Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда пенсия жогорулайт

Кыска кабар | 1 Окт 2023 | 1958 | 0

Президент Садыр Жапаров «2023-жылдын 1-октябрынан тарта пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо жөнүндө» Жарлыкка кол койгон.

Башкача айтканда, октябрдан тарта пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү бир аз жогорулайт.

Жарлыкка ылайык, 30 миң сомго чейин пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 38%, бирок 500 сомдон кем эмес өлчөмүндө көбөйөт. Мындай пенсиялардын орточо өлчөмү жогорулагандан кийин 9354 сомду түзөт, бул пенсиянын азыркы өлчөмүнөн орточо 1692 сомго көп.

Жогорулатуунун так суммасы ар бир жарандын пенсиясынын камсыздандыруу бөлүгүнүн өлчөмүнө жараша болот. Бул жогорулатуу инфляциянын деңгээлинен эки эсе жогору.

Эгер пенсияны жогорулатууга Социалдык фонддун каражаттарынан ушул жылдын 3 айына 3,9 млрд сом каралса, 2024-жылы бул сумма кошумча 16,2 млрд сомду түзөт. Ошону менен бирге, пенсия республикалык бюджеттин катышуусуз толугу менен Социалдык фонддун каражаттарынын эсебинен жогорулатылат.

30 миң сомдон ашкан пенсияларды жогорулатуу маселеси азыркы кезде каралууда, ошол себептен кошумча керектөөлөрдүн тийиштүү эсептери жүргүзүлүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM