Биз менен байланышыңыз

Президент Дүйнө чемпиондоруна акчалай сыйлык тапшырды (сүрөт)

Кыска кабар , Спорт | 26 Сен 2023 | 275 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-сентябрда Сербиянын Белград шаарында өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында байгелүү орундарды алган спортчуларга жана алардын машыктыруучуларына акчалай сыйлыктарды тапшырды.

Мамлекет башчысы ийгилик жараткан балбандарды куттуктап, 2024-жылы Парижде өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо алгандар жеңиш менен кайтарына үмүт артаарын белгиледи.

«Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу отуздан ашуун мамлекеттин арасынан үчүнчү орунду камсыздап, тарых барактарын жаңылап, жалпы кыргызстандыктарды чексиз кубанычка бөлөп, демине дем, күчүнө күч кошуп жатасыздар. Алдыга максат коюп, тер төгө мээнет кылып, натыйжада Дүйнө элинин көз алдында кыргыз байрагы бийик желбиреп, гимнибиз жаңырганда, жеңишти камсыз кылган спортчулар кандай толкунданса, мындай кубанычтуу көз ирмемдерди көгүлтүр экрандан көрүп турган кыргызстандыктар эки эсе толкунданып, төбөбүз көккө жете сүйүнгөн учурду сөз менен айтып берүүнүн өзү кыйын болуп турат. 2024-жылы Парижде өтө турган XXXIII жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо жеңип алгандарга үмүтүбүз да, ишеничибиз да чоң. Кудай буюрса, ал жерден да үч-төрт алтын алып келесиздер деп, үмүт кылып турабыз. Биз, албетте, мамлекеттин желегин бийик желбиреткен спортчуларды көңүл сыртында калтырбайбыз, алардын жараткан ийгиликтери татыктуу бааланат деп, биз дайыма сөз беребиз», — деди өлкө башчысы.

Дүйнө чемпиондору Айсулуу Тыныбековага, Акжол Махмудовго, Жоламан Шаршенбековго 1 миллион сомдон, күмүш медаль алган Айпери Медет кызына 750 миң сом, коло медаль алган Тайырбек Жумашбек уулуна 500 миң сом берилди. Андан сырткары спортчулардын машыктыруучуларына акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Эскерте кетсек, 16-24-сентябрь күндөрү Сербиянын борбору Белград шаарында күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты болуп өттү. Анда Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков алтын, Айпери Медет кызы күмүш жана Тайырбек Жумашбек уулу коло медаль тагынды. Ошону менен бирге төрт балбан 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиадага жолдомо алышты. Тайырбек Жумашбек уулу олимпиадалык эмес салмак категориясында күрөшкөндүктөн ага лицензия берүү каралган эмес. Жалпысынан Дүйнө чемпионатында кыргызстандык спортчулар үч алтын, бир күмүш жана бир коло менен жалпы командалык эсепте Жапония менен Ирандан кийинки үчүнчү орунду ээледи.

Copyright © 2017 Maral FM