Биз менен байланышыңыз

Бишкек-Раззаков аба каттамдарынын баасы жакында арзандайбы?

Коом , Экономика | 13 Сен 2023 | 356 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова Баткен районунун Раззаков шаарына аба каттамдарды көбөйтүп, билет баасын төмөндөтүүнү сунуштады. Ал учурда алыскы аймактын тургундары бир тарапка 6 миң сомдон билет алууга аргасыз болуп жатканын айтты. Ал эми парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев Министрлер кабинети «Тез Жет» авиакомпаниясы менен Бишкек-Раззаков аба каттамын арзандатуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын кабарлады. Өкмөт аталган аба каттамын субсидиялап жатат. 

Баткен шаарынын тургуну Махмудали Султанов ай сайын Бишкектен Баткенге аба каттамы аркылуу учат. Ал бүгүнкү күндө билет баасы 5 миң 300 сомдон башталып, 6 миң сомго чейин сатылып жатканын айтты.

Ал бул баа карапайым калк үчүн оор болорун, билеттин баасы 3500-4000 сомдун тегерегинде болсо жеңилирээк болмогун белгилейт.

«Буга чейин Бишкек-Баткен багыты боюнча учактар жумасына бир жолу аткарылып жаткан. Билетти бир жума мурун алып коёт элек, жетишпей калбайлы деп. Чынында бул баа элдин чөнтөгүнө оор келет. Бул чоң сумма. Арзандаса жакшы болот. 4000 сомго чейин түшүрсө жакшы болмок. Ал эми пенсиядагыларга жеңилдик каралса жакшы болот. Ош аркылуу да учабыз. Себеби каттамдар жетишсиз. Каалаган күнү, каалаган убакта уча албайбыз. Жумасына бир же эки жолу эле учсаң болот».

Өлкөдө ички аба акаттамдарды «Тез Жет» жана «Авиа Траффик» компаниялары тейлейт.

Буга чейин «Тез Жет» компаниясы Бишкек-Раззаков каттамына билеттердин баасы тиешелүү түзүмдөр аркылуу бекитилгенин ырастаган. Ишкана баанын былтыркы жылга салыштырмалуу кымбаттоосун жолдун узактыгына жараша жана түшкөн каражат өзүн актабашы менен байланыштырган.

Аталган авиакомпаниянын Исфана шаарындагы өкүлү Алмаз Сатаров Бишкек-Раззаков-Бишкек багыты боюнча учурда жумасына 3 жолу учак учуп жатканын, бүгүнкү күндө билетке болгон суроо-талап көп экенин билдирди.

«Жумасына 3 каттам болуп жатат. Шейшемби, бейшемби жана ишемби күндөрү каттайт. Билеттин баасы кассаларда 5700 сомдон сатылууда. Бишкек менен Баткендин аралыгы миң км. Ошого байланыштуу кардарлар көп. Каттамдардын баары толуп жатат».

Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги авиация чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу, аны ишке ашыруу жана бул тармактагы уюмдарынын ишин жөнгө салуу багытында иш алып барат. Ички аба акаттамдар тууралуу аталган агенттиктен маалымат алуу мүмкүн болгон жок.

Бишкек-Раззаков авиакаттамынын баасы тууралуу маселе Жогорку Кеңештин жыйынында да көтөрүлдү. Депутат Чолпон Султанбекова Баткен районунун Раззаков шаарына аба каттамдарды көбөйтүп, бааларды төмөндөтүүнү сунуштады.

Ал учурда алыскы аймактын тургундары бир тарапка 6 миң сомдон билет алууга аргасыз болуп жатканын белгиледи.

«Бул аябай көйгөйлүү маселе болуп жатат. Мага Лейлектин тургундары чалып, кайрылып жатышат. Баасы да кымбат болуп жатыптыр. Билетти он күн-эки жума мурун сатып алып жатышыптыр. Кээде самолёттор учпай калып жатыптыр. Айрым учурда убагында эмес, эртеси күнү учкан учурлар да катталууда. Барып келишине 12 миң сомдун тегерегинде акча жумшалып жатат экен. Бул жергиликтүү тургундар үчүн кыйынчылыктарды жаратууда. Бул маселени карап, жеке авиакомпаниялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү керек. Баасын түшүрүп, каттамдардын санын көбөйтүү керек».

Парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев Министрлер кабинети Бишкек-Раззаков-Бишкек аба каттамын субсидиялап жатканын айтты.

Ошондо эле эл өкүлү билеттин баасын арзандатуу багытында кандай иштер жүргүзүлүп жатканына токтолду.

«Бул маселе боюнча менде маалымат бар. Министрлер кабинетинин төрагасы менен бул тууралуу сүйлөштүк. Бизге да кайрылуулар келип түшкөн. 6000 сом өздүк наркын толук жаппайт экен. Башкача айтканда, билеттин баасы рейске кеткен чыгымдарды актабайт. Бирок элди социалдык жактан коргоп, элге жардам берүү иретинде учурда Министрлер кабинети билеттин баасын бир аз түшүрүп, калган чыгымдарын мамлекет тарабынан дотация кылуу боюнча иштер алып барууда. Бул маселе боюнча «Тез Жет» компаниясынын жетекчилиги менен да, Министрлер кабинети менен да сүйлөштүк. Бул боюнча тапшырма берилди».

Май айында да ички авиакаттамдарынын баасы көтөрүлгөнү айтылып, нааразычылыктар жаралган. Компаниялар муну күйүүчү-майлоочу майдын кымбаттаганы менен байланыштырган.

Бүгүнкү күндө авиакассалар билетти 3500 сомдон 6000 сомго чейин сатышууда.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад жана Баткен авиакаттамдарынын билет баасын тартипке салуу боюнча коомдо суроо-талап көп.

Copyright © 2017 Maral FM