Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абад: Окуучу мектептин терезесинен боюн таштаган окуянын чоо-жайы

Коом | 16 Окт 2023 | 1881 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Жалал-Абадда мугалим окуучудан телефонун алып койгону үчүн экинчи кабаттан боюн таштап, сол жамбашы сынган. Окуя 10-октябрда болгон. Милицияга 32 жаштагы келин арыз менен кайрылып, 11 жаштагы кызы телефонун мугалим алып койгондуктан мектептин экинчи кабатынан секирип кеткенин билдирген.

 Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын улук инспектору Шеркул Тургунбаев берген маалыматка караганда, шектелип жаткан мугалим боюн таштаган кыз менен чогуу бир канча окуучу сабакка кечигип киргенин, алардын да телефондорун алганын, артты карап, тактага жаза баштаганда, кыз боюн таштап жибергенин айтып берген.

Буга чейин аталган аймактагы мектептин соцпедагогдору кыз менен бир нече жолу баарлашкан. Алар окуучудан өзүнө кол салуу өңдүү кадамдарга бара турган аракеттерди байкаган эмес.

«Бул факты Жалал-Абад ШИИБдин маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, учурда териштирүү жүрүп жатат. Окуяга байланыштуу окуучу кыздын мугалими көрсөтмө берген. Анын айтымында, окуучу сабакка кечигип кирген, сабак учурунда телефонун алып коюп, доскага кайрылып жазып жатканда кыз экинчи кабаттан боюн таштап жиберген».

Жалал-Абад облустук балдар ооруканасынын директору Кыпчак Токторбаевдин берген маалыматы боюнча, учурда окуучунун абалы канааттандырарлык. Сол жамбашы сынып, мээси чайкалып калган. Ушул жумада операция жасалат.

«Мындан алты күн мурун балдар ооруканасына окуучу кыз түшкөн. Анын сол жамбашы сынып, мээси чайкалып калган. Абалы орто деңгээлде болчу. Азыркы тапта абалы жакшы, бардык дары-дармегин алып жатат. Ушул жуманын аягында сол жамбашына операция жасайбыз».

Балдардын, мектеп окуучуларынын телефонго берилип кеткени — көйгөйлүү маселелердин бири. Мындан кантип алыстатуу керек экенин адистерден сурап көрдүк.

Психолог Жакшылык Жыргалбековдун айтымында, балдардын бир нерсеге өтө берилүүсү, анын башкалар же жакындары менен көйгөйлүү мамилесинен улам келип чыгат.

Ошондой эле бала өзүн жалгыз сезип, өзүнө ишеними төмөн болгондо, ички боштукту ошол телефон аркылуу толтурушу мүмкүн.

«Кыз эмне үчүн мындай реакция кылды, алгач ошону билүү керек. Ошондо гана бир психологиялык бүтүм чыгарууга болот. Негизи, бала кайсыл учурда өзүнө кол саларын аныктоо оор. Бирок мектептеги соцпедагог, класс жетекчи, психологдор алдын алса болот эле. Баланы телефондон арылтуу үчүн таптакыр алып салган болбойт. Баланы кызыктыра турчу нерселерди таап, дос катары сүйлөшүү керек. Келишим түзүп, кайсы бир убакытта гана колдонууга макулдашуу керек. Көңүл буруу жок болгондо бала өзүн жалгыз сезип, өзүн кабыл алуусу, баалоосу төмөн болуп, өзүндө жок нерсени телефон аркылуу толтурушу мүмкүн. Мындай көйгөйдүн жаралышына ата-эне, мектеп да себепкер болушу мүмкүн».

Психолог Саадат Садабаеванын айтымында, мындай бир нерсеге ашыгы менен көнүп, берилип кетүү бала төрөлгөндө энеге берилүүсүнөн башталат. Эгер эне өзүнө көндүрбөсө, жетиштүү сүйүү бере албаса, бала аны башка жактан издеп кетиши ыктымал.

«Бала төрөлгөндө эле энеге көнүп, энеси менен гана байланышат. Эгер андай байланыш жүрбөсө, кошунасы, тууганы, айтор, ким чакырса деле көнүп ээрчип кете берет. Ал эми телефонду айта турган болсок, өзгөчө социалдык тармактарда жашоо аябай кооз, ал жактан балким өспүрүмгө жакшы нерселер убадаланган болушу мүмкүн. Анан берилип кеткен нерсени алып койгондо ар кандай эмоцияда болуп калышыбыз ыктымал».  

Ал эми Билим берүү жана илим министрлиги окуя иликтенип жатканына байланыштуу маалымат берилбей турганын билдирди.

Өлкөдө сабакта телефон колдонууга тыюу салган мыйзам жок. Былтыр Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов мектептерде сабак болуп жаткан учурда окуучуларга телефон колдонууга тыюу салууну сунуштаган мыйзам долбоорун демилгелеген.

Copyright © 2017 Maral FM