Биз менен байланышыңыз

MEGA сатылды. Эми эмне өзгөрөт?

Экономика | 12 Окт 2023 | 746 | 0

11-октябрдагы аукциондо «Альфа Телеком» компаниясынын акцияларын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы 14 млрд 800 млн сомго сатып алды. Мамлекеттик үлүштүн баштапкы баасы 14 млрд 600 млн сомду түзгөн, электрондук аукциондун кадамы 200 млн сом өлчөмүндө белгиленди. Буга чейин «Мегакомду» сатуу боюнча электрондук аукцион бир нече жолу кийинкиге жылган. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду муну аукционго катышууга арыз түшпөгөнү менен түшүндүргөн. Экономисттер аталган уюлдук операторду кайра эле мамлекеттик мекеме сатып алганын сындап, мамлекет башкарган ишкананын кирешеси төмөн болорун айтышат. Башкарууну алмаштыруу менен эмне өзгөрөт?

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду 4-июлда «Альфа-Телеком» (MEGA соода маркасы) компаниясынын 100 пайыз толук топтомун аукционго койгон. Мамлекеттик ишкананын акциясынын баштапкы суммасы 14 миллиард 600 миллион сомго бааланган.

Учурда компания сатылып, коомдун көңүл чордонундагы маселе болууда.

Экономист Элдар Абакиров аталган компанияны жеке жактардын иштетүүсүн туура көрөт. Анын айтымында, буга чейин ишкана рыноктун 60-70 пайызын ээлеп турган. Мамлекетке өткөндөн бери 3/1 бөлүгүн гана ээлеп, кирешеси да азайып кеткен.

«Эми бул жерде мамлекет бир чөнтөгүнөн экинчи чөнтөгүнө эле салып койгондой болду. Эч нерсе деле өзгөргөн жок. Болгону өнүктүрүү банктын кандайдыр бир капиталын көбөйтүү максаты болушу мүмкүн. Буга чейин ишкананын кирешеси толугу менен бюджетке түшчү. Эми өнүктүрүү банкына карагандан кийин «Киреше каякка түшөт?» деген суроо бар да. Мүмкүн ошонун кирешесин булар өнүктүрүү банктын кызматкерлеринин айлыгына жумшайттыр. Башка чыгашаларына жумшайбы? Колдон келсе мындай ишканаларды жеке жактарга берүү керек. Жеке жактарга конкурс аркылуу сатууну туура деп эсептейм. Киреше жагын алсак, мурункудай ири көлөмдөгү киреше түшпөй калган».

Экономист Төлөнбек Абдыров бир канча жылдан бери мамлекеттин карамагында турганда ишкана базасын чыңдай албаганын, заманбап жаңы ыкмаларды киргизбегенин белгиледи.

Ал ошол эле учурда мамлекеттик өнүктүрүү банкындагы бизнести түшүнгөн кесипкөй адистер компаниянын ишин алдыга жылдырууга түрткү болот деген ойдо.

«Кыргызстанда терс тажрыйбалар көп болуп жатат. Мамлекеттин колуна өткөндөн кийин натыйжалуу башкара албай жатканын көрүп келебиз. Чындыгында, мамлекеттин колунда турганда жакшы жыйынтык көрсөткөн ишкананы көрө элекпиз. Чыгымдары көбөйүп, мамлекет үчүн оор жүк катары болуп калды да. Ошондуктан сатыкка чыкты. Өзүңөр байкадыңар, тизилип, кезекке туруп, сатып алам дегендер болгон жок».

Ал эми дагы бир экономист Искендер Шаршеевдин айтымында, өнүктүрүү банкына бир катар инвесторлор мүчө, эми ишканын кандайдыр бир бөлүгү жеке ишкерлерге өтүшүнө мүмкүнчүлүк пайда болду.

«Мамлекеттик мекемелерде бир гана кожоюн бар. Ал — Кыргыз Республикасы. Өнүктүрүү банкынын алкагында инвесторлор, чет элдик фонддор, эл аралык уюмдар бар. Алар банкка канча салым кошсо, ошончо үлүшү бар. Бул аябай татаал процесс. Бул бөлүнгөн приватизация болуп калды. Ошон үчүн жеке ишкерлердин карамагына кандайдыр бир бөлүгү өтүшүнө кандайдыр бир мүмкүнчүлүк пайда болуп калды».

Буга чейин президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев социалдык тармактагы баракчасына MEGA компаниясы жеке колго же чет өлкөлүк компанияларга өтпөй турганын жазган.

MEGA компаниясы — Кыргызстандагы эң ири мобилдик байланыш оператору. Анын уюлдук байланыш түйүнү 2006-жылы 28-апрелде MegaCom деген ат менен ишке кирген. Бүгүнкү күндө ишкана 100% мамлекетке карайт.

Учурда өлкө капчыгында компаниянын 8,7 миллион даана акциясы бар. Ал 2G, 3G жана 4G стандарттарында уюлдук мобилдик радиотелефон байланышын жана маалыматтарды берүү, ошондой эле телекоммуникациялык тармактарды, системаларды жана түзүлүштөрдү долбоорлоо, куруу, монтаждоо жана фискалдык маалыматтар оператору боюнча кызматтарды көрсөтөт.

Copyright © 2017 Maral FM