Биз менен байланышыңыз

«Кримчөйрө мамлекеттин өнүгүшүнө залакасын тийгизүүдө»

Коом , Саясат | 5 Окт 2023 | 748 | 0

Уюшкан кылмыштуу топтун «анабашы» делген Камчы Көлбаев тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирүү жасап, кримдүйнө менен күрөш мындан ары да күчөтүлөрүн айтты. Коомдук коопсуздук жаатындагы эксперттер бул аракетти туура деп баалоодо. Алардын айтымында, Кыргызстанда кримчөйрө шайлоолорго чейин таасир берип, экономикалык кылмыштуулук жактан алганда көмүскө империя түзүп алышкан. 

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 5-октябрда кримдүйнөнүн өкүлдөрүнө кайрылып, мамлекеттин мыйзамына баш ийбегендер катуу жазаланарын эскертти. Ал буга чейин кримтөбөл Камчыбек Көлбаевге бир нече жолу эскертүү бергенин айтты.

«Канча жолу жеке өзүм Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы катары эскерткем. Канча жолу айттым, «мыйзам бузгандар мыйзам алдында жазаланат» деп. Ошого карабастан, мына кечээки эле болгон окуяда кримтөбөл башын көтөрүп, Улутттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жүргүзүп жаткан атайын операцияларына каршы чыгып, биздин кызматкерлерге ок атып, кол көтөргөнүн өзүңүздөр жакшы билесиздер. Ошол себептен бүгүнкү күндө мамлекетибизди ушул убакка чейин ар түрдүү маселелер менен кармап жүргөн «мыйзамдагы ууру» жок кылынды. Мындан ары да ошондой болот. Мен ушул жерде расмий түрдө, кечээки кримтөбөлдүн тегерегиндеги ар бир адамга айтып коёюн: эгерде кимдир бирөө кайсы бир маселе боюнча мыйзам бузуу аракетин жасаса, кимдир бирөө мыйзамды бузуу аракетинин негизинде кандайдыр бир нерселерге аракет кыла турган болсо, мыйзам чегинде жазасын алат. Өтө катуу жазасын алат! Бир криминал башын көтөрө турган болсо, башын кыя чабабыз! Муну мен ачык айтып коёюн». 

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Өмүрбек Суваналиев «мыйзамдагы ууру» делген Камчы Көлбаевдин эл арасында кантип, кандай жүргөнү, уюшкан кылмыштуу топтун анабашы болгону баарына маалым экенин белгиледи.

Суваналиев ал кармоо учурунда УКМКнын кызматкерлерине каршылык көрсөткөнү үчүн атылганын кошумчалап, мунун эмнеден кабар берерин айтты.

«Атайын кызматка каршылык көрсөткөндүгүнүн бирден-бир себеби. Булар өлкө ичинде чоң империя түзүп алган. Негизи Кыргызстанда уюшкан кылмыштуулук 2005-жылдан бери эле саясатка аралашып жүргөнү — факт. Ошол эле ыраматылык Рысбек Акматбаев депутаттыкка барам деп, чоң саясатка аралашкан. Алардан бата алып жүргөн. Кийин Көлбаев деле уюшкан кылмыштуулуктун башына келгенде саясатка аралашып жүрдү. Анткени ал ким менен дос болуп, кимдерден тоюна барып жүргөнүн эл көрүп жатпайбы. Ошол эле депутаттардын көбү Көлбаевге көз каранды болуп, ага чейин барып, бата алып жүргөнүн деле жакшы билебиз. Бүгүнкү күндөгү эң таасирлүү, абройлуу кылмышкер Көлбаев болчу. Анан Көлбаев Кыргызстан боюнча уюшкан кылмыштуу топтордун баарынын башын бириктирип, бүт жакка таасирин тийгизген».

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, милициянын ардагери Туратбек Мадылбеков акыркы убакта өлкөдө уюшкан кылмыштуу топтор күч алганын айтат.

