Биз менен байланышыңыз

Айыл аймактарды ирилештирүү саясатына депутаттардын пикири

Коом , Саясат , Экономика | 27 Сен 2023 | 969 | 0

Учурда айыл аймактар ирилештирилип жатат. Бул долбоор Министрлер кабинетине сунушталып, пилоттук негизде үч райондо ишке кирди. Жумушчу топтун айтымында, долбоор аймактардагы жемкорлукту жок кылууга, калктын жашоосун жакшыртууга багытталган.  Буга чейин Жогорку Кеңештин айрым депутаттары эл ичинде талаш-тартыш учурлар көп кездешип жатканын айтып чыгышкан. Мындан улам биз айрым эл өкүлдөрүнүн бул жааттагы пикирин тыңдап кайттык.   

Депутат Тазабек Икрамов сыноодон өтүп жаткан бул долбоорго каршы чыккан тургундар көп болуп жатканын айтат.

«Бизде, Сузак районунда жыш жайгашкан айыл өкмөттөр бар, ал жакта азыр бириктирүүлөрдү жасап жатышыптыр. «Иш алып барууга кыйыныраак болот» деген маселени көтөрүп, каршы чыккан жай тургундар көп болууда. Жеке пикиримди айта турган болсом, демилгелеп жаткандардын алдыга койгон пландары болсо керек. Менимче, иштин натыйжасын убакыт көрсөтөт».

Депутат Шарапаткан Мажитова өкмөттүн сунуштаган программасын колдойт. Аны менен катар ар бир айыл аймакты өзгөчөлүгүнө карап бириктирүүнү сунуштайт.

«Учурда бул боюнча түрдүү пикирлер болуп жатат. Менин оюмча, ирилештирүү керек. Биринчиден, аймактардагы жерлерди рационалдуу колдонуп, техникалар менен жетиштүү деңгээлде камсыз кылуу үчүн керек. Бириктирүүдө ар бир айыл өкмөттүн өзгөчөлүгүнө маани берүү зарыл. Мисалы, Ноокендеги дотацияда отурган Шайдан айыл өкмөтүнө көмөк пул албаган Масы айыл өкмөтү кошулгусу келбей жатат. Бул иш натыйжалуу болушу үчүн көп убакыт керек деп ойлойм».

Депутат Балбак Түлөбаев айыл аймактарды ирилештирүү аракети 15 жылдан бери келе жатканын белгилейт. Ошондой эле пилоттук негизде жүрүп жаткан бириктирүү учурунда кээ бир жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн эл менен кеңешпестен иш кылганын туура эмес көрөт.

«Ар бир жердин шартына кароо керек. Мисалы, бир айыл дотациядан чыккан, чыкпаганы да бар. Жери аз жана көп аянтты ээлеген айыл өкмөттөр бар. Ошондуктан айыл тургундары ача пикирде болуп жатат. Бул жерде жергиликтүү бийлик жакшы иштеши керек. Алар эл менен кеңешпестен эле чечим чыгарып жатышат. Бул туура эмес, элди угуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек. Реформа негизи ар бир жакта кыйын болот. Бирок алдыга жылышыбыз керек».

Депутат Дастан Бекешевдин пикиринде, айыл аймактарды бириктирүү аркылуу бюджеттен бөлүнүп жаткан каражаты үнөмдөөгө болот. Ал эми каршы чыгып жаткандар Президентке кайрылышы керек, себеби административдик өзгөрүүлөр мамлекет башчынын жарлыгынын негизинде жүзөгө ашып жатат.

«Аймактарда каршы чыгып жаткан жарандар Президентке кайрылышы кажет. Анткени бул Президенттин демилгеси менен ишке ашып жатат. Жеке пикиримде, административдик реформа керек. Чындыгында, бизде жергиликтүү жана мамлекеттик чыновниктер өтө көп болуп кетти. Чыгымдарды кыскартуу үчүн бириктирген туура болот».

Административдик реформа алгач Түп районунда башталган. Анда 13 айыл аймагы беш айыл аймакка бириккен. Ал эми Кочкор районунда 11 айыл аймак бешке кыскартылган. Үчүнчүсү, Сузак районунда 13 айыл аймак 8 айыл аймак болуп ирилешти.

Copyright © 2017 Maral FM