Биз менен байланышыңыз

Бишкекте коомдук транспортторго жол кире көтөрүлүшү мүмкүн

Коом , Экономика | 7 Сен 2023 | 358 | 0

Бишкек шаардык мэриясы коомдук транспортторго жол кирени көтөрүүнү карап жатат. Долбоорду талкуулоо жана кызыкдар тараптардын сунуштарын чогултуу башталганы мекеменин сайтына жарыяланган. Мэрия чыгымдардын өсүшүнө байланыштуу борбор калаанын коомдук транспортунда жүрүү үчүн учурдагы тарифтер керектүү көлөмдөгү каржылык ресурстарды камсыз кылбай, анын ичинде эксплуатациялык оңдоолорду, техникалык тейлөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүн болбой жатканын белгилейт. Бишкек шаардык кеңеши учурда бул сунушту карап жатканын, тариф элдин пикирин эске алуу менен гана белгиленерин билдирди. Жогорку Кеңештин жыйынында да бул маселе көтөрүлүп, жол кирени кымбаттатуу сунушу депутаттар тарабынан сынга алынды. Шаардын жашоочулары да жол кире кымбаттаса, элдин чөнтөгүнө оорчулук алып келерин айтышууда.

Бишкек шаардык мэриясы коомдук транспортторго жол кирени көтөрүүнү сунуштап жатат.

Мекеменин маалыматына караганда, жол кире көтөрүлсө, муниципалдык жана жеке жүргүнчүлөрдү ташуучу ишканалардын экономикалык абалы жакшырып, кыймылдуу курамды өз убагында кармап турууга жана жаңыртууга мүмкүн болот.

Мындан тышкары ишканалардын, ташуучулардын кызматкерлеринин социалдык абалы жакшырып, кадрлардын алмашуусу азаят.

Мэрия автобус жана троллейбустарда жүрүү үчүн жол кире канча сом болорун тактай элек, болжолдуу түрдө 20-22 сомго көтөрүү сунушталып жатканы маалым болду.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Рыспай Аматов мэриядан коомдук транспортко жол кирени жогорулатуу долбоору жаз айынан бери сунушталып жатканын белгиледи.

Аматов долбоор учурда коомдук талкууда экенин, шаардык кеңеш бул сунушту карап жатканын айтып, тариф элдин пикирин эске алуу менен белгиленерине ишендирди.

«Азыркы учунда дүйнөлүк тенденцияда кымбаттоо болуп жатпайбы. Күйүүчү май, азык-түлүк жана башкалардын баары кымбаттап жатат деген негизде мэрия тарабынан жазында сунуштар башталган. Бирок Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары аны кабыл алган эмеспиз. Учурда долбоор коомдук талкууда. Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комитетине алып кириши керек. Биз аны карап чыгып, сөзсүз түрдө коомдук пикирди эске алуу менен тариф талкууланып, анан бекитилет. Бул мыйзамдын процедурасында ушундай каралган».

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Марлен Маматалиев бул маселеге токтолуп, мэрияга жаңы автобустар экологияны сактоо, жол кирени көтөрбөө максатында алынып жатканын эске салды.

 «Биз эмне үчүн миңдеген автобус сатып алып жатабыз? Сатып алууда эмне үчүн электрокыймылдаткыч же болбосо газ менен жүргөн автобустарды алып жатабыз? Биринчиси, экологияны коргоо болсо, экинчиси, тариф кымбаттабасын деп сатып алуудабыз. Бүгүнкү күндө ушунча автобусту алып, эмне үчүн тарифти көтөрөбүз? Ал күйүүчү май менен дизелге караганда бир топ арзан. Ошондуктан алдырганбыз. Тарифти көтөрбөө керек. Кымбаттаса да 11 сомдон 22 сомго көтөрүлбөшү керек. 22 сом болбойт. Эки эсе жогорулаганы туура эмес. 15 сомго көтөрсө болот».

Жол акынын кымбатташы тууралуу шаар тургундарынын оюн уктук. Көпчүлүгү каршы болуп, айрымдары туура деп эсептейт.

— Оорчулук алып келет да. Бизге окшогон пенсионерлерге кыйын эле болот. Жол киренин көтөрүлүшүнө каршымын.

— Тариф кымбатташын колдобойм. Азыркы баасында сакталып турганы жакшы.

— Мен үй кожойкесимин. Балдар менен үйдөмүн. Иштебейм. Азыркы баа 11 сом жакшы эле. Ушул баада турса жакшы го. Студенттерге да ушул баа ыңгайлуу. Азыр бардык жерде кымбатчылык, жашоо кыйын эле болуп жатат.

— Мен автобус, троллейбус, маршрутка менен деле жүрө берем. Баанын кымбатташына каршымын. Азыр кымбатчылык заманда кошумча түйшүк болот.

— Азыр бардык нерсе кымбаттоодо. Бензиндер да кымбаттап жатат. Кымбаттаганга жараша жол кире да көтөрүлүшү керек. Айдоочуларды да түшүнсө болот. Жол киренин көтөрүлүшүнө жакшы эле көз караштамын.

Июнь айында да жеке менчик компаниялардын өкүлдөрү Бишкек мэриясына кайрылып, коомдук унааларда жол кирени көтөрүү маселесин карап берүүнү өтүнүшкөн. Алар күйүүчү май жана тетиктер кымбаттап жатканын жүйө келтирген.

Жыл башында Бишкек мэриясы да коомдук транспортко жол кирени көтөрүүнү сунуштап, тиешелүү токтом долбоорун коомдук талкууга коюп, бирок «социалдык тармактардагы нааразычылыктан» улам долбоорду чакыртып алган.

Мэрия жол киренин тарифин акыркы жолу 2021-жылдын аягында өзгөрткөн. Учурда автобус жана троллейбус айдоочулары 11 сомдон, кичи автобус айдоочулары 15 сомдон жол кире алышат.

Август айынан бери коомдук транспортто төлөм накталай эмес түрдө жүргүзүлө баштады.

Copyright © 2017 Maral FM