Биз менен байланышыңыз

«Мега» уюлдук компаниясын сатуу аукциону 11-октябрга жылдырылды

Кыска кабар | 30 Сен 2023 | 226 | 0

«Альфа-Телеком» (MEGA соода маркасы) компаниясын сатуу боюнча аукцион 11-октябрга жылдырылды. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлк фонду расмий сайтына жарыялады.

«Мега» мамлекеттик компаниясынын 100% акциясын сатуу боюнча электрондук акцион 2-октябрда өтмөк. Бирок 29-сентябрга карата акционго катышууга арыз түшкөн эмес. Компанияны сатуу боюнча түзүлгөн мекемелер аралык комиссиянын чечими менен аукцион 11-октябрга жылдырылган.

Компаниянын 8,7 миллион даана акциясы мамлекетке таандык. Ал 2G, 3G жана 4G стандарттарында уюлдук мобилдик радиотелефон байланышын жана маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтөт, ошондой эле телекоммуникациялык тармактарды, системаларды жана түзүлүштөрдү долбоорлоо, куруу, монтаждоо жана фискалдык маалыматтар оператору боюнча кызматтарды көрсөтөт.

«Альфа-Телеком» ЖАКтын мамлекеттик пакетинин акциясынын баштапкы суммасы — 14 миллиард 600 миллион сом.

Copyright © 2017 Maral FM