип чыгып, Жогорку Кеңештин депутаттарынын кароосуна коюлат.
Белгилей кетсек, коомчулуктун сынына кабылган «чет өлкөлүк өкүл» мыйзам долбоорун ЖК депутаты Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин алардын айрымдары авторлуктан кайра баш тартышкан.