Биз менен байланышыңыз

«Орун басардын көптүгү министрди «бекерпоз фигурага» айлантат»

Коом , Саясат | 14 Июн 2023 | 741 | 0

Президент Садыр Жапаров оптимизация жарлыгы чыкканы бир катар министрликтер, комитеттер кыскарып, айрым түзүмдөр бириккен, айрымдары жоюлган. Мунун аркасында мамлекеттик кызматкерлердин саны 30%га кыскарары маалымдалган. Жарлык канчалык жүзөгө ашканы боюнча ушул кезге дейре так маалымат берилбейт. Ошол эле учурда кечээ жакында парламентте көтөрүлгөн маселе, тагыраагы, экономика жана коммерция министринин жети орун басары бар экени коомчулукта кызуу талкуу жаратты. 

Серепчилер жетекчилердин орун басарларынын көп болушун сындап, экөө же үчөө жетиштүү деп эсептешет.

Жогорку Кеңештин 13-июндагы Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты комитетинин жыйынында «Субсидиялар жана кенемте чаралары жөнүндө» мыйзамдын аткарылышы жана өнөр жай ишканалары үчүн керектүү товарларды алып келүү, тейлөө маселелери каралды.

Талкуу маалында депутат Жеңишбек Токторбаев Экономика министрлигинин ишин сынга алып, министрдин жети орун басары бар экенин айтып чыкты.

«Борбордук аппаратта 208 адам иштейт экен. Айлыктары башка министрликтерге салыштырмалуу жогору. Бир жылдык бюджети жарым миллиард сомго жакын. 2022-жылы министрликке 473 млн сом каралган. Ал эми чет элдик иш сапарлары үчүн 18 млн сом бөлүнгөн. Акчаны кетиришет, майнап жок. Бул мамлекеттин акчасы, муну Акылбек Жапаровду чакырып, оптимизация кылуу керек. Элдин акчасын элге жумшоо керек».

Айта кетсек, бул министрликтен тышкары финансы министринин алты орун басары болсо, эң азы коргоо министринин эки орун басары бар. Калган министрлерге үчтөн, төрттөн, бештен орун басар дайындалган.

Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев орун басарлардын санына маани бербөөгө жана бул маселени саясатташтырбоого чакырат. Себеби бул ар бир ишкананын жүктөлгөн милдеттерине, иштин көлөмүнө, багыттарына жараша болот. Ар бир орун басардын аткарган ишин, натыйжасын карап, көзөмөлдөө керек.

«Ар бир орун басардын кандай милдети бар, эмне аткарып жатат, кандай натыйжа көрсөттү же жөн эле басып жүрөбү, ушул жагын алып кароо керек. Балким кээ бир министрликтерге он орун басар кылуу керек, аны чектөөнүн кажети жок».

Орун басарлар жетекчинин ыйгарым укуктарын аткарышат. Бул — министр ишин жети же алты кишиге бөлүп берип, өзү «саясий фигура» болуп, түз милдеттерин аткарбагандыгынын белгиси. Мындай пикирин экс-депутат Ишенбай Кадырбеков билдирди.

Ал орун басарлардын көп болушу натыйжасыз, экөө же үчөө жетиштүү деп эсептейт. Мындан сырткары министр орун басарларын өзү тандабасын, кимдер болорун «жогору жактагылар» чечип беришерин айтат.

«Өкмөт орун басарларды дайындап жатканда кылдаттык менен карап бекитиши керек. Өкмөт «министрди иштетебизби же иштетпейбизби?» деп көп жолу ойлонушу зарыл. Эгер министрди иштете турган болсо, анда эки-үч эсе кыскартуу керек. Эгер «жок, эптеп эле «саясий фигура» болуп жүрө берсин» десе, анда 8-10 орун басар бере берсин. Эң негизги жумушту аппараттагы бөлүм, башкармалыктын кызматкерлери аткарышат. Ошондуктан бийлик башындагылар ойлонушу керек».

Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев өлкөдө «оптимизация» делип айтылып, бирок тескерисинче, натыйжасыз кадрлар дайындалып, кийинчерээк «коррупцияга шектелип кармалды», «миллиондогон акчаларды уурдады» деген башаламан саясат жүрүп жатканын белгилейт.

Ал башка өлкөлөрдө орун басарлар кантип дайындаларын түшүндүрдү.

«Башка мамлекеттерде орун басарлар парламенттин элегинен өтүп, канча орун басар керек экенин, кайсы иштерди аткарарын далилдеп берип туруп, анан татыктуусун тандашат. Бизде парламенттин ыйгарым укугу жетишсиз болуп жатпайбы. Тескерисинче, парламент министрликтер алып келгендерди, кабинеттерине киргизип чыккандан кийин эле бекитип берип жатат. Бир-эки депутат эле каршы чыгат. Ошондуктан парламенттин алы жок болгондо, ушундай суроолор көп болот».

Министрлердин орун басарлары эмне иш аткарарына, эмне себептен орун басары көп экенине кызыгып, Экономика жана коммерция, Финансы министрликтерине кайрылганыбыздан эч кандай майнап чыккан жок.

Copyright © 2017 Maral FM