Биз менен байланышыңыз

Тоолуу Карабах толук багынып берди

Дүйнө , Саясат | 20 Сен 2023 | 1224 | 0

Тоолуу Карабахта атышуулар токтоду. Аймакты Азербайжан толук багындырып алганын жарыялады. Армения да расмий таанылбаган Тоолуу Карабахта эч кандай аскердик операцияга катышпай турганын билдирди. Тоолуу Карабахта эмнелер болуп жатат?

Азербайжандын Коргоо министрлиги Тоолуу Карабахта «антитеррордук операция» аяктаганын расмий жарыялады. Аймактагы армян сепаратисттик күчтөрү куралдарын таштап, багына баштаганы айтылууда.

«Алар азыр согуштук позицияларынан артка чегинди, бардык бейрасмий аскердик түзүмдөр тезинен тарашы керек», — деп айтылат билдирүүдө. Бул чечимди расмий таанылбаган Тоолуу Карабахтын бийлиги да колдогонун айтып чыкты.

Армениянын Тышкы иштер министрлиги Карабахтагы армяндардын ок атууну токтотуу боюнча чечимин колдой турганын жана бул чатакты жөнгө салуу үчүн эл аралык механизм керектигин билдирди.

Капитуляциянын шартына ылайык, эми Азербайжан жай тургундарды жана куралын тапшырган бейрасмий Тоолуу Карабах республикасынын аскерлерин эвакуациялоого коридор ачып бериши керек. Эвакуацияны аймактагы Орусиянын тынчтык миссиясы ишке ашырышы мүмкүн.

Ал эми Азербайжан Тоолуу Карабахтын жергиликтүү калкы менен эртең, 21-сентябрда сүйлөшүү өткөрөт. Ага Азербайжан президенти Илхам Алиев өзү катыша турганы айтылды.

Азербайжан «антитеррордук операция» деп жарыялаган бир күндүк куралдуу кагылышта Тоолуу Карабахтын миңдей аскери окко учкан. Тоолуу Карабахтын армян калкы Армениянын өкмөт башчысынан аскердик жардам сурады. Бирок Армения аскер жибербей турганын, ал жердеги калктын коопсуздугуна Орусиянын тынчтык миссиясы жооптуу экенин билдирди.

2020-жылдагы Тоолуу Карабах согушунда өздөрүн республика деп жарыялаган жергиликтүү армяндардын аскердик курамына катуу сокку урулган. Анда совет учурунан калган техникаларынын көпчүлүгү талкаланган. Андан бери да Азербайжан көзөмөлдү орноткону үчүн алар куралдана алган эмес. Бул жолку согуштун бир күндө аякташына Азербайжандын жаңы технологияларды колдонгону себеп болду.

Тоолуу Карабах талашынын тарыхы

Тоолуу Карабахта 2022-жылы азербайжандык активисттер Лачын коридорун тосуп койгон. Бул коридор Армения менен Тоолуу Карабахты байланыштырып турган жалгыз жол болчу.

Өткөн жылдын жазында Азербайжан Лачын коридоруна көзөмөл өткөрүү пунктун курган. Бул карабахтык армяндар үчүн абалды дагы да кыйындаткан. Алар Арменияга кеңири кирип чыгууга тоскоолдук жаралганына нараазы болгон. Азербайжан Тоолуу Карабахтын армяндар жашаган аймактарына жүк жеткирүүгө эч кандай тоскоолдук жаралбаганын айтып, Лачын коридору жана Агдам району аркылуу өткөнгө уруксат берилгенин айткан.

Тоолуу Карабах чыры 1988-жылдан бери уланып келет. Анда эки негизги баскыч бар — Армениянын жеңиши менен аяктаган Биринчи Карабах согушу (1992-94), экинчиси Азербайжандын жеңиши менен аяктаган Карабах согушу (2020). Анда Азербайжан аймактын дээрлик 70%ына көзөмөлдү орнотуп, армян тилинен коюлган бир катар жер-суу аттарын тарыхый аталышына кайтарган. Анын бири азыркы Шуша шаары. Шушада 2 жылдан бери түрк маданияттарына байланыштуу ири фестиваль жана иш-чаралар өткөрүлүп келет.

Армения да, Азербайжан да Тоолуу Карабахты өз аймагы деп доомат коюп келет. Аталган аймакта азербайжан жана армян улуттары жашайт.

Тоолуу Карабахтагы эки согуштун айынан эки тараптын жоготууларын кошкондо 32 миң адам каза тапкан. Дагы миңдеген адамдар дайынсыз жоголгон.

Copyright © 2017 Maral FM