Биз менен байланышыңыз

Көмүр Балыкчыда 4500 сомдон, Баткенде 12000 сомго чейин сатылууда

Коом , Экономика | 5 Окт 2023 | 560 | 0

Кечээ, 4-октябрь Жогорку Кеңештин жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев Бишкекте көмүр 4500-5000 сомдон сатылып жатканын билдирген. Мунун чын-бышыгын тактап көрүү максатында Бишкектеги көмүр саткан кампаларды кыдырып, андан тышкары телефон аркылуу аймактардан маалымат алдык.

«Дордой» базарынын сыртындагы айлампа жолдун жээгинде иштеген сатуучу Эркинбек Курманалиев көмүрдүн баасы 5800 сомдон өйдө болуп жатканын билдирди. Аны менен катар, быйыл былтыркыдан тартыш экенин айтты.

«Биз бөлбөй эле 5800 сомдон сатып жатабыз. Өкмөттүн 3500 сомдук көмүрүн көрө элекпиз. Кара-Кечеден келген көмүр жетпей жатпайбы. Азыр досум түшүрүп кеткен көмүр турат, башка жок». 

Отун алууга келген Бишкек шаарынын тургуну Ниязбек Аблакишов быйыл көмүр кымбат экенине нааразы. Пенсиясын ашырып, топтогон акчасы жетпей, чөнтөгүнө чактап алып жатканын баяндады.

«Жылда үч тонна көмүр алчу элем, быйыл кымбат экен, 2,5 тонна алайын деп жатам. Баасы 6 миң сом деп жатышат. Пенсиям 9200 сом. Карапайым эл үчүн бул баа деле кымбат болуп жатат. Айла жок алабыз, бир аздан жок болуп калса, эмне кылабыз?»

Алып сатар Нурзат Сатыбекова көмүргө келген кардарлары баасына нааразы болуп жатышканын белгилейт.

«Мен 5500 сомдон алып, кайра 6000 сомдон сатам. Баасына нааразы болуп, көбү эле түшүргөнгө аракет кылышат. Өз баасына чейин эле түшөбүз. Биз да жан багышыбыз керек да».

Бишкек шаарынын тургуну Турусбек Усаров быйыл көмүр баасы мурдагы жылдарга салыштырмалуу кымбат болуп жатканын айтты.

«Алты миңден болсо деле айла жок алып жатам. Жыл сайын ушул жерден алам. Быйыл башка жылдарга салыштырмалуу аябай эле кымбат. Былтыр Президенттин көмүрүнө кезекке туруп, 3500 сомдон алганбыз, мындай 5000 сомго чейин болгон. Баалар ар башка. Эленбеген көмүр 6000 сом, чоңу 7000 сомго чейин сатылып жатат. Баары кымбат болуп жатканда, ушул көмүр арзан болсо жакшы болмок».

Бишкек шаарындагы көмүр саткан кампалар 5800 сомдон 7500 сомго чейин сатып жатканына күбө болдук. Албетте, баадагы мындай айырма сортуна, майда-чоңуна жараша экени баарына белгилүү болсо керек.

Ал эми аймактарда көмүр канча сомдон сатылууда?

Ысык-Көл облусу

Жергиликтүү көмүр Балыкчы шаарында — 3665 сомдон 4500 сомго чейин, Каракол шаарында — 6800 сомдон 7000 сомго чейин. Тышкы өлкөлөрдөн кирген көмүр Балыкчыда — 6200 сомдон 6400 сомго чейин, Караколдо — 8200 сомдон 8500 сомго чейин.

Жалал-Абад облусу

Жалал-Абад шаардык мэриясы берген маалыматка караганда, «Маркай», «Көк-Жаңгак» көмүрлөрү тоннасына 1700 сомдон 7000 сомго чейин сатылууда.

Баткен облусу

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү берген маалыматка таянып айтсак, көмүр сортуна жараша баалангандыктан, облуста ар кандай наркта сатылып жатат. Сүлүктү, Кызыл-Кыя шаарларында 6500 сомдон 12000 сомго чейин, башка аймактарда 5500 сомдон 9000 миң сомго чейин болууда.

Нарын облусу

Облус жетекчилиги «Кара-Кечеден» 1700 сомдон алынып, аймактарда 4200 сомдон 5000 миң сомго чейин сатылып жатканын маалымдады.

Талас облусу

Президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн экономика жана аймакты өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Казакстандын көмүрү 8600 сомдон, Кыргызстандын көмүрү 5600 сомго чейин сатылып жатканын айтты.

Ош облусу

Ош облусунун жетекчилиги көмүр элге 8000-8500 сомдон, мамлекеттик мекемелерге 3000-3500 сомдон сатылып жатканын кабарлады.

Copyright © 2017 Maral FM