Биз менен байланышыңыз

Кайра шайлоо өткөрүүгө аргасыз кылган — аралаш система

Саясат | 13 Июл 2023 | 711 | 0

Бишкектин Ленин округунан Жогорку Кеңешке депутат шайлоо 10-сентябрга белгиленди. Ушуну менен аталган округда үчүнчү ирээт шайлоо өткөнү турат. Шайлоо өткөрүүгө бюджеттен 13,2 миллион сом жумшаларын БШК жарыялады. Буга чейин Ленин районунда өткөн Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоонун жыйынтыгын Борбордук шайлоо комиссиясы 16-июнда жараксыз деп тапкан. Кайра- кайра шайлоо өткөрүү канчалык туура жана ачык өтөт? Бир мандаттуу округдар боюнча шайлоо системасына өзгөртүү киргизүү керекпи? Темага алдыда кененирээк токтолобуз.

Жогорку Кеңештин депутаттыгына 21-жылы шайланган Жаныбек Абиров мушташтан кийин өз каалоосу менен мандатын тапшырган. Борбордук шайлоо комиссиясы 28-мартта Жаныбек Абировду депутаттык мандатынан ажыратып, 29-мартта президент Садыр Жапаров №26 Ленин округуна мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү боюнча жарлык чыгарып, шайлоо күн 28-майга белгиленген. Депутаттыкка 29 талапкер ат салышып, алардын ичинен Дамира Ниязалиева алдыга чыгып, 6 242 добуш алган. Бирок БШКга Дамира Ниязалиева добуштарды сатып алуу ыктымалдыгы тууралуу бир нече маалымат түшкөн.

Материалдар текшерүү жана юридикалык баа берүү үчүн ички иштер органдарына өткөрүлүп берилип, тергөөгө чейинки текшерүү башталган. Анын алкагында эки киши кармалган. Андан кийин дагы бир талапкер Улан Сариев да добуш сатып алууга шектелгенин УКМК билдирген. БШК анын да каттоосун жокко чыгарган. Тергөө бүгүнкү күнгө чейин уланып, азырынча эч ким жазага тартыла элек.

Борбордук шайлоо комиссиясы 28- майдагы шайлоону өткөрүүгө жалпысынан 18,6 миллион сом каралып, бирок 3 млн сом үнөмдөлгөн. Алдыда 10-сентябрда өтө турган кайра шайлоону өткөрүүгө бюджеттен 13 млн 208 миң 800 сом чыгымдала тургандыгын  БШК жетекчиси Нуржан Шайлдабекова 12-июлдагы жыйынында билдирди.

«Мурдагы шайлоодон айырмаланып бул жерде айрым чыгымдар стандарттуу каржылоо схемасынан чыгарылган. Анткени мурдагы шайлоодо шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү окутулган. Окутууга чыгымдар жана айрым сатып алууларга чыгымдар кыскартылды. Ошентип жалпысынан 13 млн 208 миң 800 сомдук смета сунушталып жатат. Мурдагы шайлоого биз 18 млн 600 миң сомдук смета бекитип, факт түрүндө 15 млн 300 миң сом чыгымдалып, 3 млн сом үнөмдөлдү». 

Кыргызстанда 2021-жылдын 28-ноябрында биринчи жолу жаңы Башмыйзамга жана жаңы кабыл алынган шайлоо мыйзамына ылайык, аралаш система менен парламенттик шайлоо өткөн. Анын негизинде Жогорку Кеңешке 54 депутат партиялык тизме менен, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланып келген. Бир мандаттуу округдан шайланып келген 13 депутат «Элдик» депутаттык тобун түзүшсө, дагы 13 депутат бийликчил болгон «Мекенчил» депутаттык тобун түзгөн. Төрт депутат эч бир фракцияга жана топко кирген эмес. Калган округдардан келген депутаттар бийликчил фракцияларга кирип кетишкен. Эксперттер бир мандаттуу округдардан акчасы көп адам гана депутат болуп келээрин, округдарда шайлоо өткөрүүдө дайыма чыр чыгаарын белгилешет.

БШКнын мүчөсү Канат Маматов 2015-жылы шайлоо процесстери татаалдашып, электрондук шайлоо системасына өткөндөн кийин, акчасы бар  саясатчылар элди бузуп добуш сатып алууну башташкандыгын, андай көрүнүштөр бүгүнкү күнгө чейин уланып жаткандыгын белгиледи.

Анын айтымында, БШК шайлоолорду ачык-айкын өткөрүү системасын түзгөнү менен коррупциялык процессттер сыртта жүрүп жатат.

«2015-жылдан «бир шайлоочу, бир добуш» деп ачык-айкын шайлоо өткөрүү процессине келгенибиз менен сыртта эмне болуп жатканын карай албай жатабыз. Шайлоону БШК гана өткөзбөйт, биз БШКнын 12 мүчөсү эмне кыла алабыз. Бул жалпы мамлекеттик органдар, саясатчылар, эл түшүнүп, көзөмөлдөй турган процесс. Президент маңдайына отургузуп алып, «добуш сатып албагала» деп айтып жатса, чыгып туруп добуш сатып алып жатат. Элде дагы патриоттук сезим болушу керек, добушту 1000 сомго сатуу туура эмес».

Мындан сырткары ал бул комплекстүү маселе экендигин белгилеп, өзгөрүү үчүн бир топ убакытты талап кыларын кошумчалады.

Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесине ылайык, шайлоо өткөрүү мезгилинде акча тараткандарга, шайлоочуларды сатып алууга аракет жасагандарга 500дөн 1000ге чейинки эсептик көрсөткүчтө айып салынат. Ошол эле кылмышты талапкердин жакындары же ишенимдүү өкүлдөрү жасаса, 1000ден 2000ге чейинки эсептик көрсөткүчтө айып салынат же беш жылга чейин эркиндигинен ажыратылат.

Жарандык активист Мавлян Аскарбеков алдыдагы шайлоодо да добуш сатып алуулар болбошу үчүн жазаларды күчөтүш керек деген ойдо.

«Өткөн шайлоонун жокко чыгарылышынан эч ким сабак алган жок. Сабакты качан гана добуш сатып алгандарды бери дегенде 30 млн сом конфискация менен 10 жылга камаганда гана талапкрлердин бир бөлүгү ойлонуп калмак. Мыйзамдар өзгөрбөгөндүктөн азыр деле акчасы бар талапкерлер добуш сатып алууну ойлонуп жатат. Буга чейинки өткөн шайлоодо бир эмес эки талапкер кармалды. Бирок бүгүнкү күнгө чейин бир да камалган жок. Кыргызстандагы эң коркунучтуу адам — бул саясий коррупцияда жүргөн адам. Ал миллиондогон адамдардын тагдырын талкалап, бүтүндөй бир мамлекетти кыйроого алып келип жатат. Бул өтө коркунучтуу. Ошондуктан саясий коррупция оор беренелердин бирине теңелеиш керек. Аларды 10-15 жылга камоо азыркы замандын талабы. Буларды ушундай жол менен тазалаш керек».

Аскарбековдун айтымында, бүгүнкү талапкерлер мамлекеттин бүтүндүгүн, өлкөнүн башка өлкөлөр менен болгон атаандаштыка туруктуулуктугун ойлобостон, жеке кызыкчылыктарын гана көздөшөт.

Ошондой эле ал саясий коррупцияны жок кылуу мамлекеттин пираритеттүү маселеси болуш керектигин кошумчалады. Анын баамында ошондо гана кийинки 5 жылдыкта өзгөрүүлөр болушу мүмкүн.

Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиргендей, жалпысынан №26 Ленин округуна кайра шайлоо өткөрүү процесстери үчтөн бирге кыскарат. Аталган округдагы шайлоочулардын тизмеси ушул жылдын 19-июлуна чейин аныкталып, www. tizme.gov.kg сайтына жарыяланат. Ал эми шайлоо участкаларына шайлоочулардын тизмеси 25-июлга чейин илинет. Шайлоочулар өздөрүн 30-августка чейин тизмеден тактап алса болот. Талапкерлерди каттоо жана көрсөтүү процесси 10-августка чейин жүрөт. 21-августта каттоо аяктап, шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү башталат. Бул добуш берүүгө 24 саат калганча, тагыраагы, 9-сентябрь эртең мененки 8:00гө чейин уланат. 9-сентябрда добуш берүү тилкелерине бара албагандар үчүн көчмө добушканалар уюштурулат. 10-сентбярда шайлоо өтөт. Шайлоонун  рамсмий жыйынтыгы 24-сентябрга чейин чыгат.

13-июлга карата Борбордук шайлоо комиссиясына Бишкектин №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты болууга эки талапкерден арыз түштү. Алар буга чейинки шайлоого катышкан Эртай Исаков жана Алмаз Аскар уулу.

Copyright © 2017 Maral FM