Биз менен байланышыңыз

Орусияда чет өлкөнүн документи менен унаа айдоого тыюу салуу сунушталды

Коом , Экономика | 6 Сен 2023 | 218 | 0

Орусияда Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү менен иштөөгө тыюу салынышы мүмкүн. Бул жаатта Мамлекеттик Думанын депутаттары мыйзам долбоорун сунуштады. Анда айдоочулук үчүн Орусиянын күбөлүгү барларга гана уруксат берилери каралган. Бул мыйзам долбоору Орусиядагы такси кызматында иштеген мекендештерди тынчсыздандырып жатат. Себеби Кыргызстандан барган жарандардын көпчүлүгү ушул жумушта эмгектенет. Ал эми мамлекет бул маселени чечүү максатында кандай кадамдарга барышы керек? 

Адыл Саламатов он жылдан бери Орусиянын Москва шаарында таксист болуп иштейт. Ал мигранттарга ушундай чектөө кирери буга чейин да бир канча жолу сөз болгонун белгиледи.

Муну менен катар ал Москвадагы такси айдоочулардын 70 пайызы Кыргызстандын жараны экенин, мыйзам күчүнө кирсе, таксопарктар кызматкерсиз каларын айтат.

«Мыйзам долбоору тууралуу таксопарктар тарабынан бизге эч кандай маалымат бериле элек. Бирок мындай сунуштар көп эле болот. Мындай мыйзамдар күчүнө киргенге чейин көп деле көңүл бурбайбыз. Депутаттардын арасында мигранттардын эсебинен упай топтогондор бар. Мигранттардын эсебинен элге жакшы көрүнгүсү келген депутаттар көп. Мыйзам күчүнө кирген учурда деле мигранттардын жумушун бир учурда токтото албайт. Себеби такси кызматында мигранттар көп. 70 пайыз кыргызстандык жарандардын ишин токтотуп коюшса, жергиликтүү элдин өзүнө эле зыян болуп калышы мүмкүн».

Буга чейин Мамлекеттик Думанын «Либерал-демократиялык» партиясынан шайланган депутаттар Орусия парламентинин төмөнкү палатасына «Жол коопсуздугу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштаган. Ага ылайык, Орусияда чет элдик же эл аралык укуктарга ээ адамдарга автобус же таксист болуп иштөөгө тыюу салынган.

Ал эми мыйзамдын азыркы редакциясында Кыргызстандын жана орус тили расмий тил болуп саналган башка өлкөлөрдүн жарандарына Орусиянын аймагында такси жана автобус айдоочусу болуп иштөөгө уруксат берилген. Мыйзам долбоорунун авторлору бул ченемди мыйзамдан алып салууну сунушташууда.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин консулдук бөлүмүнүн башчысы Манас Жолдошбеков бүгүнкү күндө Москва шаарында эле такси кызматында 78 миң кыргызстандык айдоочу бар экенин, ал эми Орусия боюнча 100 миңдин тегерегин түзөрүн кабарлады.

Жолдошбеков бул маселе боюнча жогорку деңгээлде сүйлөшүүлөр буга чейин да жүргүзүлүп келгенин айтып, анын жыйынтыгы тууралуу маалымат берди.

«Бул демилге депутаттар тарабынан киргизилди. Бул биринчи демилге эмес. Буга чейин да мындай сунуштар болгон. Бирок бул боюнча жогорку деңгээлде сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Акыркы сүйлөшүүлөр жай айында өттү. Анда Мамлекеттик Думанын жетекчилиги менен жолукканбыз. Бул маселе талкууланган. Думанын профилдик комитетинин төрагасы Калашников менен да сүйлөшүлгөн. Алар бизге Кыргызстандын Конституциясында орус тили расмий тил болгонуна байланыштуу кыргызстандык мигранттарга карата мыйзам долбоору кабыл алынбасына, Кыргызстандын жарандарына карата берилген жеңилдик сакталып каларына ишендиришкен».

Ал эми Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин депутаты Нуржигит Кадырбеков Кыргызстан Бажы биримдигине кирерде Орусия берген убадаларды эске салды. Ал мекендештердин укугун чектеген демилгени сындап, маселенин чечүү жолдорун сунуштады.

«Өнөктөш өзүнүн сөзүнө турат деп ишенем. Орусия — биздин өнөктөшүбүз. Кыргызстан Бажы биримдигине кирерде бир топ убадалар берилген. Мисалы, «биздин товарларды ал жакта эркин сатса болот, биздин жарандар каалагандай жүрсө болот» деген сыяктуу. Анан баягы «эшек ылайдан өткөндөн кийин» дегенге окшоп калат. Биз ал жакка ишенип киргенбиз. Чек араны көрүп жатасыздар. Канчалаган жүк ташыган унаалар турат. Кыргызстан, Казакстан, Орусия да — ошол биримдикке мүчө мамлекеттер. Мигранттардын укугун чектеп койгон туура эмес. Бул өнөктөштөрдүн ортосундагы ишенимди азайтат. Ошондуктан бул багытта Тышкы иштер министрлиги, Миграция кызматы оперативдүү иштеши керек. Ал эми Жогорку Кеңеш да колдон келген жардамын берүүгө даяр».

Демилгечилердин маалыматына караганда, акыркы жылдары Орусияда чет өлкөлүк күбөлүгү бар айдоочулардын айынан жагымсыз жагдайлар түзүлүүдө.

Расмий маалыматтарга таянсак, Орусияда миллиондон ашык кыргызстандык эмгектенет.

Мындан сырткары Орусияда 1-сентябрдан тарта «Жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу жана такси кызматындагы жеңил унаалардын багажы жөнүндө» федералдык мыйзамдын негизги жобосу күчүнө кирди.

Анда Евразия экономикалык комиссиясы Орусиянын Транспорт министрлиги менен биргеликте даярдаган документтин ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандарынын таксиде иштөө мүмкүнчүлүгү боюнча түшүндүрмө берилген.

Copyright © 2017 Maral FM