Биз менен байланышыңыз

Чек арадагы кезектеги тыгын, майнап чыкпаган сүйлөшүүлөр

Коом , Экономика | 9 Окт 2023 | 577 | 0

Кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаалардын узун кезеги суюла элек. Аталган маселе бүгүн, 9-октябрда парламенттин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинде көтөрүлдү. Эл өкүлдөрү бул маселе боюнча эки өлкөнүн тиешелүү кызматтары бир нече жолу жолугушканын, бирок эч кандай жыйынтык болбой жатканын сындашты. 

Экономика министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов чек арадагы өткөрмө бекеттеринде пайда болгон тыгын сезондук гана экенин айтып, буга экспорттун көлөмү көбөйгөнүн жүйө келтирди.

Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов тармактык комитеттин жыйынында кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекеттеринде кезек күтүп турган жүк ташуучу унаалардын видеосун көрсөттү.

Депутат бүгүн «Ак-Тилек- автожол» өткөрмө бекетинде 200дөн, «Кең-Булуң-автожол» бекетинде 100дөн ашуун унаа тыгында турганын айтты. Айрым айдоочулар үч күндөн бери кезек күтүп турушат.

Улукбек Ормонов буга чейин казак тарап менен бир нече жолу сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөнүнө карабай, дагы деле маселе жаралып жатканын сындады.

«Сентябрдын аягында 500гө жакын унаа турган. Силер кайсы критерий менен, кандай эсеп менен, баары жакшы деп жооп берип жатасыңар? Казак тарап менен эки жолу сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Баары натыйжасыз. Биздин министр Кожошовду Казакстан киргизбей койгон. Анан эмнени айтып жатасыңар? Катыңарда «өткөрмөдө сүйлөшүлдү, маселе чечилди» деп жазылып турат. Болгонун болгондой жазгыла да. Колдон келбей жатса, «сүйлөшө албай жатабыз, кошуналар бизди укпай жатат, эмне кыларыбызды билбейбиз» деп айткыла да, парламент кийлигишип, Казакстандын парламентине кайрылалы. Мындай болбойт да, чек арадан айдоочулар өтө албай үч күндөн бери турушат».

Экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов чек арадагы тыгын экспорт көбөйгөнүнө байланыштуу экендигин жүйө келтирди.

«Бүгүнкү күндө экспорттун көлөмү өскөндүгүнө байланыштуу, чек арадагы өткөрмө бекеттерде 300гө чейин унаа тыгыны болуп жатат. Мындан тышкары казак тарап «атайын операция өткөрүп жатабыз» деп, жолун тосуп салышкан. Бирок бизге кандай операция жүрүп жатканын айтышкан эмес. Сентябрь айында кырдаал өзгөрдү. Казак тарап кайрадан унааларды өткөрө баштады. Бирок бүгүнкү күндө кайрадан тыгындар болуп жатат. Бул тыгындарды биз экспорттук көлөмдүн өсүшүнө байланыштырып жатабыз»

Эл өкүлдөрү чек арадан ар бир унааны өткөрүүдө канча убакыт каралганын сурашты. Чек ара кызматынын директорунун орун басарынын милдетин аткаруучу Нурланбек Жалбиев бүгүн-эртең тыгын азаят деген ишенич бар экенин белгиледи. Себеби үч-төрт күн мурда унаалардын саны 460ка чыгып кеткен, мындай абал 28-сентябрдан тарта түзүлө баштаган.

Жалбиевдин айтымында, казак тараптан эч кандай чектөө жок, өткөрмө бекет штаттык режимде иштеп жатат.

«Мониторинг жүргүзгөндө казак тараптан эч кандай чектөө жок экени аныкталды, саатына 13-14 машина өткөрүп жатышат. Бул биз тарапка өткөрүп жаткан ылдамдык менен бирдей, керек болсо, андан да ашык. Эки күн мурда аларда инспекциялык-текшерүү комплекси бир аз иштен чыгып калып, токтотуу болгон. Ошондо да алар кошумча күч тартып, өткөрүүнү камсыздап беришкен. Сезондук көрүнүш да болуп жатат».

Жогоку Кеңештин дагы бир депутаты Шайлообек Атазов мамлекеттик кызматкерлердин чек арага тиешелүү көйгөй жаралып жаткан жерге барып, айдоочулар менен сүйлөшүп, абалды жакындан көрбөгөнүн сындады.

«Эми «мониторинг» дегени — жомок деген сөз. Силер мониторингди эмне кыласыңар? Кагаз жүзүндө депутаттардын башын айландырганды токтотушуңуздар керек, урматтуу өкмөттүн мүчөлөрү. Бул жерде чек ара кызматынын башчысы, экономика жана коммерция министри өздөрү болушу керек болчу. Ошондо ушул айдоочулардын кезекте турганы чечилет. Вице-премьерлер, министрлер мыйзамды бузса, аткарбаса, элге кыянатчылык кылса, унаалар үч күндөп жолдо турса, эки тараптуу мамилени чыңдай албаган шалаакы өзүнүн ишин билбеген министрлерге биз ишенбөөчүлүк көрсөткөндөн кийин аягына чейин туруу керек. Ошол жерде күнү-түнү кезекте туруп, мөмө-жемиши чирип, балдарын сагынган кезек күткөн айдоочулардын убалы силерге тиет. Бүгүн болбосо, кыяматта тиет. Ушул жерде жалганды айтып, баары жакшы деп жатасыңар. Бир жакшы комиссия түзүп, Казакстандын өкмөт башчысына барып, жогорку деңгээде сүйлөшкөн министриңер жок».

Август айынын соңунда, сентябрь айынын башында чек арадагы «Ак-Тилек» постунда жүк ташыган унаалар Казакстан тарапка өтө албай, туруп калышкан. Кыргызстан бул боюнча Казакстанды «ЕАЭБ принциптерин сактабай жатат» деп айыптаган.

Казакстан айыптоолорду четке кагып, мыйзамсыз жүк ташууларга каршы иштер жүрүп жатканын билдирген.

Кыргызстандан Казакстан аркылуу Орусия жана башка өлкөлөргө көбүнчө күндөлүк керектелүүчү азыктар ташылат.

Copyright © 2017 Maral FM