Биз менен байланышыңыз

Бишкекте Кара-Кече көмүрүн сатууга кайрадан уруксат берилди

Коом , Экономика | 11 Сен 2023 | 318 | 0

Кыргызстанда күз-кыш жылытуу мезгилине даярдык башталды. Бул тууралуу маалымат берген Энергетика министри Таалайбек Ибраев быйыл жылытуу мезгилинде жалпы 17,4 млрд киловатт/саат электр энергиясы керектелерин айтты. Анын 14,2 млрд кВт/саатын Кыргызстан өзү өндүрсө, 3,2 млрд кВт/саатын коңшу өлкөлөрдөн импорттойт. Ошондой эле кыш мезгилинде өлкө боюнча 2,5 млн тоннадан ашык көмүр сарпталат. Быйылкы жылы көмүрдүн тоннасы 4,5-5 миң сомго чейин болот. Мындан тышкары быйыл жылытуу мезгилинде электр энергиясын колдонууда чектөөлөр болору айтылган. 

Быйы кыш мезгилинде Кыргызстан жалпы 2 млн 746 миң тонна көмүр керектейт. Бул тууралуу 11-сентябрдагы маалымат жыйында энергетика министри Таалайбек Ибраев кабарлады.

Анын ичинен бюджеттик мекемелерге дээрлик 300 миң тонна тартылат, учурда анын 21 миң 48 тоннасы камсыз болду.

Кыргызстандын калкы үчүн 1 млн 247 миң тонна көмүр керектелет, ушу тапта камсыздоо 233 миң 300 тоннаны түзөт.

Бишкек ЖЭБи 1 млн 200 миң тонна көмүр сарптайт, анын 600 миң тоннасы Казакстандан, калганы жергиликтүү көмүр кендеринен алып келинет.

Азыркы учурда ЖЭБге 280 тонна көмүр жеткирилди. Быйылкы жылы көмүрдүн тоннасы 4,5-5 миң сомго чейин болот.

Ибраев быйыл кышта Бишкек шаарында Кара-Кече кенинин көмүрүн сатууга жана жагууга салынган тыюу кайрадан алынып, уруксат берилгенин, бул боюнча Бишкек мэриясы менен калаадагы ышты азайтуу боюнча талкууда гана сөз болгонун белгиледи.

«Бишкек шаарында көмүрдү керектөө 1 млн 200 миң тонна колдонсо, анын баарын Казакстандан алып келе албайбыз. Казакстандын көмүрү мунун 30-35% гана камсыз кыла алат, калган 70% көмүрдү илгертен эле «Кыргызкөмүр» ишканасы жеткирип келген. Ошол эле вариант менен иштейбиз. Бул ыштын маселесин чечүү үчүн сүйлөшүүлөр болгон. Бирок биз «андайга мүмкүнчүлүк болбойт» деп айтканбыз. Азыр Балыкчыдагы биздин кампага 468 миң тонна көмүр даярдалып турат. Ошол көмүрдүн баары Бишкек, Чүй облусуна ташып келинет».

Мындан сырткары министр электр энергиясын пайдаланууга киргизилген 5 кВт/саат чектөө боюнча түшүндүрмө берип, мындай норма буга чейин да бар экенин эске салды. Министр бул чектөө электр энергиясы көп сарпталган кечки сааттарда гана колдонуларын айтты.

«5 кВт/саат деп айтса эле айрымдар муну чектөө деп ойлоп жатат. Азыр бизде эч ким 10 кВт/саатка чейин электр энергиясын колдонбойт. Биздеги бир фазалуу линиялардын баары 5 кВт/саатка гана ылайыкташкан, андан көбүрөөк ашып кетсе, ток сайган жерлердин баары өрттөнүп кетет. Союз убагында саатына 3 кВт/саат болчу, бүгүнкү күндө 5 кВт/саатка чейин берилип жатат. Ал эми үч фазалуу линиясы барлар мындан ашыкча алуу үчүн келишим түзүп, техникалык уруксат алышкан. Аларга эч ким чек коё албайт, бирок биз баары бир энергия көп колдонулган кечки сааттарда аларды да колдонууну азайтып туруусун суранабыз. Болгону керектөө жогору болгон сааттарда алар да көп колдонсо, көмөкчордондор аварияга кабылат. Бирок бул чектөө эмес, чектөө болбойт. Кайсы бир көмөкчордонго күч келип калса, аны башка фидерге которобуз. Ошол маалда 1-1,5 саат электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурап калышы мүмкүн. Бул жөн гана жөнгө салуучу чара. Былтыр да колдонгонбуз, аны жашырбайбыз. Мындай кылбасак, ошол көчөдөгү трансформаторлор бүт өчөт. Аны кайра кошууга үч-төрт күн керек болуп калат».

Кыргызстанда өндүрүлгөн электр энергиясынын 13,4 млрд кВт/с Токтогул каскадындагы ГЭСтерде, ал эми 1,9 млрд кВт/с Бишкек Жылуулук электр борборунда өндүрүлөт

Кыргызстан электр энергиясын Орусия, Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандан импорттойт. Учурда Орусия жана Түркмөнстандан электр энергиясы алып келинүүдө.

«Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ишканасынын директору Алтынбек Рысбеков мекеме кышка карата даярдык планын 80 пайызга аткарганын билдирди.

«Жабдуулардын 85 пайызы утурумдук жана капиталдык ремонттон өттү. Калган 15 пайызын 1-октябрга чейин бүтүрөбүз. Мындан сырткары капиталдык курулуш боюнча да чоң жумуштар жасалды. Тагыраагы, 92 пайызга жумуш аткарылды. Бул жумуштар да октябрга чейин толугу менен бүтөт. Ишканын жабдуулары боюнча эч кандай маселе жаралбайт».

Ал эми «Газпром» ишканасынын директорунун экономика жана финансы боюнча орун басары Арзымат Алдаяров жылытуу мезгилинде электр энергиясына караганда газ менен жылытуу арзан болорун айтты.

Муну менен катар ал быйыл Бишкек шаарындагы 9 жаңы конуш жаратылыш газына кошуларын билдирди.

«Үйдү жылытууда электр энергияны газ менен салыштырганда газдын баасы арзаныраак болот. Ал эми көмүр менен салыштырганда көмүрдүн баасы төмөн. Электр энергиядан газга өтүү ыңгайлуу болот. Бул теориялык жактан да далилденген. Быйыл Бишкек шаарынын 9 жаңы конушу газга кошулат. 2022-жылы 2 миң 798 абонент газга кошулса, бул жылы Арча-Бешик, Бакай-Ата, Ак-Тилек, Ак-Тилек-1, Бакай-Ата-1, Турбаза, Попеновка, Товарная жана Селекция жаңы конуштары газга туташтырылат».

Энергетика министрлиги билдиргендей, «Электр станциялары» ишканасынын филиалдары күз-кыш мезгилине даярдыктарды улантууда.

ГЭСтин электр машиналарын жасоочу цехинин жана электр лабораториясынын кызматкерлери пландуу профилактикалык иштерди жүргүзүп жатышат.

Мекемеден бардык оңдоо иштери белгиленген графиктер боюнча өз убагында жүргүзүлүп жаткандыгын белгилешти.

Copyright © 2017 Maral FM