Биз менен байланышыңыз

Бишкектин көчөлөрү Кытайдан келе турган 1000 автобусту батыра алабы?

Коом , Экономика | 23 Июн 2023 | 599 | 0

Бишкек шаарына Кытайдан 1000 автобустун келери кабарланды. Мэриянын маалыматына караганда, автобустар Бишкекке кезек-кезеги менен жеткирилет. Тагыраагы, 500 автобус быйыл, калганы эмдиги жылы берилет. Жол тармагы боюнча адистер шаардын жолдору 1000 автобус кабыл алууга даяр эмесин айтышууда. Ошондой эле алар борбор калаанын көчөлөрүнүн абалын жакшы эмес деп баалашат.

Жеке менчик компаниялардын өкүлдөрү Бишкек шаарынын мэриясына кайрылып, Кытайдан 1000 автобусту алып келерден мурун жолдорду оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, аларга шарттарды түзүп берүү керектигин айтышууда. Мындан сырткары көчөлөрдүн сыйымдуулугуна да көңүл бурууга чакырышты.

«Эко жүргүнчүлөрдү ташуу» ишканасынын директору Кубанычбек Исманов бүгүнкү күндө борбор калаанын жолдору тар экенин, аялдамалар да жетишсиз экенин белгиледи.

«Биздин шаарда жолдор да тар, аялдамалар да аз. Маселени өзүбүз чечели десек, мэрия менен иштешүүгө мүмкүнчүлүк болбой жатат. «Жаңы автобустар келет, алардын келиши менен коомдук транспорттордун жол жүрүү схемасын өзгөртөбүз» деп жатышат. Ал эми маршруткаларды шаардын четине чыгаруу пландалууда. Аларды шаардын четиндеги конуштарга чыгарганда, ал жактын эли борбор аркылуу жүрүшү керек. Мисалы, «Дордой» тараптан келе жатып Жибек жолунан кайрылып кетсе, эл кайра башка транспортко отуруп үйүнө жетиши керек болот. Ушул жагы туура эмес болуп калат. Маршруткалар менен автобустарга бирдей укук берүү керек. Элге коомдук транспортту өзү тандаганга шарт түзүү керек».

Дагы бир ишкананын жетекчиси Майрамбек Жекшенов Бишкек шаарындагы жолдордун абалы 1000 автобусту кабыл алууда талаптарга жооп бербей турганын айтты.

Ал чоңураак автобустар алып келинсе, шаардын көчөлөрүндө жүрө албайт деп эсептейт.

Ошондой эле мэрияда жол тармагын караган адистердин ишин сынга алды.

«Бүгүнкү күндө коомдук транспорт боюнча көптөгөн көйгөйлөр болуп жатат. Бизде жол тармагын мыкты билген адистер жок. Эгер мэриянын жол тармагын көзөмөлдөгөн кызматтарында кесипкөй адистер болгондо, алар мындай көйгөйлөрдү чечишмек. Жол тармагында атайын политехникалык окуу жайды бүтүп, ошол тармакты мыкты түшүнгөн адистер иштеши керек. Автобустун келишине каршы эмеспиз. Шаарыбыз өнүгүп, гүлдөп турса жакшы. Чоң-чоң автобустар келсе жакшы. Мисалы, 8 метр автобус келсе, биздин шаардын көчөлөрүндө жүрө албайт. Эки автобус туруп калса, аялдаманы толук жаап салат».

«Альянс» автобустар ассоциациясынын төрагасы Григорий Николай Бишкек шаары чоң экенин, буга байланыштуу коомдук транспорттордун санын көбөйтүү керектигин айтат.

Ал жаңы автобустарды кабыл алуудан мурун жолдорду ылайыкташтыруу керек экенин кошумчалады.

«Бишкек шаарында акыркы жылдары жаңы конуштар көбөйүп жатат. Буга байланыштуу тургундарды тейлөө үчүн коомдук транспорттор да жетиштүү болушу керек. Бирок жаңы конуштардагы жолдордун абалы баарына белгилүү. Ал жакка коомдук транспорттун барышы кыйын. Ал эми автобустарды ал жерлерде айдоо маршрутканы айдагандан да оор. Ал жолдордо автобус жүрө албайт. Кайра бузулуп, аны оңдоого да бир топ чыгым кетет».

Ал эми Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Коомдук транспорттун пландык чыгууларына жана кыймылына мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Акылбек Аскаров Кытайдан автобустарды сатып алууга мамлекеттик бюджеттен 4 млрд 806 млн сом бөлүнгөнүн маалымдады.

Муну менен катар ал учурда шаарда коомдук транспортторго муктаждык бар экенин белгиледи.

Мындан сырткары Аскаров борбор калаанын көчөлөрү бул автобустарды кабыл алууга даяр экенин кошумчалады.

«Келишимдин шарты боюнча алгачкы 500 даана автобус ушул жылдын 3-кварталында келиши күтүлүп жатат. Калган 500ү 2024-жылдын 1-кварталында келери күтүлүүдө. Биздин жолдор даяр. Автобустар батат. Мындан сырткары дагы 7 долбоор даярдап, талкууга чыгардык. Ал жакта автобустарды кабыл алуу боюнча каралган. Бүгүнкү күндө шаарда коомдук транспорт жетишсиз. Ушундай заманбап автобустарга муктажбыз».

Президент Садыр Жапаров 20-майда Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Шаньдун провинциясынын Цзинань шаарында автобус чыгаруучу заводго барган. Буга чейин бул заводдон Бишкек үчүн газ кыймылдаткычтуу 120 автобус сатылып алынган. Алар сыноодон ийгиликтүү өткөндүктөн, бул маркадагы автобустун дагы 1000 кошумча партиясын сатып алуу жана Бишкекке жеткирүү чечими кабыл алынган эле.

Copyright © 2017 Maral FM