Биз менен байланышыңыз

Жол киренин кымбатташы: «15 сомду араң төлөп жатабыз»

Коом , Экономика | 17 Окт 2023 | 1231 | 0

Бишкек мэриясы коомдук транспортторго жол кирени бирдиктүү тариф менен бекитип, 20 сомго көтөрүүнү сунуштады. Мэриянын бул багыттагы токтомунун долбоору расмий сайтына жарыяланды. Анда айтылгандай, менчигинин түрүнө карабастан транспорттун бардык түрүнө: автобустарга, кичи автобустарга жана троллейбустарга бирдиктүү тариф белгилөө сунушталууда. Жол кире көтөрүлсө, муниципалдык жана жеке жүргүнчүлөрдү ташуучу ишканалардын экономикалык абалы жакшырып, курамды өз убагында кармап турууга жана жаңыртууга мүмкүн болот деген жүйө келтирилди. Жол акынын кымбатташына шаар тургундарынын ою кандай?  

Бишкекте жол акынын кымбатташы боюнча шаар тургундарынын оюн уктук. Көпчүлүгү каршы болсо, айрымдары туура деп эсептейт.

— Пенсия көтөргөнү менен жол кирени көтөрүп салган туура эмес. Бензин, дизелдин баасы көтөрүлгөн жок. Азыркы учурда 5 сом табуу да кыйын. Дароо 5 сомго көтөрүп койгон болбойт.

— Мен өзү шаардын четинде жашайм. Күндө жумушка эки каттам менен келем. Күн сайын 60 сомдон кетет. Эгер жол кире кымбаттаса, чөнтөгүмө оор келип калат экен.

— Коомдук транспортко баа жөндөн эле кымбаттаган жок да. Бензин кымбаттайт. Бир калыпта турбайт. Айдоочуларга да акча керек. Өзүн-өзү акташы керек го деп ойлойм.

— 20 сомго кымбатташына каршымын. Азыр 15 сомду араң төлөп жатабыз.

— Азыр бардык нерсе кымбаттоодо. Бензиндер да кымбаттап жатат. Кымбаттаганга жараша жол кире да көтөрүлүшү керек. Айдоочуларды да түшүнсө болот. Жол киренин көтөрүлүшүнө жакшы эле көз караштамын.

Мэрияга караштуу Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору Айдарбек Токонов коомдук транспортторго жол акысын 20 сомго чейин көтөрүү сунушталганын билдирди.

Ал чыгымдардын өсүшүнө байланыштуу коомдук транспорттор менен жүрүү үчүн учурдагы тарифтер керектүү көлөмдөгү каржылык ресурстарды камсыз кылбай, анын ичинде эксплуатациялык оңдоолорду, техникалык тейлөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүн болбой жатканын белгилейт.

Мындан сырткары шаар ичинде автобустар менен гана жүрүү акырындап жайылтыларын, ал эми маршруткалар калаанын сыртында элди ташый турганын айтты.

«Бишкекте түтүн маселеси дайыма көтөрүлүп келет. Түтүндүн капташына транспорттор да чоң таасир этет. Ушул багытта түтүндү азайтуу үчүн ушул автобустарды алып келип жатабыз. Бул дагы ыштын азайышына жардам берет. Себеби жаңы автобустар газ менен жүрөт. Ошондой эле мурдагыдай болуп автобустар акча жоктугунан туруп калбашы үчүн да көтөрүлүп жатат. Себеби мекеме өзүн-өзү каржылашы керек. Эгер коомдук талкууда кандайдыр бир сунуштар болсо, аларды эске алуу менен шаардык кеңешке киргизебиз».

Мындан тышкары Айдарбеков эми «Дордой» базарына да автобустар каттай баштаарын кабарлады.

«Ушул жума ичинде «Дордой» базарына бир автобус каттай баштайт. «Дордойго» үч багыт бар болчу 15 сомдон ташыган. Азырынча элди 11 сом менен ташып баштайт. Азыр ушул боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Эгер тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү эртең чогулса, бир автобусту ишке киргизебиз».

Бишкекте 20-августтан тарта коомдук транспорт накталай эмес төлөмгө өткөрүлгөн, бирок ага карабастан накталай төлөм жүргүзгөн айдоочулар аныкталууда.

Буга байланыштуу «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасы» муниципалдык ишканасы ыктыярчылар менен биргеликте коомдук транспорттордо айдоочуларды көзөмөлдөө жана шаар тургундарына накталай эмес төлөм боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Шаардык кеңештин депутаты Рыспай Аматов жол кирени электрондук төлөмгө өткөрүүнү жайылтуу максатында накталай эмес төлөгөндөргө 11 сомдон каларын белгиледи. Анын айтымында, накталай эмес төлөмгө өтүү коррупциялык элементтерди жоюуга жардам берет.

Ошондой эле ал токтом долбоору шаардык кеңештин кезектеги сессиясында дагы караларын кошумчалады.

«Электрондук төлөм коррупциялык элементтерди жок кылат. Жол кирени көтөрүү жаңы келген автобустардын чыгашаларын, жумушчулардын айлыгын акташы керек. Бул токтом долбоору атайын мыйзам чегинде мөөнөт бар, ошонун негизинде ишке ашат. Коомдун пикирин эске алуу менен Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында талкууланат».

Президент Садыр Жапаров 20-майда Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Шаньдун провинциясынын Цзинань шаарында автобус чыгаруучу заводго барган.

Буга чейин бул заводдон Бишкек үчүн газ кыймылдаткычтуу 120 автобус сатып алынган. Алар сыноодон ийгиликтүү өткөндүктөн, бул маркадагы автобустун дагы 1000 кошумча партиясын сатып алуу жана Бишкекке жеткирүү чечими чыккан.

Бүгүнкү күндө бул автобустардын 230у келди. Мэриянын маалыматына караганда, 500 автобус быйыл, калган 500ү кийинки жылы алып келинет.

Буга чейин Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев бул маселеге токтолуп, мэрияга жаңы автобустар экологияны сактоо, жол кирени көтөрбөө максатында алынып жатканын эске салган.

«Биз эмне үчүн миңдеген автобус сатып алып жатабыз? Сатып алууда эмне үчүн электрокыймылдаткыч, же болбосо газ менен жүргөн автобустарды алып жатабыз? Биринчиси, экологияны коргоо болсо, экинчиси, тариф кымбаттабасын деп сатып алуудабыз. Бүгүнкү күндө ушунча автобусту алып, эмне үчүн тарифти көтөрөбүз? Ал күйүүчү май менен дизелге караганда бир топ арзан. Ошондуктан алдырганбыз. Тарифти көтөрбөө керек. Эки эсе жогорулаганы туура эмес. 15 сомго көтөрсө болот».

Автобус жана троллейбустарда салмагы 40 килограммдан ашык же көлөмү 50×60×100 сантиметр болгон жүктөрдү ташуу үчүн да ушундай баа коюу сунушталды.

Жол кире кымбаттаса, электрондук жол билети да кымбаттайт. Стандарт билет айына 1,2 миң, мектеп окуучуларына арналганы 430 сом болот.

Муниципалдык коомдук транспортто пенсионерлер, майыптыгы барлар, жети жашка чейинки балдар, почточулар бекер жүрө алышат.

Copyright © 2017 Maral FM