Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө картошка арзандап, дыйкандар банкрот болууда

Коом | 12 Окт 2023 | 1496 | 0

Ысык-Көлдө картошканын баасы 8-9 сомго түшүп, дыйкандар банкрот болуп жатышат. Калган аймактарда орточо эсеп менен 15-20 сомдон бааланууда. Өкмөттүн картошканы сырткы өлкөлөргө экспорттоо аракети ишке ашпай турат.

Каракол шаарынын тургуну Бекмурат Абдрахманов эки гектар жерге картошка айдаган. Учурда түшүмүн жыйнай элек. Ага кирешесинен чыгашасы көп болуп жатканын жүйө келтирет. «Суук түшүп кетсе, түшүмдөн кур каламбы?» деп кабатырланган дыйкан өкмөттөн жардам күтөрүн айтты.

«Азыр казып алалы десек, теримчилер кымбат сурап жатышат. Картошка тергени эле жан башына 2500-3000 сомдон. Жүктөгөнгө өзүнчө акча төлөнөт. Биз казгыча суук түшүп кетет окшойт. Казганда деле эч кандай пайда көрбөй, тескерисинче, чыгымга учурап жатабыз. Кээ бири унаасын сатып, айрымдары насыяга алып айдашкан. Аларга аябай эле кыйын болууда».

Ысык-Көл органика кооперативинин жетекчиси Сонун Жылтырованын айтымында, алардын уюмуна караган жыйырмадан ашык дыйкан бар. Асты 60, арты 40 тоннага чейин түшүм алышкан. Бүгүнкү күндө картошкасын алар киши жок, айласын таппай турушат.

«Картошканын баасы 8-9 сомдон болуп жатат. Аны да алган киши жок. 40-60 ашык тонна түшүм алгандар бар. Маселен, бир дыйкан үч жарым гектар жерге картошка айдаган. Аны казып алууга 200 миң сомдой акча коротту. Көп болгондуктан сактоочу кампаларга алып барса, орун жок. Эмне кыларын билбей жатат».

Айыл чарба министирлигинин стратегиялык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Тилек Мусаевдин берген маалыматы боюнча, Кыргызстанда картошкадан азык-түлүк жана башка өндүргөн ишкана бар. Бирок чакан болгондуктан, көп өлчөмдө ала албайт. Мындан улам министрлик учурда картошканы чет жерге чыгарып сатуунун камылгасын көрүп жатат.

«Учурда картошка сатууга эң ыңгайлуу мамлекет Өзбекстан болуп жатат. Алар башка мамлекеттерден жылда 300-500 тоннага чейин сатып алат экен. Учурда өкмөт аралык сүйлөшүүлөр керек болуп турат. Тиешелүү жерлерге кат жолдодук. Жооп алгандан кийин Өзбекстан, Азербайжан, Түркмөнстанга да экспорттоп калышыбыз ыктымал».

Айыл чарба илимдеринин кандидаты Качкынбай Кадыркулов дыйкандардын көйгөйүн чечүү үчүн мамлекет экпортту жана кайра иштетүүнү колго алышы, ошондой эле бажы, салык саясатын жөнгө салышы зарыл экенин айтып, мындай тажрыйба чет мамлекеттерде да колдонуларын белгиледи.

«Кайра иштетүүгө же башка мамлекетке сатууга да шарт болбой жатат. Картошка былтыр кымбат болгондуктан байкуш дыйкандар «быйыл да кымбат болот» деп ойлошту да. Бир градустан үч градуска чейинки температурада сактай турган атайын чоң кампалар керек. Сактап коюп, кайр иштетип, кургатылган крахмал өңдүү азыктарды жасаганда алар көпкө чейин сакталат. Ошондой эл өкмөт, бажы, салык саясаты жагынан дыйкандарга шарт түзүп берсе, мындай көйгөйлөр болбойт».

Ысык-Көл аймагынан башка жерлерде картошканын килограммы орточо эсепте 15-20 сомго бааланууда. Расмий маалыматтарга караганда, быйыл өлкө боюнча 1 млн 33 миң тонна картошка жыйналган. Бул 82%ы казылып бүттү дегенди билдирет.

Copyright © 2017 Maral FM