Биз менен байланышыңыз

Эми бажы төлөмдөрүн онлайн төлөсө болот

Коом , Экономика | 27 Июн 2023 | 670 | 0

Өлкөдө бажы төлөмдөрүн онлайн төлөөгө мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Онлайн төлөм системасы бажы кызматын санариптештирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында жүзөгө ашты. Бул бажы алымын төлөөнү жеңилдетип, ошондой эле бажылык тариздөө процессин тездетет. Бүгүнкү күндө жарандар «РСК Банк» аркылуу бажы төлөмдөрүн онлайн төлөсө болот. Мындан сырткары Бажы кызматы башка коммерциялык банктар аркылуу да онлайн төлөмдөрдү ишке киргизүүгө аракет жасап жатат.

Эми бажы төлөмдөрүн «РСК банк» аркылуу онлайн төлөөгө мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн Мамлекеттик бажы кызматынын алдын ала болжолдоо жана эсепке алуу бөлүмүнүн башчысы Айзада Халикова билдирди.

Анын айтымында, учурда коммерциялык банктар менен да бажы төлөмдөрүн онлайн түрдө төлөөнү киргизүүгө аракеттер көрүлүп жатат.

«Биз «РСК банк» менен биргеликте бажы төлөмдөрүн реалдуу убакытта накталай эмес жол менен төлөөнү ишке киргиздик. Жаңы төлөм ыкмасы тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучуларына бажы төлөмдөрүн «РСК банктын» интернет-банкинги аркылуу төлөөгө мүмкүндүк берет, ошол эле учурда бажы төлөмдөрү Мамлекеттик бажы кызматынын системасында дароо көрсөтүлөт. Бул бажы төлөмдөрүн төлөө жол-жобосун жеңилдетет жана бажылык тариздөө процессин тездетет».

«РСК Банк» ААКынын төрагасынын орун басары Медет Таиров банктын мобилдик тиркемеси аркылуу бажы төлөмдөрүнүн эки түрүн төлөөгө болорун белгиледи.

Муну менен катар Таиров бул кызмат элдин убактысын үнөмдөөгө жардам берип, кезек күтпөстөн кыска убакыт аралыгында төлөөсүнө шарт түзөрүн айтат.

Мындан сырткары ал онлайн төлөм кардарлар жана Бажы кызматкерлери үчүн да ыңгайлуу система экенин кошумчалады.

«Кардарлар «аванс бажы төлөмдөрүн» жана «пакет белгиси боюнча бажы төлөмдөрүн» онлайн төлөй алышат. Учурда кызмат «РСК банктын» кардарларына гана жеткиликтүү жана таптакыр бекер. Мындай учурда төлөм бажы кызматында дароо көрсөтүлөт. Кардарлар жумуш эмес күнү да төлөй алышат. Банкка барып, кезек күтүп, иш күндөрү эле төлөп келишсе, эми каалаган убагында төлөй алышат. Телефон аркылуу эле төлөй беришет. Биринчи кезекте ар бир жаран үчүн өтө ыңгайлуу болот. Бажы төлөмдөрүн онлайн төлөө калк арасында кыска убакыт аралыгында жайылат деп ойлойм. Бул долбоор бажы төлөмдөрүн төлөөнү жөнөкөйлөтүү жана бажылык тариздөөнү тездетүү максатында иштелип чыкты».

Ал эми Бажы кызматынын инженердик-техникалык тобунун долбоорлорунун координатору Урмат Мекишов жакында бажы кызматына түз чалууларды кабыл алган борбордун ишке кириши пландалып жатканын айтты.

Ал жакка бажы төлөмдөрдү төлөөчү физикалык жана юридикалык жактар кайрылып, керектүү маалыматтарды ала алышат.

Мындан сырткары учурда Бажы кызматын санариптештирүү максатында башка дагы иштер жасалууда:

«Бүгүнкү күндө Бажы кызматында санариптештирүү багытында чоң иштер жүрүп жатат. Учурда төлөмдөрдү онлайн кабыл алуу ишке ашырылды. Мындан сырткары бажыдагы санариптештирүүгө байланышуу бардык иштер кардарларга ыңгайлуу шарттарды түзүүгө ылайыкташтырылган кызматтарды жасоо болуп эсептелет. Ошондой эле жакынкы арада колл-борборду ишке киргизгени жатабыз. Ишке киргенден кийин биздин кардарлар бардык суроосуна борбор аркылуу жооп ала алышат. Кардарлар 1240 кыска номери менен бажы кызматынын колл-борборуна чалса болот».

Мамлекеттик бажы кызматы буга чейин бирдиктүү автоматташтырылган маалымат системасын ишке киргизген.

Аталган система аркылуу жүзөгө ашырылуучу жүк ташыган транспорт каражаттарынын өткөрмө пункттарына келиши жана алардын бажылык тариздөө жайларына кетиши менен байланышкан бардык операциялар онлайн көрсөтүлүп турат.

Copyright © 2017 Maral FM