Биз менен байланышыңыз

«Клооп» сайты эки айга бөгөттөлдү

Кыска кабар , Саясат | 13 Сен 2023 | 558 | 0

Бүгүн, 13-сентябрда «Клооп» сайты  эки айга бөгөттөлдү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлигине  караштуу маалыматтык саясат башкармалыгынын башкы адиси Зарина Калмуратова билдирди. Мындай чечимге келүүгө саясатчы Равшан Жээнбековдун абакта кыйноого кабылганы тууралуу макаланын сайттан алынбаганы себеп болгон.

«Маданият министрлигине УКМКдан «Kloop» басылмасы жарыялаган «Кыргызстан эмне себептен Орусияны колдоп жатат?» жана «Саясатчы Равшан Жээнбеков УКМК тарабынан кыйноого алынып жатат» деген эки материалы үчүн арыз түшкөн. Биринчи материалды караган жокпуз, себеби «анык эмес, жалган маалыматтардан коргоо» мыйзамына дал келбейт. Экинчи чыгарылган маалыматты 9-сентябрда УКМК четке какты. Ошондуктан биз Равшан Жээнбеков тууралуу маалыматты сайттан алдырууну талап кылган чечимди Санариптик өнүктүрүү министрлигине жөнөткөнбүз. Эки күн берилди, аталган басылма материалды сайттан албаганына байланыштуу бүгүнкү күндө жабылды».

«Клооп» басылмасынын кыргыз бөлүмүнүн редактору Айдай Токоева жарыяланган маалымат эки тараптуу жазылып, журналистиканын ченемдери сакталганын айтат. Буга байланыштуу алар министрликтин чечимине макул болбой турушат. Басылма мындан аркы ишин социалдык тармактар жана VPN аркылуу уланта берет.

«Маданият министрлиги талап кылган макаланы өчүрбөгөнүбүздүн себеби: алар койгон айып негизсиз. Анткени ал материал эки тараптуу жазылган, эл аралык журналистиканын талаптарына жооп берет. Биз бийликтин басымына багынбайбыз, себеби, биз өзүбүздүн ишибизди так аткарып жатабыз».

Журналист Канышай Мамыркулова Өкмөт эркин ЖМКларды жабуунун ордуна алар менен тил табышууга аракет кылып, сынын угуу менен иш алып барса туура болмок деп эсептейт.

«Бийликтин мындай кадамдарга баруусу — мыйзамсыз. Бийликтин көз карандысыз ЖМКларды жабуу аракети — өтө жаңылыш кадам. Тескерисинче, сындаса сынын угуп, алар менен иштешкенге аракет кылса, майнаптуу болмок деп эсептейм. Мисалы, туура эмес нерсе болбосо, «Клооп» иликтебейт. Алардын чыгарган маалыматтарына жооп берип иштесе дурус болмок».

«Клооптун» сайтына бөгөт коюу аракети буга чейин да болгон. Февралда Маданият министрлигине Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) арыз менен кайрылган. Бирок бир нече убакыттан кийин АРИС себептерин түшүндүрбөй эле арызын чакыртып алган.

Copyright © 2017 Maral FM