Биз менен байланышыңыз

«Дордой» базарындагы чыр эмнеден чыкты?

Коом , Экономика | 4 Сен 2023 | 286 | 0

Бүгүн, 4-сентябрда салыктын көбөйүшүнө байланыштуу «Дордой» базарында иштеген 500дөй соодагер митингге чыкты. Алардын айтымында, эки жумадан бери товарлары сакталган кампаларга мөөр басылып, салыкты төлөмөйүнчө ачууга тыюу салынган. Ал эми Салык кызматы көмүскөдө соода жүргүзүп жаткан 800гө жакын ишкердин кампасы жабылганын маалымдады.

Бакытбек Мойдунов насыяга товар алып, сатып келген. Алынган товарына эсеп-фактура жок болгондугуна байланыштуу мамлекетке 10% салык төгүп бериши зарыл. Соодагер учурда алган насыясын жана мамлекеттик салыкка 10% каражатты төлөй албай кыйналып жатканын айтты. Ошондой эле салык кызматы ишкерлерге түшүндүрбөй туруп, кампаларын жаап салганына нааразы болууда.

«Мен насыяга товар алып келгем. Он пайыз салыкты же банкка кантип акча төгөрүмдү билбей жатам. Эсеп-фактура бизде жок. Себеби маалымат такыр жок болчу, ЭТТН эсеп-фактурасы эмне экенин деле билген эмеспиз. Андан кийин өзүбүз сураштыра баштадык. Кичине түшүндүрүү иштери жүрсө болмок».

«Дордой» базарында соода кылган Урниса Акбарова Салык кызматынын койгон талабына нааразы. Себеби анын сегиз баласы бар, аларды камсыздоо үчүн базарда соода кылып келет. Алар патент, контейнердин ижарасы өңдүү бир топ чыгымды жабуу да кыйынга туруп жаткан мезгилде 10% салыктын кошулушу бир топ кыйынчылык жаратканын айтат.

«Менин сегиз балам бар. Өкмөттөн жөлөк пул албай, ушул базардан тапкан каражат менен жолдошум экөөбүз багып келе жатабыз. Азыр соода да жакшы эмес. Патентке, ижарага, светке жана башкаларга бир топ акча кетет. 10% бизге өтө эле кыйын болот. Ошондуктан нараачылыгыбызды билгизип, чогулуп калдык».

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Исламбек Кыдыргычов нааразы тараптар менен жолугушуп, мамлекеттен талап кылардан мурда өз милдеттерин так аткарууга чакырды.

«Биз жолдун, мектептин салынышын мамлекеттен талап кылып жатпайбызбы. Бирок ошол талап кылгандан мурун өз милдетибизди так аткарууга, салык төлөөгө чакырат элем. Биз жеңилдиктерди берип, силерге кол сунганга даярбыз».

Соодагерлер айтып жаткан 10% салык төлөөдөн качып, көмүскө соода кылган жарандарды мамлекеттин эсебине каражат төгүүгө көндүрүү аракети көрүлүп жатканын, бул эреже мурун эле бар экенин Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM