Connect with us

Криптовалюталардын пайда болуу жана өнүгүү тарыхы

Кыска кабар , Пикирлер | 7 Июл 2023 | 1130 | 0

Улуттук банк Кыргызстада виртуалдык активдер, башкача айтканда криптовалютаны пайдалануу, жөнгө салуу жөнүндө маалымат берди.

Виртуалдык актив деген эмне?

Виртуалдык актив – электрондук санариптик формадагы маалымат (криптовалюта, санариптик коллекциялык буюмдар, оюндардагы санариптик буюмдар ж.б.)

Виртуалдык активдердин ичинен алгачкы жана белгилүү болгондорунун бири криптовалюталар болгон. Анын эң кеңири таанылганы Bitcoin криптовалютасы 2009-жылы түзүлгөн.

Bitcoin — коопсуз жана анонимдүү транзакцияларды жасоого мүмкүндүк берген, биринчи борборлоштурулбаган криптовалюта болгон. Bitcoinдин пайда болушу кызыгууну жаратып, Ethereum, Litecoin жана башка көптөгөн криптовалюталардын иштелип чыгуусуна өбөлгө түзгөн.

Виртуалдык активдер блокчейн технологиясына негизделген, виртуалдык активдерге ээлик кылуу укугун белгилөөгө жана тастыктоого, ошондой эле чогултууга, атууга мүмкүн болгон уникалдуу жана чектелген нускадагы объекттерди түзүүгө мүмкүндүк берет.

Учурда виртуалдык активдер барган сайын популярдуу болуп, жашоонун ар кандай чөйрөсүнө тарап жатат. Мисалы, кээ бир сүрөтчүлөр блокчейн жана NFT (Non-Fungible Token, өз ара алмашууга мүмкүн болбогон токен) технологияларын колдонуу менен санарип көркөм өнөр чыгармаларын жаратышат.

Виртуалдык активдерди кантип колдонсо болот?

Виртуалдык активдерди колдонуу мүмкүнчүлүктөрү ар түрдүү. Негизинен виртуалдык активдерге негизделген блокчейн технологиясы дүйнөлүк коомчулук тарабынан салыштырмалуу жакында гана таанылганына карабастан, ал түрдүү чөйрөлөргө кеңири тарап жатат. Мында виртуалдык активдерди колдонуунун кээ бир мисалдары келтирилген, алар:

— инвестициялар: Виртуалдык активдер, анын ичинде криптовалюталар, инвестиция катары колдонулушу мүмкүн.

Адамдар виртуалдык активдерди сатып алууну жана сатууну активдер кымбаттайт деген үмүт менен жүзөгө ашырат. Бирок, виртуалдык активдер туруксуздук жана капиталды жоготуу тобокелдигине дуушар болот, ошондуктан инвестициялоонун алдында рынокту кылдат изилдеп, негиздүү чечимдерди кабыл алуу керек.

— коллекциялык буюм катары чогултуу: Виртуалдык активдерди санариптик көркөм өнөр же виртуалдык карталар сыяктуу уникалдуу санариптик буюмдарды чогултуу үчүн колдонууга болот. Бул буюмдар блокчейн жана NFT технологиясынын жардамы менен чектелген нускаларга ээ болушу мүмкүн.

— экономикалык өсүш: Виртуалдык активдер экономикалык өсүшкө жана жаңы тармактардын өнүгүшүнө салым кошо алат. Алар инновацияларга дем берип, блокчейн технологиясына негизделген жаңы бизнес мүмкүнчүлүктөрүн сунуштайт, жаңы рынокторду жана тармактарды өнүктүрүүгө шарт түзөт.

— оюн индустриясы: Виртуалдык активдер оюн индустриясында кеңири колдонулат. Оюн платформасы оюн ичиндеги виртуалдык буюмдарды, оюн валютасын жана башка ресурстарды сатып алууга, сатууга, оюн тажрыйбасын өркүндөтүүгө же кийинчерээк кадимки кагаз акчага алмаштырууга мүмкүн болгон виртуалдык активдерди иштеп табууга мүмкүндүк берет.

Кыргызстанда виртуалдык активдер жөнгө салынабы?

Жөнгө салынат, 2022-жылдын 28-июлунда «Виртуалдык активдер жөнүндө» мыйзам күчүнө кирген.

2022-жылдын 5-августунда «Виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамы кабыл алынган, ага ылайык:

-виртуалдык активдер жарандык укуктардын объектилерине кирген;

-виртуалдык активдер кызматтарын көрсөтүүчүлөр финансылык мекемелердин тизмесине кошулган;

-виртуалдык активдер кызматтарын көрсөтүүчүлөрдүн иши лицензиялануучу иштин түрлөрүнө киргизилген.

Андан кийин министрлер кабинетинин 2022-жылдын 16-сентябрындагы  токтому менен «Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы жөнүндө» жобого виртуалдык активдер рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча милдеттер киргизилди. Ошондой эле бир катар ченемдик укуктук актылары бекитилди.

Улуттук банк башкармасынын 2023-жылдын 3-февралындагы токтому менен виртуалдык активдерге тиешелүү кызматтарды көрсөтүү тартиби бекитилген. Анда коммерциялык банктарга виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдан тиешелүү лицензияны алуу үчүн Улуттук банктын макулдугун берүүнүн тартибине жана банктардын ишин жөнгө салуу тартибине карата талаптар каралган.

Виртуалдык активдер кызматтарын көрсөтүүчүлөр кимдер?

Мыйзамга ылайык, виртуалдык активдер кызматтарын лицензиянын негизиндеКыргызстанда катталган юридикалык жактар көрсөтө алат. Виртуалдык активдер кызматтарын түрлөрү:

виртуалдык активдерди сатып алуу жана сатуу (алмаштыруу), алмашуу, которуу, сактоо, башкаруу жана контролдоо, эмитенттин виртуалдык активдерин баштапкы жайгаштырууга жана (же) сатууга байланышкан финансылык кызмат көрсөтүүлөр.

Учурда виртуалдык активдерди сатып алуу жана сатуу (алмашуу), алмаштыруу кызматтарын көрсөткөн операторлордун иши — криптобиржа каралган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM