Биз менен байланышыңыз

Нанды кымбат саткандарга айып салынат

Коом , Экономика | 10 Окт 2023 | 776 | 0

Кыргызстанда нандын баасына 90 күндүк мамлекеттик көзөмөл киргизилди. Бул чечим «Баа түзүү жөнүндө» мыйзамга ылайык кабыл алынганын Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирди. 

Бөлкө нанга жана тандыр нандын бир килограммына жараша дүң жана чекене баасы чыгарылды. Бааларды бекитүүдө нан чыгарган ишкерлердин да кызыкчылыгы корголгону айтылды. Буга чейин нандын кымбатташы Жогорку Кеңеште да көтөрүлүп, тиешелүү кызматтардын чара көрүүсү талап кылынган. Нанга болгон баа канчадан башталат жана жогорку баа кандай?

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары Жээналы Орозбаев бөлкө нанга жана тандыр нандын баасына чектөө киргизилгенин айтты. Өлкө аймагында нан ар кандай көлөмдө жасалгандыктан ар кайсы аймакта баалар ар түрдүү болот.

«Бизде азыр нандын эки түрүнө мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди: биринчи сорттогу ундан жасалган бөлкө нанга, мындан тышкары тандыр нанга. Ал жерде негизинен сорту көрсөтүлгөн эмес. Ал эми дүңүнөн саткан боюнча бөлкө нан Бишкекте 52 сом 50 тыйынды түзүп жатат. Бул 1 килограммына болгон максималдуу баа. Анан граммына жараша баалар аныкталат. Ал эми ушул бөлкө нан калган бардык облуста бирдей коюлду. Ош шаарында 1 килограммы 56 сом 50 тыйынды түздү. Ошол эле мезгилде бөлкө нанга болгон чекене баа Бишкек шаарында 62 сом 50 тыйын болуп жатат. Ал эми калган аймактарда 1 кг бөлкө нандын баасы 65 сомдон коюлду. Тандыр нан эң кымбат учурда Ысык-Көл облусу менен Баткен облусу болуп жатат. Себеби, логистикасы, ташып жеткирүүсү бар, ошондой эле көбүнчө Казакстандын унунан жасашат».

Тандыр нанга болгон баа төмөнкүдөй бекитилди:

— Бишкек шаары
дүңүнөн 89 сом, чекене 100 сом

— Чүй облусу
дүңүнөн 92 сом, чекене 101 сом

— Ош шаары

дүңүнөн 89 сом, чекене 100 сом

— Талас облусу
дүңүнөн 89 сом, чекене 100 сом

— Нарын облусу

дүңүнөн 92 сом, чекене 101 сом

— Ысык-Көл облусу
дүңүнөн 99 сом, чекене 116 сом

— Ош облусу

дүңүнөн 89 сом, чекене 100 сом

— Жалал-Абад облусу
дүңүнөн 92 сом, чекене 101 сом

— Баткен облусу:
дүңүнөн 99 сом, чекене 116 сом

Ошондой эле Жээналы Орозбаев жогоруда көрсөтүлгөн баалар алгач нан жапкандар менен сүйлөшүлүп, алардын да кызыкчылыгы эске алынганын айтты.

«Биз тандырчылар менен да сүйлөшүп жатабыз. Сатып алган элди да карашыбыз керек, анан нан жапкандарды да карашыбыз керек. Бул бааны асмандан алган жокпуз. Алардын нанга кете турган чыгымдарынын баары эсептелип чыкты. Жөн жерден эле чыгарган жокпуз. Болгону алардын каалаганча үстүнө 10-5 сомдон кошуп сатканына мүмкүнчүлүк бербей, 10 пайыздан кем эмес киреше алууга мүмкүнчүлүк түзүп, анан ушул баалар коюлуп жатат».

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жөнгө салынуучу бөлүмүнүн башчысы Санжарбек Кокошеров буйрукту бузуп, нанды көрсөтүлгөн баадан кымбат саткандар Укук бузуулар кодексине ылайык эскертүү аларын, эгер бузуу кайталанса, айып пулга жыгыларын билдирди.

«Бүгүн максималдуу бааны белгилөө боюнча аймактык бөлүмдөр тарабынан буйруктар кабыл алынды. Ошондой эле жалпыга малымдоо каражаттары аркылуу да бул маалыматтар таркатылат. Мындан сырткары ар бир тандырга нан жапкандар тааныштырылат. Эгерде биз коюп берген баадан ашса, жазма эскертүү берилет. Аны аткарбай, дагы кайталанса, анда административдик айып салуу каралган. Юридикалык жактарга 13 миң сом, жеке жактарга 3000 сом».

Өткөн айда Жогорку Кеңеште бир катар депутаттар нандын кымбатташы тууралуу маселе көтөрүп, тиешелүү органдарды чара көрүүгө чакырган. Анда Монополияны жөнгө салуу кызматынын өкүлү жагдайды коңшу мамлекеттен келген ундун көлөмү азайганы жана кымбаттаганы менен түшүндүргөн.

Март айында Улуттук статистика комитети 2017-2022-жылдар аралыгында дан азыктарынын баасы 51,1% кымбаттаганын билдирген.

Кыргызстан буудайды негизинен Казакстан менен Орусиядан алып келет. Мурда эки өлкөнүн буудай импортундагы үлүшү дээрлик теңме-тең болуп, Орусиядан 55%, Казакстандан 45% келчү. 2022-жылы бул көрсөткүч кескин өзгөрүп, Орусия 97%, Казакстан 3% үлүшкө ээ болгон.

Copyright © 2017 Maral FM