Биз менен байланышыңыз

Депутаттык комиссия Мадумаровдун иши боюнча төрт жолу жыйын өткөрдү

Кыска кабар | 19 Июн 2023 | 494 | 0

Жогорку Кеңештин «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаровду жоопко тартуу маселесине байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссия төрт жолу чогулду. Бул тууралуу «Маралга» депуттатык комиссиянын жетекчиси, депутат Динара Ашимова билдирди.

Анын айтымында, учурда комиссия Башкы прокуратурадан алынган материалдар менен таанышып жатат. Азырынча жалпы жыйынга качан чыгары белгисиз.

«Комиссия иштеп жатат, төрт жолу чогулдук. Кылмыш иштери боюнча материалдарды алганбыз, таанышып жатабыз. Мазмунун сиздерге ачык айта албайм, анткени кызматтык маалыматтар болгондуктан, аны ачыктабоо милдетин алганбыз. Азырынча жалпы жыйынга качан алып чыгарыбыз белгисиз».

Башкы прокуратура Жогорку Кеңешке депутат, «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду жоопко тартуу үчүн макулдук сураган кат жолдогон.

Ал 31-майдагы жалпы жыйында күн тартибине кезексиз киргизилип, регламентке ылайык иштин жагдайын иликтеп чыгуу үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн.

Комиссиянын курамына Карим Ханджеза, Кундузбек Сулайманов, Миргүл Темирбаева, Гуля Кожокулова, Мурадил Сыдыков, Фарходбек Алимжанов, Мирлан Самыйкожо, Динара Ашимова кирген.

Башкы прокуратура Мадумаровду жоопко тартууга макулдук сурады

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM