Биз менен байланышыңыз

Азербайжанга Ысык-Көлдөн жер берүү келишими талкуу жаратты

Экономика | 12 Сен 2023 | 393 | 0

Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылына беш жылдыздуу мейманкана салуу пландалып жатат. Ал үчүн Кыргызстандын бийлиги Азербайжан өкмөтүнө 17,24 гектар жер бөлүп берүүдө. Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Нурадил Баясов кырк тогуз жыл өткөндөн кийин имарат Кыргызстандын карамагына өтөрүн, ошол эле маалда Азербайжан макулдашууну узартууга укуктуу экенин айтты. Парламенттин тармактык комитеттеринин жыйынында депутаттар келишим тууралуу толук маалыматтын жоктугун сынга алышты. Талдоочулар мындай чоң инвестициялык долбоорлордун келишими дыкат иштелип чыгышы керек деген пикирде.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргонуу, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында инвестициялар жөнүндө макулдашуунун долбоору талкууланды. Аны Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Нурадил Баясов тааныштырды.

Ал 1997-жылдагы Кыргыз өкмөтү менен Азербайжан өкмөтүнүн ортосундагы инвестицияларды коргоо жана колдоо келишиминин негизинде иштелип чыкканын белгилеп, макулдашууну колдоп берүүнү өтүндү.

Ошондой эле Баясов келишим түзүүдө Азербайжан өкмөтү кандай талаптарды койгонун баяндады.

«Азербайжан өкмөтү тарабынан талаптар коюлду. Ал жерде эки маселе каралган. Эки тилкелүү асфальт-бетон төшөлгөн жол жана техникалык жол куруп берүү. Техникалык жол курулушка колдонулат. Техникалык оор салмактагы унаалар өткөндө жолду бузбай, жол тилкесин сапаттуу колдонуу максатында иштелип чыккан. Каржы маселеси өкмөттөн да бир топ жолу каралган. Үч жылдын ичинде куруп беребиз деп жатышат. Биринчи техникалык жолду куруп берүү пландалууда. Чоң көлөмдөгү инвестиция болуп жатат. Ал эми жол салуу аймактарды өнүктүрүүгө салым кошот. Учурда Кара-Ой айылында жер эле турат. Башка эч кандай инфраструктура жок. Жол курууга бюджеттен каражат бөлүнөт».

Мейманкана долбоор боюнча үч жылда салынып бүтүшү керек. Жалпы 17,24 гектар жер берилип, анын 4,92 гектары парк, пляж болмокчу.

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында да көлдүн жээгине беш жылдыздуу мейманкананын курулушу боюнча маселе көтөрүлдү.

Депутат Гүлшаркан Култаева инвестициялык долбоордо ижаранын суммасы көрсөтүлбөгөнүн айтып, бардык маалыматтар келишимде так жазылышы керектигин талап кылды.

«Кырк тогуз жылга ижарага берилет деген мыйзам барбы? Баары эле кырк тогуз жылга берилип жатат. Эмнеге ушул санды айтасыздар? Эмнеге таянып бул сан белгиленип жатат? Он беш-жыйырма жылга берсе болбойбу? Он жылга чейин инвесторлорго бүт жактан жеңилдиктер берилет элет. Ижара акысын төлөөдө, салыктарды төлөөдө жеңилдиктер каралыптыр. Үч жылдын ичинде курушат экен. Андан кийин иштетип башташат экен. Жердин ижара акысын жазып коюу керек. Он жыл төлөнбөйт экен. Андан кийин отуз тогуз жылда мамлекеттин казынасына канча каражат түшөт? Инвестор да так суммасын билиши керек. Алар да ошого карап иш кылат. Ар бир гектары үчүн мамлекетке канча акча төлөйт?»

Эл өкүлү Улукбек Ормонов Ысык-Көлгө чет элдик туристтердин келиши үчүн беш жылдыздуу мейманкана керек экенин, муну менен жумуш орундары түзүлөрүн айтты.

Бирок бул мейманкананын курулушу боюнча депутаттарды ынандыра турган маалымат берилбегенин кошумчалап, эки тараптуу келишим тууралуу кайра толук маалымат даярдалышын сунуштады.

«Эл аралык деңгээлде кырк тогуз жыл болгону үчүн кырк тогуз жыл деп жатабызбы же жөн эле жазып койдукпу? Бул маселе боюнча баарыбызга жооп керек. Биз мурдагы каталарыбызды кайталабашыбыз керек. Эки тараптуу келишимди ким даярдаган? Финансы министрлиги ижаранын суммасын тактагыла. «Бизге миллиондоп түшө баштайт, 200-300 адам иш менен камсыз болот, үй-бүлөсүн бага баштайт» деген сандарды, шарттарды тастыктагыла. Жарандарыбыз сыртка чыгып мейманканаларда иштебей, ушул жакта иштешсин. Бул мигранттарды өзүбүзгө кайтаруу боюнча да иш-чара болот».

Ал эми туризм тармагы боюнча адис Максат Чакиев мындай мейманканы куруу ири инвестициялык долбоор экенин, аны ишке ашырууда кырк тогуз жылдык мөөнөт берсе болорун айтты.

Муну менен катар келишимди түзөрдө эки тараптын тең кызыкчылыгы эске алынышы керектигин кошумчалады.

«Жерлерди ижарага кырк тогуз жылга кайсы учурда берсек болот? Эгер ушундай чоң инвестициялык долбоор болсо, берсек болот. Мисалы, беш жылдыздуу мейманкана, завод-фабрика курса, кырк тогуз жылга берсе болот. Ал эми майда долбоордун мөөнөтү кыска эле болушу керек. Булардын баары инвестициялык долбоордун келишиминде эске алынышы зарыл. Кырк тогуз жылга келишимди түзүп алып, жыйырма-отуз жылда курам десе туура эмес. Эгер курулуш келе жаткан жылы башталып, эки-үч жылдын ичинде толугу менен бүтөт десе, берсек болот. Имидж, капитализация жагынан жакшы болот. Заманбап мейманкалардын пайда болушу заманбап имиджди пайда кылат».

Буга чейин президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдүн айланасындагы мамлекеттик мекемелерге таандык он бешке жакын пансионат кырк тогуз жылга ижарага бериле турганын айткан.

Ошондой эле кызыккан тараптар Мамлекеттик мүлк фондусуна кайрылса болорун, алгандан кийин дароо инвестиция сала башташы керектигин белгилеп өткөн.

Талап боюнча үч жылдыздуудан жогору мейманканалар, коттедждер ж.б салынышы керек.

Буга чейин социалдык тармактарда Ысык-Көлдө кароосуз калган, эскилиги жеткен пансионаттардын видеолору жарыяланган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM