Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик агенттик түзүлсө, туризм тармагы алдыга жылабы?

Саясат | 15 Июн 2023 | 513 | 0

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Надира Нарматова туризм тармагындагы маселелерди көтөрүп, мамлекеттик агенттик түзүүнү сунуштады. Ал буга чейин түзүлгөн туризм фонду жакшы иштей албаганын сындап, жалпы эле туризм тармагы боюнча жумушчу топ түзүү зарыл экенин эскертти. Ал эми туризм тармагынын мурдагы жетекчилеринин бири департаменттин ордуна агенттик түзүлсө, иш алдыга жылат деп эсептейт. Дагы бири Туризмди өнүктүрүү фонду кайталанма мекеме болуп калганын сындады. 

Парламенттин 15-июндагы жыйынында депутат Надира Нарматова туризм боюнча мамлекеттик агенттик түзүүнү сунуштады.

Анын айтымында, өлкөдө туризмди өнүктүрүү максатында Туризмди колдоо фонду түзүлгөн, бирок каражат максатсыз сарпталган. Мындан сырткары эл өкүлү Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин алкагында туризм жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүүнү сунуштады.

«Кыргызстан — 22 түрдүү экосистемага ээ болгон, олуттуу рекреациялык потенциалы бар өлкө. Ички жана эл аралык туризмди өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүктөрүбүз бар. Кыргызстандан 5 миңден ашык тарыхый эстелик табылган. Тоо туризми жана альпинизмди өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүк турат. Туризмди өнүктүрүү фондуна 1 млрд сом бөлүнгөн эле, бирок акча таланып-тонолуп кеткенине учурда ал фонддун жетекчиси жоопкерчиликке тартылып жатканы далил болуп турат. 14 кызматкер иштеген Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты боюнча департамент бар. Бул чоң тармакты 14 кызматкер менен өнүктүрүү мүмкүн эмес. Бүгүнкү күндө туризм тармагында так, өз ара аракеттешүү деген жок. Буга байланыштуу бирдиктүү саясатты жана программаны иштеп чыгып, туризм боюнча мамлекеттик агенттик түзүүнү сунуштайм».

Туризм департаментинин жетекчиси Самат Шатманов департамент жакында эле Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен Экономика министрлигине өткөнүн билдирди.

Ага Туризмди өнүктүрүү фондунун ушул министрликке караганы, фонд менен бирдиктүү саясат жүргүзүү демилгеси себеп болгон.

Мындан сырткары Шатманов департамент өз алдынча министрликтерден көз карандысыз агенттик болсо, азыркыдан да жакшы шарттар түзүлмөгүн айтат.

«Азыркы күндө фонддун өзүнүн долбоорлору бар. Бүгүнкү күндө штаттык режимде иштеп жатат. Бардык долбоорду аягына чыгаруу пландалган. Азыр Туризм департаментин Экономика министрлигине алып барып бирдиктүү саясат жүргүзүп жатканы жакшы өбөлгө түздү. Себеби департамент менен фонд бирдиктүү саясат жүргүзүп жатат. Департмент өзүнчө агенттик же министрлик болсо, жакшы шарттар түзүлмөк. Себеби Кыргызстанды туризмдин өлкөсү дейбиз. Ошого жараша мекеменин да деңгээли болсо жакшы болот».

Туризм департаментинин мурдагы директору Максат Дамир уулу жетекчи болуп турган кезде туризм багытында мамлекеттик агенттик түзүүнү бир канча жолу сунуштаганын, бирок колдоо таппаганын айтты.

Ошондой эле ал агенттиктин структурасы кандай иш алып барышы керектигине токтолду.

«Агенттиктин структурасы кандай болушу керектиги боюнча да өзүмдүн оюм бар. Мен муну мурун да сунуштап келгем, бирок колдоо тапкан эмес. Агенттик болуп кала турган болсо, фонддун функцияларын агенттиктеги 2-3 бөлүмдөргө бөлүп, кадрларды туура тандап, аларга жүктөө керек. Агенттикте юридикалык, мыйзам долбоорлорду даярдоо, инвестиция тартуу, инфратүзүм, ишкерлерге көмөк көрсөтүү, маркетинг сыяктуу бир-бири менен тыгыз иштеген, ошол эле учурда ар бири өзүнчө иштерди алып барган бөлүмдөр түзүлүшү керек. Андан сырткары облустардын, кээ бир аймактарда райондун деңгээлинде агенттикке караштуу туризмди өнүктүрүү боюнча бөлүмдөр болушу керек. Алар ишкерлерге жеринен жардам берип, ыкчам чечимдерди кабыл алганга көмөктөшөт».

Мындан сырткары ал Туризмди өнүктүрүү фондунун ишке киргенин туура деп эсептейт, бирок фонддун пландары реалдуу түрдө кандай ишке ашып жатканына сереп салуу керектигин кошумчалады.

«Коюлган максаттар аткаруу жаатында кандай болуп жатат, ошого сереп салышыбыз керек. Инфратүзүмдөрдү жакшыртуу, инвесторлорду туризм жаатына тартуу, маркетинг иштерин жүргүзүү боюнча туризм фонду туура эле уюштурулган. Негизи эгемендик алгандан бери бизде туризмге мынчалык каражат бөлүнгөн эмес. Фонд аркылуу абдан көп суммадагы акча бөлүнүп, иштер башталды. Бирок ал канчалык деңгээлде жана канчалык бат ишке ашып жатканы башка суроо».

Бир жыл мурун түзүлгөн Туризмди өнүктүрүү фонду ички туризмди өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди, Кыргызстанды чет өлкөлөргө таанытууну жана инвестиция тартууну ишке ашырып келет.

Туризм тармагы боюнча адис Максат Чакиев өлкөдөгү туризм өнүктүрүүдө фонддун кажети жок экенин белгиледи.

Анын айтымында, фонд департамент жасаган ишти эле жасап жатат. Ошондой эле ал бир жыл ичинде фонд тарабынан конкреттүү кадамдар байкабаганын айтты.

«Жогорку Кеңеште көтөрүлгөн демилгени колдойм. Азыркы учурда бизде бири-бирин кайталаган орган болуп калды. Туризм департаменти башынан бери иштеп жаткан конституциялык орган. Ал эми фонд жакында эле өкмөттүн буйругу менен түзүлгөн структура. Анын Конституцияга, мыйзамга канчалык дал келери чоң суроо. Бир жыл ичинде фонддун конкреттүү кадамдарын, стратегияларын, иш-пландарын көрө алган жокпуз. Туризм чөйрөсүндө «Фондду түзүүнүн эмне максаты, кажети бар?» деген суроолор жаралууда».

Эскерте кетсек, 22-апрелде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети аталган фондго Кылмыш-жаза кодексинин «коррупция» беренеси менен иш козгогон. 28-апрелде Елена Калашникованын үйү тинтилип, 18-майда орун басары экөөнү камакка алган.

УКМКнын маалыматында фондго бюджеттен баштапкы капиталына миллиард сом бөлүнгөнү, бирок каражат максатсыз пайдаланылганы айтылат.

Ал эми фонддун дагы бир вице-президенти Кайрат Итибаев 1-июндан тарта кызматынан кеткенин билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM