Биз менен байланышыңыз

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоору токтотулган жок

Кыска кабар | 25 Сен 2023 | 712 | 0

«Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан» темир жолун куруу долбоору активдештүү баскычында. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, долбоор Кыргызстандын инфраструктура жана курулуш тармагындагы стратегиялык долбоор болуп саналат.

Ушул жылдын июлуна карата тараптар долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси боюнча иштерди биргелешип аякташып, буга чейин болжолдонгондой темир жол магистралын куруунун техникалык жана экономикалык жактан максатка ылайыктуулугу тастыкталган.

21-сентябрда видео байланыш форматында эксперттик деңгээлде үч тараптуу жолугушуу болуп, анын жүрүшүндө каржылоо модели жана долбоорду башкаруу маселеси талкууланган.

Эске салсак, 18-19-май күндөрү Кытайдын Сиань шаарындаөткөн «Кытай-Борбор Азия» саммитинин алкагында Кытайдын Өнүктүрүү жана реформалар боюнча мамлекеттик комитетинин, Кыргызстандын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин, Өзбекстандын Транспорт министрлигинин ортосунда Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан (Кыргызстандын аймагындагы тилке) темир жолун куруу долбоору боюнча техникалык-экономикалык негиздемесине үч тараптуу биргелешкен баа берүү жөнүндө жалпы түшүнүккө жетишүү тууралуу үч тараптуу Меморандумга кол коюшкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM