Биз менен байланышыңыз

Нарында бажы кызматкерлерине кызматтык үйлөр берилди

Кыска кабар | 29 Сен 2023 | 177 | 0

Бүгүн, 29-сентябрда Нарын шаарында бажы кызматкерлерине мамлекет тарабынан курулган кызматтык үйлөр берилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, 4 кабаттуу 32 батирлүү турак үйдүн курулушу 2021-жылы декабрь айында башталган. Жалпы сметалык баасы 97,3 млн сомду түзгөн.

Турак-жайдын ачылыш аземинде президенттин Нарын облусундагы өкүлү Алтынбек Эргешов, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков куттук айтып, үйлөрдүн ачкычтарын тапшырышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM