Биз менен байланышыңыз

Кылмышка шектүүлөргө электрондук чип көзөмөлү колдонулат

Саясат | 27 Июн 2023 | 818 | 0

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралды. Демилгечи юстиция министри Аяз Баетовдун айтымында, мыйзамдын негизги максаты абактагылардын санын азайтуу, жаза мыйзамдарын гумандаштыруу жана сот адилеттигин ишке ашыруу болуп саналат. Бул мыйзам аркылуу «электрондук байкоо жүргүзүү» деген жаңы бөгөт чарасы киргизилет.

«Бул бөгөт коюу чарасы кылмыш жасаган, айыпталган адамдарга прокурор, судья, тергөө судьясы тарабынан колдонулат. Бирок өзгөчө оор кылмыштар менен кармалгандарга колдонулбайт. Жаңы бөгөт коюу чарасы СИЗОлордогу жүктөмдү азайтууга, абактагылардын санын кыскартууга, бюджетти үнөмдөөгө багыттталган. Ошондой эле аларга колдонулган мажбурлоо чараларын гумандаштырууга мүмкүндүк берет». 

Бул мыйзам долбоору кабыл алынса, алгач пилоттук режимде ишке ашат. Эгер Бишкек шаарында бул долбоорду ишке ашыруу каралса, ага бир миллион долларга жакын каражат сарпталары болжолдонууда. Азырынча бул мыйзам долбоорун ишке ашырууга канча акча кетери толук эсептелген эмес.

Талкууда депутат Динара Ашимова долбоорду ишке ашырууда кылмышка шектүүлөргө колдонулуучу электрондук билериктер менен көзөмөл жүргүзүү процесстерин тактады. Ал бул мыйзамды колдой тургандыгын, электрондук чараларга өтүү мезгил талабы экендигин белгиледи. Ошондой эле ал башка укук органдарында бул мыйзамдын ишке ашырылышын топтом менен алып келүүнү сунуштады.

Юстиция министри Аяз Баетов белгилегендей, кылмышка шектүүлөрдү көзөмөлдөөдө электрондук билериктен тышкары башка да техникалык каражаттар, айталы, саат, телефон, чип сыяктуу электрондук ыкмалар киргизилет.

Электрондук билериктерди колдонуу бөгөт коюу чараларынын салттуу формалары менен катар колдонулуучу натыйжалуу жана үнөмдүү чара, ошондой эле камакка алууга жана тергөө абагына киргизүүгө да кошумча чара болушу мүмкүн.

Депутат Алишер Эрбаев бул мыйзамды ишке ашыруу менен жеке маалыматтарды жашыруунун механизмин иштеп чыгууну сунуштады.

«Бул жерде жеке маалыматтарды жашыруунун механизмин иштеп чыгуу керек. Мындан сырткары сот өндүрүүчүлөрүнүн катышуучуларынын укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамдык-ченемдик актылар бар. Ошол жерге өзгөртүүлөрдү киргизүү керек. Ошолордун баарын киргизип, бир топтом менен алып келсеңер болмок. Азыр эми кайрадан кирип калат».

Электрондук байкоо түрүндөгү бөгөт коюу чарасы ыйгарым укуктуу органга айыпталуучунун кыймылын жана тергөө, прокурор, судья жана сот тарабынан белгиленген чектөөлөрдүн сакталышын көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет, ошондой эле айыпталуучуга ишин улантууга жана өзүнүн күнүмдүк жашоосун жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү аталган мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.

Copyright © 2017 Maral FM