Биз менен байланышыңыз

Бишкекте чыккан өрттөн жаш бала каза болду

Кыска кабар | 30 Сен 2023 | 231 | 0

Бишкек шаарынын Свердлов районундагы Чүй көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдөн 29-сентябрда өрт чыгып, 3 жашар бала каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, өрттү өчүрүүгө саат 17:35те Свердлов райондук өзгөчө крдаалдар бөлүмүнөн 2 бөлүм жана штаб тартылган.

Өрт саат 17:51де чектөөгө алынып, саат 18:46да толук өчүрүлгөн.

Батирдин балкону толук өрттөнүп, тилеке каршы тилсиз жоонун кесепетинен 2020-жылы туулган А.М. аттуу жаш бала каза болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM