Биз менен байланышыңыз

Эртай Исаковдун камалышы саясий буйрутмабы?

Саясат | 18 Июл 2023 | 778 | 0
Сүрөт интернеттен алынды

Активист жана блогер Эртай Исаков эки айга камакка алынды. Мындай чечимди Сокулук райондук соту 17-июлда кабыл алды. Эртай Исаков жана эки жергиликтүү тургун таза сууну талап кылган нааразылык акциясынан кийин кармалган. Аларга «бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Аталган берене оор кылмыштарга кирбейт жана аны менен кылмыш иши козголгондо эки учурда гана камакка алынат. Биринчиси, эгерде жарандын өздүгү такталбаса, экинчичси, жашаган жери такталбаган учурда. Бирок Сокулук райондук соту жашаган жери такталып, паспорту көрсөтүлсө дагы Эртай Исаковду эки айга камоо чечимин чыгарган. Мындай чечимди юристер мыйзамсыз жана саясий чечим катары баалашууда. Темага алдыда кененирээк токтолобуз. 

Бишкекке жакын жайгашкан Селекция айылында 14-июль кечинде жергиликтүү тургундар суу маселесине байланыштуу нааразылык билдирип, Түштүк магистралдын бир бөлүгүн жабышкан. Селекция айылында таза суу май айынын бери жок болуп келген.

Чогулгандар менен Сокулук районунун акими Илияз Ташкулов жана «Бишкек сууканалы» ишканасынын жетекчиси Таалайбек Орозов жолугуп, Селекция менен Арча-Бешикке суу бир күндөн кезек менен берилерин, эки жумада маселе толук чечилерин айткан. 3-июлда жергиликтүү калк менен Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров да жолугуп, бир жумада суу чыгарууга убада берген. Убада аткарылбаган соң тургундар нааразычылыгын билдиришип, жол тосушкан.

ИИМдин маалыматы боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен унаа жол 15 -июльда түнкү саат 02:00дө ачылып, чогулган эл тараган.
Аталган окуя Сокулук милициясынын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган. Тергөөнүн жүрүшүндө Селекция айылынын тургундары ар кандай маселелерди Ватсапп группасы аркылуу талкуулап келген. Аталаган группага блогер Эртай Исаков кошулуп, суу маселеси боюнча талкууга катышып, жергиликтүү тургундарды радикалдуу кыймыл аракет жасабаса суу маселеси чечилбесин белгилеп, жолду жабууга үгүттөгөндүгү аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Сокулук милициясы Кылымыш-жаза кодексинин 279-беренеси (Жолдорду мыйзамсыз тосуу) жана 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш ишин козгогон.

Кылмыш иши боюнча 279-беренеде көрсөтүлгөн кылмышка шектүү катары 1990-жылы туулган болгер Эртай Исаков кармалып, 48 саатка камалган. Ал эми 280-берене менен кылмышка шектүү катары Селекция айылынын эки тургуну, 1974-жылы туулган Б.Б. жана 1972-жылы туулган Б.Б. кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.

16-июлда Селекция айылынын тургундары президент Садыр Жапаровго кайрылып суу маселесине байланыштуу кармалаган 3 жаранды бошотууну суранып, видео кайрылуу жолдошкон. Анда блогер Эртай Исаковдун жол тосууга эч кандай тиешиси жок экендигин, анын акча албагандыгын белгилешкен. Кайрылууда мыйзам барына бирдей экендиги белгиленип, суу талап кылуу мыйзам бузуу болсо, айыл тургундарын толугу менен камап салууну суранышкан.

Блогердин адвокаты Алмамбет Бексултанов блогер Эртай Исаковго коюлган айып негизсиз экенин билгилеп, бүгүн- эртең Чүй облустук сотко даттанышарын билдирди.

«Биз соттун чечимине толугу менен макул эмеспиз. Кечээ сот блогердин кармалышын мыйзамдуу жана негиздүү деп, ага кошумча 2 айга камоо боюнча чечим чыгарды. Эртай мырзаны кармоо учурунда дагы мыйзам бузуу болгон, себеби аны ишемби күнү саат 16:30да кармашкан, 48 саатын ичинде баш коргоо чарасын караш керек болсо, булар 50 саатта баш коргоо чарасын карап жатат. Ошондуктан биз кармалганын мыйзамсыз жана негизсиз деп эсептейбиз. Экинчиси, бөгөт коюу маселесин карасак бул оор эмес кылмыш, бул иш менен кармалгандар камалбайт, камоонун кажети жок. Эртай мырза өзү бул чечимди саясий чечим деп эсептейт. Анткени ал өткөн шайлоодо алдыңкцы орундарды алган жана бул шайлоого дагы талапкерлигин койгон. Ошондуктан биз муну шайлоого катышууга тоскоолук жаратуу катары кабыл алабыз. Эртай мырзанын Селекциядагы жол тосууну уюштургандыгы боюнча эч кандай далил жок. Айыл тургундары Эртай мырзы келгенге чейин эле жолду жабышкандыгын айтып жатышат. Кыскача айтканда койгон айыптары жөн гана жалаа. Ошондуктан Сокулук районунун сотунун чечимине макул эмеспиз, алдыда Чүй облустук сотуна даттануу менен кайрылабыз».

14-июлда блогер Улукбек Карыбек уулу да «бейбаштык» беренеси менен кармалып, 16-июлда Ош шаардык соту блогерди өлкөдөн сыртка чыкпоо боюнча тил каттын негизинде бошоткон.

Кылымыш-жаза кодексинин «бейбаштык» беренеси жана «жолдорду мыйзамсыз тосуу» беренеси жосунсуз жоруктарга киргендиктен үй камагына чыгарыш керек болчу дейт юрист Шердор Абдыкапаров. Анын айтымында, бул иште 100% саясий буйрутма бар.

«Мен практикада көрүп жүрөм, бул беренелер менен кармалгандар 100% үй камагына чыгып жүрөт. Бул беренелер оор кылмыштарга кирбейт, 48 саатка гана камалат. Эки гана учурда чыгырышпай. Ал паспорту жок болуп, өздүгүн тастыктай албай калса, экинчиси, жашаган жеринен маалымкат жок болгондо. Болду камоого ушул эки гана себеп бар. Ошондуктан бул иште бирөө атайын буйрутма берип каматып жатат окшойт».  

13-июль күнү Эртай Искаков Бишкектеги бир мандаттуу №26 Ленин округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болууга БШКга арыз берген. Ушул эле округда 28-майда өткөн шайлоодо да ат салышып 1317 добуш алып, үчүнчү орунда келген. Алдыга чыккан Дамира Ниязалиева менен андан кийинки орунда келген талапкер Улан Сариевге добуш сатып алуу боюнча иш козголуп, шайлоонун жыйынтыгы жокко чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM