Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан «акылдуу шаар» курууга бел байлады

Саясат | 30 Июн 2023 | 655 | 0

Бүгүн, 30-июнда Ысык-Көлдөгү Асман экошаарынын курулушуна капсула салынды. Ага президент Садыр Жапаров, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев жана чет өлкөлүк компаниялардын өкүлдөрү катышты. «Асман» экошаарынын долбоорун AXX Investment Group компаниясы иштеп чыккан. Долбоордун алкагында Индиянын «Тата» компаниясы жана Adani Group компаниясы, Дубайдын, Малайзиянын, Американын, Сингапурдун жана Түркиянын ишкерлери инвестиция салат. Ысык-Көл райондагы Чырпыкты айылынын карамагындагы жерге салына турган шаардын аянты 4015 гектарды түзүп, 500 миң-700 миң адамдын жашоосуна ылайыкташат жана аны курууга 20 миллиард доллар сарпталат. 

Бүгүн Ысык-Көлдөгү «Асман» шаарынын курулушуна капсула салынды. Ага президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Шакиев жана Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, чет өлкөлүк компаниялардын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.

«Асман» экошаарынын долбоорун AXX Investment Group компаниясы иштеп чыккан. Долбоорду ишке ашырууга Индиядан «Тата» компаниясы жана Adani Group компаниясы, Дубайдан, Малайзиядан, Америкадан, Сингапурдан, Түркиядан келген компаниялар катышат.

Шаар төрт бөлүктөн турат: биринчиси, акылдуу шаар, экинчиси, соода-сатык шаары, үчүнчүсү, спорт шаары, төртүнчүсү, көңүл ачуу шаары. Долбоор боюнча шаарда дүйнөдөгү эң чоң мечит курулуп, анын жарымы көлдүн үстүндө, жарымы кургакта болот. Ошондой эле эл аралык деңгээлдеги музей курулат. Шаарда ылдам поезд жүрүп, электромобилдерди кубаттоочу жайлар менен жабдылат. Көп тилкелүү аба майданы түшөт. Жети жылдыздуу мейманканалар жана казинолор болот.

Президент инвесторлордун коопсуздугуна кепилдик берип, шаар курууда көлдүн экологиялык абалына дыкат көңүл буруларын, бардык эреже сакталарын белгиледи.

«Албетте, шаар куруу, айрыкча, акылдуу шаар куруу – бул өтө тыкыр пландоону, эксперттик жана координациялык аспектилерди талап кылган абдан татаал технологиялык процесс. Мында айлана-чөйрөгө зыяны тийбегендей материалдар менен технологияларды колдонуу, энергиянын кайра жаралуу булактарын интеграциялоо, таштандыларды чыгаруунун туруктуу системасын камсыз кылуу, ландшафттык пландоодо мыкты дизайн иштеп чыгуу жана башка бир топ экологиялык, инновациялык маселелер эске алынышы кажет».

Шаардын башкы планын башкеңсеси Дубай шаарында жайгашкан Artek Group архитектуралык компаниясы иштеп чыккан. Ага ылайык, шаардын аянты 4015 гектарды түзүп, 500 миң-700 миң адамдын жашоосуна ылайыкташат.

Экономист, ишкер Эльдар Абакиров Ысык-Көл райондагы Чырпыкты айылынын карамагындагы жер тилкеси ичке болгондуктан 500 миң адамды батыруу кыйындыгын айтат. Ошондой эле ал шаарды курууда биринчи кезекте канализация маселеси турарын белгиледи.

«Албетте, жаңы шаар салган сонун. Бирок 500 миң кишилик шаар — Ош деген сөз. Белгиленген тилкеге Ош батпайт. Ошондуктан экошаарча же туристик экошаарча деп атап койсо болмок. Ал жерде биринчи кезекте канализация жана тазалоочу жабдууларды ойлонуу керек. Болбосо агындылар көлгө өтсө, көлдөгү биобактериялар жоголуп кетсе, таза болбой калат. 500 миң адамдык шаар куруу кыйын, анткени Ысык-Көл облусу боюнча жарым миллион эл жашайт. Курулуш жүрө турган Чырпыкты, Тору-Айгыр аймактары өтө ичке жер, үстү тоо, асты көл, арасы 10-15 км, чоң шаар бата турган жер эмес. Эми жакшы ниет кылып туралы, көлдүн экологиясы маанилүү, ошол жакка зыяны тийип калбаса эле болду».

Алдын ала эсептөөлөр боюнча Асманды салууга 20 миллиард доллар сарпталат. Курулуш иштери толугу менен инвесторлордун эсебинен жүргүзүлөт. Баштапкы имараттарды корей компаниясы курат. Түштүк кореялык компания 1 миллиард доллардан 10 млрд долларга чейин  инвестиция салууга кызыкдар экендигин билдиришкен.

Корей булактарынан алынган маалыматка караганда, Promise Land компаниясы келечектеги экошаарларды курууга багытталган. Компаниянын тизмесинде буга чейин ишке ашырылган бир нече долбоор бар.

Кореялык компания Асман шаарынын бир гана бөлүгүн куруп берет. Долбоордун алкагында 30 миң турак жай салынат, ага элиталык террасалуу үйлөр, 10-30 кабат комплекстер жана башка имараттар кирет.

Асмандын курулушуна капсула салуу иш-чарасына катышкан ишкер Рысгүл Акимжанова долбоордун баяндамасынан ишенимдүү сандарды көрө албаганын, бирок Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу шаар курууга бел байлоо чоң эрдик экенин айтты.

«Негизи чакан завод салганда деле бизнес-план иштеп чыгабыз, долбоорду чийдиребиз, жол картасын жаздырабыз, өзүбүз каржылык отчётун жазып чыгабыз. Мен бул долбоор боюнча ушундай нерселерди күткөм, бирок андай нерсени көргөн жокмун. Келген инвесторлор да сүйлөп, презентация кылып жатышты, бирок алардан да сандарды көргөн жокмун, жалпы эле сүйлөп жатышты. Бизнес катары караганда мага эч кандай ишеним жараткан жок. Ошол эле убакта менин ачык каршы чыкпай жатканымдын бир себеби бар: жалпылап ала турган болсок, кыргыздар өмүрү шаар курган эмес. Шаарларыбыз СССРдин таасири менен курулган. Азыр өзүбүз шаар кура турган убакыт келди. Азыр ушинтип тобокелчиликке барып, шаар курууга киришкенине ичимен ыраазы болуп жатам».

2021-жылдын июль айында кыргыз бийлиги 4 миң гектар жерди ээлеген, «Асман» деп аталган экологиялык шаар куруу планын жарыялаган. Бул шаар өлкөнүн экономикалык жана туристтик борбору болору айтылган. «Асман» шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекция түзүлүп, анын башына ишкер Тимур Файзиев келген. Көп өтпөй ал кызматтан алынып, ордуна Руслан Акматалиев дайындалган.

Алдын ала маалымат боюнча, Асман шаары 7-10 жылда толук курулуп бүтөт.

Copyright © 2017 Maral FM