Биз менен байланышыңыз

Электр энергиясын чектөө кризистен алып чыгабы?

Коом , Экономика | 6 Сен 2023 | 245 | 0

Быйылкы күз-кыш мезгилинде электр энергиясы менен үйлөрдү жылытууга тыюу салынары айтылды. Акылдуу эсептегичтер коюлган үйлөрдө электр колдонуу 5 кВт/сааттан ашып кетсе, жарык өчүрүлөт, ал эми акылдуу эсептегичи жок үйлөрдө текшерүү жүргүзүлөт. Айрым эксперттер энергетикалык крисиз болуп жаткан учурда чектөө киргизилгени туура экенин айтышса, айрымдары 5кВт/саат электр энергиясы бир үй-бүлөнүн негизги муктаждыктарына жетпейт деген пикирде.

Энергетика министринин орун басары Талайбек Байгазиев «Биринчи радиого» берген маегинде кыш мезгилинде жылдан-жылга  электр энергиясына болгон суроо-талап көбөйүп жатканын, бул кышта үйлөрдү электр энергиясы менен жылытууга тыюу салынарын айтты. Ага суу тартыштыгы себеп экенин белгиледи. Анын айтымында, былтыркы жылга салыштырмалуу бул жылы электр энергиясын колдонуу он эсе өскөн.

 «Быйыл кыш татаалыраак болгону жатат. Буга чейин маал-маалы менен өчүрүүлөр болбойт дегенбиз, ошентип кыш мезгилин жакшы өткөрдүк. Быйыл суунун тартыштыгына байланыштуу чыгым да көбүрөөк болуп жатат. Ошого байланыштуу быйыл кышында электр энергиясы менен жылытууга толук тыюу салабыз. Бирок ар бир үйдө алдын ала эсеп менен 5 кВт/саат болот экен. Эч кандай маал-маалы менен өчүрүүлөр болбойт. «Күндүз электр энергиясы үч маал өчүрүлөт» деген сөздөр тарап жатыптыр, маалыматтар туура эмес».

Ошондой эле министрдин орун басары электр энергиясын өчүрбөө үчүн Орусия, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдөн импорттоо болорун кошумчалады.

Чектөө киргизүү маселеси электр тармагынын адистеринин ортосунда ача пикир жаратууда. Айрымдары бул чектөө менен электр кризисинен чыгуу мүмкүн экенин айтса, кээ бири муну жөн гана айла жоктун иши катары көрүүдө.

Электр тармагы боюнча эксперт Эрнест Карыбековдун айтымында, Энергетика министрлиги чектөө киргизүүгө аргасыз болуп жатат. Ошондой эле чектөө менен берилген 5 кВт/саат электр бир үй-бүлөнүн керектөөлөрүнө жетпейт.

«Энергетика министрлиги чектөө киргизүүгө аргасыз болууда. Себеби алар «электр энергиясы жетет, өчүрбөйбүз» деп алдап, жомокту айтып жатышпады беле? Кыш мезгили жакындап калды, жарыкты өчүрүп жатышат. «Кышында өчүрбөйбүз, чектөө киргизебиз» деп жатышат, чектөө киргизген чакта деле өчүрүшөт. 5 кВт чынын айтканда, бир абонентке жетпейт. Бир жылыткычың эле 2,5 кВт болуп жатат, а калган үй турмушуна керектелүүчү техникалар да бар да. Кышында газ жок жерлерде бир эле бөлмөнү эмес, жок дегенде эки бөлмөнү жылытуу керек. А мамлекет берген кубатуулук жетпейт ага».

Энергетика тармагына эмгек сиңирген адис Калый Рахмановдун пикиринде, электр тармагында кризис болуп жаткан учурда мындай чектөө киргизгенин туура көрөт.

«Жетишпесе керектөөнү азайтуу керек да, электр жарыгы менен жылытууга тыюу салганы туура эле. Андан башка жолу жок. Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү аз деп жатышат. Орусиядан, Түркмөнстандан электр энергиясын алганы жатат. Мындай учурда чектөө киргизүү керек».

Ал эми дагы бир электр тармагы боюнча эксперт Мырзатай Султаналиевдин  пикиринде, кыш мезгилинде электр энергиясын чектөө менен энергетикалык кризистен чыгуу мүмкүн эмес. Кризистен чыгуунун жана электр кубатын башка ыкма менен алуунун жолдорун издөө керек.

«Кышында электр энергиясына тыюу салуу менен эле кризистен чыгып кетмек беле? Бул деген — жөн гана чектөө. Анткени кышында электр энергиясы жылуулук үчүн көбүрөөк колдонулат. Ал арада «ал көмүрдү жакпа, бул көмүрдү жак» деп жатканы да туура эмес. Ар ким акчасына жараша алат. Электр энергиясына чектөө болуп жатса, көмүр жагасың да».

Элди кабатыр кылган дагы бир маалымат министрдин орун басарынын «Бишкек шаарында Кара-Кече көмүрүн жагууга тыюу салынат» дегени болду. Анын себебин жыл сайын кыш мезгилинде Бишкек шаарынын каптаган ышты жоюу аракети менен түшүндүргөн. Азырынча бул маалымат расмий айтыла элек.

2023-жылдын 1-майынан тарта Кыргызстанда электр энергиясынын тарифи 30%га жогорулаган. Калк үчүн бир кВт/саат тарифи 77 тыйындын ордуна 1 сом болгон. Эгер бир айлык керектөө 700 кВт/сааттан ашса, 2 сом 16 тыйындан эсептелет. Ошондой эле ушул жылдын 11-майында өлкөдө электр энергиясынын тарифи жыл сайын өзгөрүп турары да айтылган. 24-июлда президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен энергетика тармагына үч жылга өзгөчө кырдаал киргизилген. Министрлер кабинетинин 20-июлдагы жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев ушундай режим киргизүүнү сунуштап, колдоо тапкан болчу.

Copyright © 2017 Maral FM