Биз менен байланышыңыз

Сөз эркиндигин басмырлаган мыйзам демилгелери талкууланды

Саясат | 13 Июн 2023 | 519 | 0
Сүрөт: Азаттык.

Бишкекте 13-июнда Кыргызстандагы сөз эркиндиги, адам укуктары боюнча мыйзам долбоорлорунун коркунучтарын талкуулаган тегерек стол болуп өттү. Ага жарандык коомдордун, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, журналисттер жана депутаттар катышты. Жыйында негизинен демилгеленген мыйзам долбоорлорунун тобокелчиликтери аталып, кандай кесепеттерге алып келе турганы айтылды. Темага алдыда кененирээк токтолобуз. 

Бишкекте өлкөдөгү сөз эркиндигине, адам укуктарына байланыштуу демилгеленген мыйзам долбоорун талкуулаган жыйын өттү. Анда Жогорку Кеңешке сунушталып жаткан «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» жаңы мыйзам долбоору, «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзам жана «Анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамдардын тобокелдиктери талкууланды.

Чыңгыз Айдарбеков Кыргызстанда «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамы менен «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоору жарандык коом менен мамлекетке чоң зыян алып келет деген шектенүүлөр бар экенин, андыктан мыйзам долбоорлорун терең иликтеп, тийиштүү органдарга жеткирүү керектигин белгиледи.

Ошондой эле «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамынын демилгечилеринин тизмесинде «Альянс» парламенттик фракциясынан бир да депутат жоктугун билдирди.

«Эки мыйзам боюнча, өзгөчө «Бейөкмөт уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча маалымат бере кетейин. Биздин фракциядан эки депутат «Чет элдик агент» мыйзам долбоорунун демилгечилеринин тизмесинен чыгышты. Бүгүнкү күндө бир да депутат демилгечи катары катышпайт. Биздин фракция бул мыйзам долбооруна каршы чыгат».

19-майда Жогорку Кеңешке «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштаган долбоор катталды. Аталган мыйзам долбоору башында коомдук талкуу үчүн 2022-жылдын ноябрында Надира Нарматова тарабынан чыгарылган, бирок кийинчерээк алып салынган. Май айында Нарматовага биргелешкен авторлор катары дагы 32 депутат кошулган. Бирок июнь айынын башында аталган мыйзамдын демилгечилеринин ичинен 6 депутат авторлуктан баш тартышты.

Сунуш кылынган документте демилгечилер коомдук талкуулоо мезгилинде эксперттер жана юристтер айткан тынчсызданууларды четке кагышкан.

Журналист Семетей Аманбеков учурда Кыргызстандагы сөз эркиндигине, көз карандысыз медиаларга, коммерциялык эмес уюмдарга, жарандык коомго тарыхта болбогон кысым болуп жатканын белгиледи.

Ошондой эле ал кечээ сабалган эркин журналист Ыдырыс Исаковдун окуясын мисал кылып, бир да бийлик өкүлү журналисттерди коргоп, мыйзам бузуу боюнча реакция болбой жатканына өкүндү.

«Бир катар активисттерге, укук коргоочуларга кылмыш иши козголуп, кесиптештерибиз мыйзамсыз өлкөдөн чыгарылды. «ПолитКлиника» менен «Кактус Медиага» миллиондогон доолор коюлуп, соттошуп жүрүшөт. Социалдык тармактарда атайы түзүлгөн фейк-фабрикалар көз карандысыз журналисттерди, жарандык активисттерди талап, аларга кибер куугунтук уюштуруп жатышат. Ошондой эле түрдүү акциялар уюштурулуп, анда көз карандысыз медиаларга карата ачык коркутуулар, кастык сөздөр айтылды. Тилекке каршы, кастык тилди колдонуу менен ачык коркуткандар жоопко тартылган жок. Кечээ кесиптешибиз Ыдырыс Исаковго кол салуу болду. Бул окуядан кийин бир дагы бийлик өкүлү колдоосун көрсөткөн жок. «Журналисттерди урбагыла, тийбегиле» деген сөз уккан жокпуз». 

Мындан тышкары ал «Массалык маалымат каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоору Мурат Укушевдин жеке позициясы менен жазылып, 90% сунуштар кабыл алынбаганын, анда демократияга дал келбеген нормалар киргизилгенин сынга алды.

Президенттин администрациясы «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоорун 16-майда коомдук талкууга койгон. Документти кайра иштеп чыгуу үчүн былтыр ноябрда жумушчу топ түзүлүп, аларга 15-майга чейин мөөнөт берген. Жумушчу топко кирген эркин медиалардын өкүлдөрү, юристтер принципиалдуу маселелер боюнча берген сунуштары кабыл алынбай, кайрадан каралбай калган мыйзам долбоору сунушталып жатканын айтышкан.

Кыргызстандагы  ишкерлердин эл аралык кеңешинин жетекчиси, экономист Аскар Сыдыков коомду коммерциялык уюм, өкмөттүк уюм деп бөлүнбөй, өлкөнү өнүктүрүү үчүн кайдыгер болбой, ар бир жаран өз сунушун бериши керектигин айтты.

«Талаптарды болтуруу үчүн баарыбыз чогуу иштешибиз керек. Мекенди өнүктүрүүгө кайдыгер болбой, өзүбүздүн сунуштарыбызды киргизип, салым кошушубуз керек. Элдин баарын «өкмөттүк -өкмөттүк эмес уюм, коммерциялык уюм-коммерциялык эмес уюм» деп бөлбөй, бириктирип, ынтымактуу болуп, мамлекетке колдон келишинче иштеп беришибиз керек».

Жарандык коомдук өкүлдөрү буга чейин да өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалы боюнча бир канча иш-чара өткөрүп, анда «Кыргызстандагы сөз эркиндиги коркунучтуу абалда» экенин маалымдашкан.

«Чек арасыз кабарчылар» эл аралык уюму дүйнөдөгү басма сөз эркиндиги боюнча жаңы рейтингин жарыялаган, анда Кыргызстан басма сөз эркиндиги боюнча 50 тепкичке төмөндөп, 180 өлкөнүн ичинен 122-орунга түшкөнү айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM