Биз менен байланышыңыз

Сталиндик репрессияга кабылган ата-бабалар акталат

Коом , Саясат | 18 Сен 2023 | 597 | 0

Бүгүн, 18-сентябрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинде репрессияга кабылгандарды актоону демилгелеген мыйзам долбоору каралды. Сунушталган долбоордо советтик доордо сталиндик репрессияга тушуккан кыргызстандыктарды актап чыгуу жазылган.

Мыйзам долбоордун демилгечилери – депутаттар Жанарбек Акаев, Нурланбек Шакиев, Чолпон Султанбекова жана Мирлан Самыйкожо.

Демилгечилердин бири Жанар Акаевдин айтымында, мыйзам кабыл алынса, репрессияга кабылган ошол кездеги инсандарды соттук негизде актоо үчүн атайын комиссия түзүлүп, анын курамына тарыхчылар, УКМКдан, ИИМден, бейөкмөт уюмдардан өкүлдөр киргизилет.

«Арадан 100 жыл убакыт өтсө да, репрессияга кабылган ата-бабаларыбызды акташыбыз керек деген ойдомун. Бул багытта биз Борбор Азия өлкөлөрүнөн абдан артта калып отурабыз. Өзбекстанда бул боюнча мыйзам чыгып, өтө тездик менен атылган, камалган, сүргүнгө айдалгандар акталып жатат. Казакстанда да президенттин буйругу чыгып, 360 миңдей жаранды актады. Президенти Токаев өзү бюджеттен каражат бөлүп, аны ишке ашырууга 400дөй тарыхчыны тартты».

Тарыхчы Өскөн Осмонов депутаттар демилгелеген долбоорду колдоорун айтат.  Себеби ал учурда күнөөсү жок адамдар саясий мотивдин айынан атылып кеткен же он жылдап сүргүнгө айдалган.

«Мен бул мыйзам долбоорун колдойм. Совет бийлигинин алгачкы жылдарында репрессия болгондордун көпчүлүгү акталды. Ак жеринен репрессиялангандар сөзсүз акталышы керек. Себеби ал учурда атайылап бирөөнү жамандап кат жөнөтсө, катта аты аталган киши жөн жерден жазаланган. Жадагалса, машак терип жүргөн жеринен кармап кетишкен. Мына ушундай  болор-болбос нерселер үчүн өлүм жазасына тарта берген. Бул — тарых алдында сабак боло турган нерсе. Ошондуктан бул боюнча мыйзам долбоору каралып, иштелип чыкканы жакшы көрүнүш».

Тарыхчы, жазуучу Бактыбек Максүтов тарыхый катаны жокко чыгаруу үчүн көп убакыт талап кылынарын, каражат арбын сарпталарын айтып, тарых үчүн чыгымдан качпоо керектигине токтолду.

«Репресссияга кабылгандарды актоо үчүн биринчиден, көп убакыт керек. Ошондой эле «аз каражат кетет» деп айтууга болбойт. Себеби, архивде сакталган маалыматтарды сатып алууга туура келет. Башка мамлекеттерде да сатышат, бул — нормалдуу көрүнүш. Келечек муунга тарыхты туура жеткирүү үчүн каражат сарптап койсо эч нерсе болбойт деп ойлойм. Бизге маанилүүсү, келечек муунга туура өткөрүп берүү деп эсептейм».

Кыргызстанда 1937-1938-жылдары сталиндик репрессияга кабылган 137 чыгаан инсандын көмүлгөн жерин 1991-жылы Бүбүйра Кыдыралиева айтып берип, ал жай ошол кездеги коопсуздук кызматынын капитаны Болот Абдрахмановдун демилгеси менен ачылган. «Ата-Бейит» тарыхый-мемориалдык комплекси ошентип пайда болгон. Ал жылдары атайын мыйзам менен 8 миңге жакын адам акталган. Ошол кездеги иштердин башында турган тарых илимдеринин доктору, коопсуздук кызматынын эмгек сиңирген ардагери, запастагы полковник Болот Абдрахманов 20 миң кыргызстандыктын тизмесин тактап «Кыргызстандагы саясий репрессиянын курмандыктары» аттуу китебине киргизген.

Репрессияга кабылган кыргызстандыктардын арасында 55 улуттун өкүлдөрү болгон. Алардын сап башында кыргыздар, экинчи орунда орустар, андан кийин уйгурлар, өзбектер, немистер турган. 738 айылдын тургуну репрессия болгону айтылат. Жети облустун ар биринин тургуну, мектеп окуучусунан тарта абышка-кемпирге чейин бар экени аталган китепте жазылган.

Copyright © 2017 Maral FM