Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-казак ишкер кеңеши: Суу жана чек ара көйгөйү көтөрүлдү

Экономика | 8 Сен 2023 | 328 | 0

Бишкекте Кыргыз-казак ишкерлер кеңешинин жыйыны өтүп, анда эки өлкөнүн бизнес чөйрөсүнө байланыштуу маселелер талкууланды. Анын ичинде чек арадагы жүк ташуучу унаалардын кезеги, суу маселесин чечүү жолдору каралды. Натыйжада ишкерлердин сунушу эске алынган протокол жазылып, эки өлкөнүн өкмөттөрүнө жөнөтүлөрү расмий кабарланды. Кыргызстандын жүк ташуучу унаалары эмне үчүн чек арадан өтө албай жатат? Жергиликтүү ишкерлер эмнеге нааразы? 

Кыргыз-казак ишкерлер кеңешинин жыйынына эки өлкөдөн жыйырмадан ашык өкүл катышты. Алар акыркы убактагы кыргыз-казак чек арасында түзүлгөн кырдаалга тынчсыздануусун билдиришти.

Соода өнөр-жай палатасынын төрагасынын кеңешчиси Авазбек Керимбаев жолугушууда чек ара жана суу маселесине өзгөчө көңүл бурулганын айтты.

Ал Кыргызстандан барган жүк ташуучу унаалар чек арадан өтө албай калган учурлар көбөйүп кеткенин, казак тарап ишкерлерди мыйзамсыз текшерип жатканын белгиледи.

«Жолугушуунун эң башында чек арадагы көйгөйлөр талкууланды. Андан кийин суу маселеси боюнча да биздин чарбанын адиси келип, эмне үчүн суу боюнча ушундай көйгөй жаралып жатканын түшүндүрүп берди. Кеңешмеде эки тараптуу көйгөйлөрдү ортого салып, эки мамлекеттин өкмөттөрүнө протокол жиберилери чечилди. Көйгөйлөрдү чечүү жолдору да каралды. Бизнес коомчулуктан бир катар сунуштар келип түштү. Жүктү жеткирүүнү тездетүү максатында Казакстандан Орусияга бара жаткан жүктөрдү текшерүүдө атайын рентген сканерлерин киргизүү сунушу берилди. Ошондой эле элетрондук навигациялык пломбаларды коюу сунушталды. Булар көйгөйдү 100 пайыз чечет».

Агро өнөр жай бирикмесинин аткаруучу директору Рустам Балтабаев бүгүнкү күндө Казакстан ар кандай талаптарды коюп, тез бузулуучу азыктарды 24 саатка чейин кармап жатышканын айтты.

Ишкерлер бул көйгөйдүн чечүү жолун өкмөткө бир нече ирет сунуштаган.

Балтабаев кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унааларга карата кандай текшерүүлөр жүрүп жатканын айтып берди.

«Казакстанга өтүп жатканда мурда мындай талаптар жок болчу. Бүгүнкү күндө рентген болгон талапта дагы биздин тез бузула турган тамак-аш продукцияларын ташыган жүк ташуучу унаалар өткөндө жүк ташуучу унаанын артында 80 см жолчо деп коёт, эгер 15 метр унаа боло турган болсо, 80 см болсо, канча деген квадрат жоготуулар болуп жатат. Экинчиси, Казакстан тарапка киргенден кийин жүк Казакстанга барабы же Орусияга барабы, тез бузула турган өндүрүштү 24 саатка чейин кармаган учурлар болот».

Дагы бир ишкер Кундуз Кырбашева бизнес коомчулук тарабынан тез бузулуп кетүүчү тамак-аш өндүрүшүнө өзүнчө пост ачуу керектиги сунушталганын айтты.

«Жолугушууда көбүнчө чек ара маселеси талкууланды. Айыл чарба продукциясын өндүргөн ассоцаициялардын жетекчилери, өкүлдөрү катышты. Сунуштарын айтышты. Тез бузулуп кетүүчү продукцияга өзүнчө пост, бузулбагандарга да өзүнчө, ошондой эле жеңил унаа менен өткөндөргө өзүнчө пост кылуу сунушталды. Казакстандык ишкерлер да бул багытта көптөгөн жумуштарды жасаганын айтышты. Аларда логистикалык борбор курууга инвестициялык долбоору бар экен. Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда 3 миңдей унааны тейлөөгө болот экен».

Кыргыз-казак чегиндеги маселе Жогорку Кеңештин жыйынында да көтөрүлүп, депутат Улукбек Ормонов мамлекеттер ортосунда эки жана көп тараптуу келишимдер бар экенин эскерткен.

Ормонов бул көйгөй кыргыз ишкерлеринин өндүрүшүн экспортко чыгарышына тоскоолдук кылып жатканын белгилеп, өкмөттөн кыска убакытта чечүүсүн талап кылган.

«Коңшулаш казак мамлекети менен эки жана көп тараптуу келишимдерибиз бар. Бир канча уюмдарда бирге турабыз. Эң негизгиси ЕАЭБге мүчөбүз. Бирок акыркы убактагы чек арада болгон окуялар Министрлер кабинети тарабынан чечкиндүү кадамдарга баруу керектигин билдирип турат. Август айында жүк ташуучу унааларды себепсиз өткөрбөй коюшту. Эмне үчүн ушул убакка чейин өкмөт башчы тарабынан реакция жок? Бажы биримдигинин уставдары эмне болуп жатат? Каалаган маалда чек араны жаап, жүктөрдү өткөрбөй коё турган болсо, Бажы биримдигинин кереги барбы? Сезон мезгилинде, эң керектүү мөмө-жемиштер бышып, экспортко чыгаруу маалында болуп жатат. Бул биринчи жолу эмес».

Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекеттерде кезек күтүүлөр 20-августтан баштап пайда болгонун билдирген. Мекеме мындай абал үчүн Казакстанды «ЕАЭБдин принциптерин сактабай жатат» деп айыптаган.

26-августта Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстан менен чек арадагы жагдайды жөнгө салууну тапшырганы маалым болгон.

Кыргызстандан сыртка жүк негизинен Казакстан аркылуу ташылат. Казак тараптагы ар кандай чектөөлөрдөн улам жүк ташууда байма-бай түйшүк жаралып келет.

Copyright © 2017 Maral FM