Биз менен байланышыңыз

«Илбирс», «Абдыш-Ата» клубдарынын экс-футболчусу жол кырсыктан көз жумду

Кыска кабар , Спорт | 19 Сен 2023 | 343 | 0

«Илбирс» жана «Абдыш-Ата» футбол клубдарынын 19 жаштагы экс-чабуулчусу Ааламбек Абылкасымов жол кырсыгынан каза тапты. Бул тууралуу 18-сентябрда Кыргыз футбол союзу социалдык баракчасы аркылуу кабарлады.

«Жаркын элесиң эсибизден кетпейт! Бүтүндөй футбол үй-бүлөсү аза күтүүдө», — деп айтылган некрологдо.

2019-жылы 16 жашка чейинкилер арасында өткөн Азия Кубогунун тандоо оюндарында Кыргызстан курамасы Ливандын футболчулары менен беттешип, 41-мүнөттө алмашуу жолу аркылуу оюнга чыккан Ааламбек эки гол киргизип, беттеш 2:0 эсебинде Кыргызстандын пайдасына аяктаган.

Андан тышкары 2021-жылы 16-мартта «Илбирс» футбол клубунун курамында Премьер-Лигада дебют жасаган. Оюнчу жалпысынан 12 беттешке катышып, 2 гол киргизип, 1 пас берген.

2023-жылдан тарта «Абдыш-Ата-2» үчүн ат салышкан.

Copyright © 2017 Maral FM