Биз менен байланышыңыз

Салык системасындагы мүчүлүштүктөрдөн улам чек арада кезек пайда болду

Кыска кабар | 28 Июл 2023 | 255 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Бүгүн, 28-июлда Казакстандын аймагында Кыргызстанга чыгуу тарапта жүк ташуучу транспорт каражаттарынын кезеги пайда болду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы кабарлады.

Алдын ала маалыматтарга караганда 27-июлда кечки саат 22:50дөн баштап “Ак-Тилек-автожол”, “Чоң-Капка-автожол”, “Чалдыбар-автожол”, “Ак-Жол-автожол” көзөмөл-өткөрүү жайларында белгисиз себептерден улам Мамлекеттик салык кызматынын “Жыйынды посту” автоматттык  маалыматтык тутумунун ишинде мүчүлүштүктөр катталган.

ЕАЭБден Кыргызстандан аймагына киргизилчү товарларды эсепке алуу үчүн Салык кызматы “Жыйынды пост” автоматтык маалыматтык тутумун колдонот.

Системадагы мүчүлүштүктөрдөн улам кезек пайда болгон. Айдоочулар жана жүк ташуучулар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Чек ара кызматынын Тышкы миграцияны эсепке алуу бирдиктүү тутуму штаттык режимде иштеп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM