Биз менен байланышыңыз

Азия оюндарынан байге алган спортчулар өлкөгө кайтып келишти

Спорт | 9 Окт 2023 | 998 | 0

Кытайдын Ханчжоу шаарында өткөн XIX жайкы Азия оюндары жыйынтыкталып, бүгүн, 9-октябрда спортчулар өлкөгө кайтып келишти. Медалдык эсепте Кыргызстандын командасы 18-орунду ээледи. Биздин өлкө спорттун 23 түрүнөн 162 спортчуну жөнөткөн. Ийгилик жараткан спортчуларды аэропортто жакындары жана өкмөт өкүлдөрү тосуп алды.

Спорчулар Кыргызстандын капчыгына 15 медаль: төрт алтын, эки күмүш жана тогуз коло салып беришти. Азия оюндарында алтын медаль алган Айпери Медет кызы жараатынан улам күрөшүү оор болгонун айтты.

«Жараатым жеңил эмес болчу, күрөшүү оор болду. Бирок ага карабастан алтын алып, кубанып турган учурум. 2018-жылы коло байгеге ээ болгом».

Грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудов жакында эле өткөн Дүйнө чемпионатында да алтын медаль алган. Удаа өткөн эки оюнда тең биринчи болгон балбан элдин колдоосу дем берип, машыктыруучулардын жакшы даярдыгынын негизинде ийгилик жаралды деген ойдо.

«Негизи алдын ала кандай болорун билгенбиз. Ошого жараша агайлар менен план түзүп машыктык. Ар бир каршылашыбыздан сабак алып, күрөшүүгө аракет кылдык. Ошондон улам оор болгон жок. Элдин колдоосу биздин жеңишибизге чоң дем-күч берди, ыраазычылык билдирем».

Дүйнөнүн үч жолку, Азиянын беш жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова Кытайга баргандан тарта төрт күн тамак ичпегендиктен, коло алып калганын айтат.

«Туура эмес эч нерсе болгон жок. Болгону Кытай мамалекетине баргандан тарта, жүрөгүм айланып, тамак иче албай жаттым. Төрт күн тамак ичпей, алсыз чыгып калдым. Бирок капа деле эмесмин. Себеби биздин максат Дүйнө чемпионаты болчу, менин оюмча, биз 100% максатыбызды аткардык».

23-сентябрда башталып, 8-октябрда жыйынтыкталган Азия оюндарына жалпы 45 мамлекеттен 12 миң 500 спортчу катышып, спорттун 40 түрүнөн күч сынашты.

Жалпы командалык эсеп боюнча биринчи орунду 383 медаль (201 алтын, 111 күмүш, 71 коло) алган Кытай, экинчи орунду 188 медаль (52 алтын, 67 күмүш, 69 коло) алган Жапония, үчүнчү орунду 190 медаль (42 алтын, 59 күмүш, 89 коло) алган Түштүк Корея мамлекеттери ээледи.

Жайкы Азия оюндарынан төмөнкү спортчулар байгелүү кайтышты:

Алтын медаль

Эрлан Шеров (дзюдо)

Акжол Махмудов (грек-рим күрөшү)

Жоламан Шаршенбеков (грек-рим күрөшү)

Айпери Медет кызы (кыз-келиндер күрөшү)

Күмүш медаль

Нурзат Нуртаева (кыз-келиндер күрөшү)

Адилет Шадыканов (карате)

Коло медаль

Раззак Бейшекеев (грек-рим күрөшү)

Авазбек Аманбеков (ушу-саньда)

Темирлан Аманкулов (ушу-саньда)

Назим Нурланов (карате)

Кымбат Тойтонова (карате)

Айсулуу Тыныбекова (кыз-келиндер күрөшү)

Сардана Трофимова (марафон)

Орозобек Токтомамбетов (эркин күрөш)

Аяал Лазарев (эркин күрөш)

Азия оюндары — Азия олимпиадалык кеңешинин көзөмөлү астында төрт жылда бир өтө турган ири спорттук мелдеш. 2018-жылы Индонезияда болгон мелдештин жыйынтыгында 2022-жылдагы Азия оюндарын Кытайда өткөрүү чечим кабыл алынган. Коронавирус пандемиясынан улам Кытай мамлекети оюндарды 2023-жылга жылдырган. Кийинки Азия оюндары 2026-жылы Жапониянын Нагоя шаарында өтөрү кабарланды.

Copyright © 2017 Maral FM