Биз менен байланышыңыз

Министрлер кабинетинде гендердик теңдик сакталышы керекпи?

Коом , Саясат | 28 Сен 2023 | 754 | 0

Министрлер кабинетинде бир катар жаңылануулар болушу мүмкүн экени, төраганын орун басары Бакыт Төрөбаевдин айыл чарба министри кызматына дайындалуу ыктымалы бар экени айтыла баштады. Бир күн мурда мамлекет башчысы министрлер кабинетинин төрагасынын дагы бир орун басары Эдил Байсалов менен маданият министри Алтынбек Максутовго эскертүү берди. Ушул айдын башында президенттин жарлыгы менен эки министр, бир агенттиктин төрагасы иштен алынып, эки министр башка министрликке которулган. Андан тышкары да бир катар кадрдык дайындоолор орун алган. Коомчулук жогорку кызмат орундарындагы гендердик теңсиздик дагы деле жоюла электигин, Министрлер кабинетинде да бул квота сакталбай жатканын сындап келишет.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Бейшенбек Абдыразаковдун айтымында, кадрдык саясат туруктуу болушу керек, айрыкча Министрлер кабинетинин төрагасы жок дегенде беш жылга чейин иштеши керек. Ошондо гана экономика өсүп, өнүгүү болуп, башка мамлекеттин өкмөт башчыларынын алдында да абройлуу болот.

Ошондой эле Абдыразаков айрым министрлердин кемчиликтерине токтолду:

«Азыркы курамда Министрлер кабинетинин төрагасы туура эле отурат деп ойлойм. Анткени ал келгенден кийин бюджетти 500 млрд сомго жеткирди, кассалык аппаратты киргизди, электрондук бизнес экономиканы киргизип жатат, жалпысынан жакшы эле иштеп жатат. А министрликтерден Экономика министрлигинин бары-жогу деле билинбейт, Кыргызстанга пайдасы деле жок деп ойлойм. Анын бир канча орун басары бар, алардан эч кандай жыйынтык жок. Мурда минфиндин курамында болчу, баарын ошолор эле аткарчу.

Айыл чарба министрлиги бүгүнкү күндө деле жыргаткан жок, булар 30 жылдан бери эле жыргаткан жок. Айыл чарба министрлиги Кыргызстандын элин эт, сүт, картошка, жалпы эле азык-түлүк менен камсыздашы керек болчу. А бизде керек болсо жумуртка менен камсыз кыла албайт. Пандемия мезгилинде көрдүк го, эксспортко карап эле калдык. Бүгүнкү күндө деле Казакстандын уну кымбаттап кетти. Ун менен өзүбүздү өзүбүз баксак болот да, мурда союздун учурунда миллион тонна алчу, азыр 300 тонна алып жатат. Ушундай маселелерде, жалпы эле азык-түлүк маселелеринде бул министрлик колго алып чечип, элди камсыздашы керек. Негизинен жалпы эле министрликтерде аткара турган жумуш көп, кемчиликтери бар».

Саясат талдоочу Сейтек Качкынбай бүгүнкү күндө коомчулукта «бардык маселени президент чечет, ал кылбаса чечилбейт» деген түшүнүк пайда болуп калганын, бул институттардын ишине доо кетирип жатканын айтты.

Анын айтымында, ар бир министрлик өз алдынча маселени чечип, ар бир ишке президентти аралаштыра бербеши керек.

«Институттардын бир маселеси бар. Азыр бүт бийлик президенттик институттун колуна топтолуп, «бардык маселени, көйгөйдү президент чечет, ал кылбаса чечилбейт» деген түшүнүк пайда болуп калды. Ар бир институт өз алдынча маселе чечип, автономдуу болуп, өз алдынча иштесе жакшы болмок. Буларга доо кетип калды институционалдык дизайн боюнча.  Эбегейсиз бийлик бир кишинин колуна топтолуп калды. Ошону үчүн ал мындан ары көйгөйлөрдөн чарчайт. Бардык нерсеге эле президентти аралаштыра бербөө керек, министрлер өздөрү да чечип, мурдагы эле институттарга кайтсак, жакшы болмок».

Жогорку Кеңештин жыйынында гендердик теңдик боюнча мыйзам долбоору каралып жаткан учурда жогорку кызматтагы аялдардын орду талкуу жараткан. Анда Министрлер кабинетинде аялдар аз экенин, бул чечим чыгарууда чоң роль ойноорун айтышып, аялдар тейлей турган тармактарда эркектер иштеп жатканын сындашкан.

Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова Жогорку Кеңеште, Өкмөттө гендердик теңдик жок экенин, ошол маселени депутаттардан, министрлерден баштоо керектигин айткан.

«Мамлекеттин ичинде бир тармак боюнча да теңчилик жок. Ошонун жоопкерчилигин алган Социалдык камсыздоо, эмгек жана миграция министрлиги силерсиңер, аялдар теңчилиги боюнча бир да иш аткарган жоксуңар. Кайсы жерде аялдардын гендердик теңчилиги сакталган? Облустун жетекчилери, райондун акимдери, айыл өкмөттөрдүн башчыларында бир да аял жок. Өзүңөр да ойлойсуңарбы? Же калп эле «редакциялык» деп алып келе бересиңерби Жогорку Кеңешке? Бул мыйзамдын ичинде Жогорку Кеңештин компетенциясы да турат, Жогорку Кеңештин ичинде да гендердик теңдик жок. Президиумда отурган жерде төрагабыз эркек киши болсо, анын орун басарларынын экөө аял болушу керек, Өкмөттүн курамында да 30% аялдар болушу керек. Келгиле, өзүбүздөн баштайлы». 

Саясат талдоочу Алмаз Тажыбайдын айтымында, жогорку кызматтарда аялдарга өзгөчө орун берүү керек. Аларга конкурстарда  ар кандай жеңилдетүүлөрдү, шарттарды түзүп берүү зарыл.

«Чоң саясатта аялдардын орду аз. Мисалы, Ички иштер министрлигинде бир да аял жок, чоң кызматтарда эмес, мындай эле райондун же бир бөлүм башчылыгында. Биздин депутаттар, саясатчылар аялдарга жол ачып бериши керек. Бизде позитивдик гендер деген саясат бар, ошону ишке ашырып, жүргүзүшүбүз керек. Эгерде кабминде пропорция сакталса, анда алар «кой, өкмөттүн курамында 30% аял жетекчилер болушу керек» деп, өздөрү издемек. Бүгүнкү күндө бизде бул орун басарлары менен гана эсептелип, сакталып жатат деп айтылууда. Аялдарды өстүрүп, кандайдыр бир жардамдарды берип, жогорку кызматтарга алып келсе болот. Аларга кандайдыр бир жолдорду ачып, шарттарды түзүп берүү керек. Мисалы, конкурстарда кандайдыр бир кошумча упайларды берип, аларга жеңилдиктерди көрсөтүп».

Ал ортодо Министрлер кабинетинде жакында өзгөрүүлөр болору, социалдык тармактардагы кызматтарга аял кишилер келиши мүмкүн экени айтылууда.

Copyright © 2017 Maral FM