«Бизде мурдагыга караганда уюшкан кылмыштуу топ күчөп калган. Себеп дегенде акыркы кездерде бийлик алмашкан сайын уюшкан кылмыштуу топ аларга кызмат кылып, өздөрүнүн иштерин жасап, ишкерлердин, жарандардын бизнесин, мүлкүн тартып алган учурлары, «доля» төлөтүп турган мезгилдери болгон. Акыркы кезде алардын түзүмдөрү да пайда болгон. Мурда абактарда, колонияларда эле болсо, кийинчерээк ар бир облуста, ар бир райондо өкүлдөрү, лидерлери пайда боло баштады. Керек болсо, алар башка мамлекеттер менен да байланышып, кызматташып турган. Бул өлкө экономикасынын өнүгүшүнө терс таасирин тийгизет. Анткени чет өлкөдөн Кыргызстанга келген ишкерлердин экономикага салым кошушуна уюшкан кылмыштуу топтор залакасын тийгизип келген».

Ошондой эле Туратбек Мадылбеков уюшкан кылмыштуу топ менен күрөштү баштагандан кийин аягына чыгаруу керектигин, өлкөдөгү кримчөйрөнү жок кылуу үчүн тергөөчүлөр мыйзамдын негизинде далилдерди топтоп, соттун чечими менен кармашы керектигин, мыйзам алдында жеңилдиктерди бербеши керектигин кошумчалады.

Кыргызстан эгемендик алгандан баштап, уюшкан кылмыштуу топтор көбөйгөнүн, алар уюшулуп жаткан мезгилде күч органдарынын күрөшүүгө даярдыктары анча болбогонун Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбек айтты.

Артур Медетбек учурунда уюшкан кылмыштуу топтун анабашчылары менен чиновниктер чырмалашып кеткенин кошумчалап, буларга токтолду:

«Уюшкан кылмыштуу топтун анабашчылары ар кимди тоногондон тышкары чиновниктер менен чырмалышып отуруп, мыйзамсыз байышкан. Аны менен катар өздөрүнүн адамдарын бийликке алып келип, айрым учурда депутат кылып, жергиликтүү бийликке чейин аралашып, прокуратура, укук коргоо органдарынын айрым кызматкерлери менен аябай чырмалышып, байланышып кеткен учурлар акыркы кезде көбөйүп кеткен. Уюшкан кылмыштуулукка каршы жана башка мыйзамсыздыкка каршы акыркы бир жылдын ичинде күрөш жакшы эле жүрүп жатат. Көрүп жатабыз, мүчөлөрүн, лидерлерин кармап жатканын. Алар акыркы учурда аябай эле кутуруп кетишкен болчу. Көпчүлүктүн ишканасын тартып алды, кээ бир адамдарды сабап, тоноп жатты. Айрым учурда буюртма менен өлтүрүп кетип жатышты, дагы деле кээ биринин бети ачыла элек».

Артур Медетбеков криминалдык чөйрөнүн саясатка тийгизген таасири чоң экенин да кошумчалап, алар көбүнчө шайлоолордо өз күчтөрүн колдонуп келишкенин айтты.

«Каралардын» мамлекетке таасири чон деңгээлде экенин буга чейинки шайлоолор көрсөтүп койду. Аскар Акаевдин учурунан бери эле, мына жакында болгон жетинчи жолку шайлоодо да уюшкан кылмыштуу топтун түздөн-түз таасири, тиешеси болду. Ошол «каралардын» таасири менен Жогорку Кеңешке депутат болгондор, манипуляциялык жол менен жетекчилик кызматка чейин келип калгандар бар. Ошондуктан «каралардын» бүгүнкү күндөгү таасири  орчундуу орунду ээлеп калган. Булар акыркы убакта мамлекеттин конституциялык түзүлүшүнө өздөрүнүн таасирин тийгизе баштаган».

Кримтөбөл атыккан Камчы Көлбаев 2020-жылы 21-октябрда УКМК тарабынан Бишкек шаарында кармалган. Ал «Уюшкан кылмыштуу топту түзүү» беренеси боюнча айыпталган. Көлбаев 2-ноябрь күнү ден соолугуна байланыштуу №47 абакка которулган. Март айында чет жакка кетпөө тил катынын негизинде абактан бошотулган.

Copyright © 2017 Maral FM