Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-казак логистикалык борборун куруу дымагы эмне берет?

Коом , Саясат | 12 Июн 2023 | 344 | 0

Кыргызстан менен Казакстан «Ак-Тилек» жана «Карасу» чек ара постторунун аймагына биргелешкен өндүрүштүк соода-логистикалык комплексин курат. Бул боюнча документке өткөн жумада Астанада өткөн эл аралык форумдун алкагында Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен Казакстандын соода жана интеграция министри Серик Жумангари кол койду.

Логистикалык комплекс курулса, кандай артыкчылыктар пайда болот? Өлкө экономикасына кандай таасирин тийгизет?

Кыргызстан менен Казакстандын «Ак-Тилек» жана «Карасу» автобекеттеринин аймагында биргелешкен өндүрүштүк соода-логистикалык комплексинин курулушу бир нече артыкчылыктарга ээ болот. Тактап айтканда, ага өндүрүштүк кооперация, жаңы өндүрүштөрдү жана жумушчу орундарды түзүү, этти жана айыл чарба продукциясын сактоо, кайра иштетүү, жаңы технологияларды тартуу жана башкалар кирет. Мындай маалыматты Экономика жана коммерция министрлигинин соода саясаты жана экспортту өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Жылдызбек Жумаков айтты.

«Биргелешкен кыргыз-казак өндүрүштүк соода-логистикалык комплексин түзүү экспортко багытталган экономикалык жактан натыйжалуу долбоорлорду ишке ашырууга жана экономиканын айрым секторлорунун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга, анын ичинде өндүрүштү жана сатууну башкаруунун алдыңкы технологияларын колдонуу аркылуу жогорулатууга мүмкүндүк берет».

Аталган логистикалык комплекстин базасында келечекте сүт азыктарын өндүрүү, жер-жемиш жана мөмө-жемиштерди кайра иштетүү, консерваланган төө буурчакты чыгаруу, этти кайра иштетүү, бээнин сүтүнөн капсула түрүндө жасалган биоактивдүү кошулмаларды, фармацевтикалык препараттарды, кийим-кечелерди жана башкаларды чыгаруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда.

Экономист Элдар Абакиров курула турган логистикалык борборду Казакстандын «Хоргос» базарына окшоштурат. Ал казак-кытай мамилесине караганда, кыргыз-казак алакасы кыйла жакшы болушу керектигин, Орто Азия интеграция биримдигине баруу зарылдыгын белгилеп, аталган долбоордун иштеп кете алышына көзү жетпей турганын мындай түшүндүрдү.

«Евразия Экономикалык Биримдигинин мисалы менен биз чек арадагы көзөмөлдөрдү алып салсак жакшы болмок. Ошол эле чек арачыларды, салык, ветеринардык, фитосанитардык көзөмөлдөрдү алып салып эле эки өлкө ачык соода жана башка кызматташтыкка өтсө, андан да жакшы натыйжа чыкмак. Буга окшогон долбоорлордун иштеп кетерине көзүм жетпейт. Кытай менен Казакстандын мамилеси башка, ал эми Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда такыр башка алака. Биз менталитет, маданият жана көптөгөн башка тармак боюнча окшошпуз. Ошондуктан бул жерде Орто Азия интеграция биримдигине өтүү зарылчылыгы турат».

Соңку жылдары кыргыз-казак чек арасындагы автоунаалардын кезеги көп катталып келет. Бул маселе Жогорку Кеңеште бир нече жолу көтөрүлүп, депутаттар Евразия Экономикалык Биримдигинен чыгуу керектигин да айтышкан.

Кыргызстандык товар өндүрүүчүлөр негизинен айыл чарба продукциясын Казакстандын өзүнө жана Орусияга ташыйт.

Айыл чарбаны колдоо борборунун директору, ишкер Эрлист Акунбеков жергиликтүү айыл чарба азыктарын башка өлкөлөргө экспорттоодо көйгөйлөр көп экенин айтты. Ал эми соода-логистикалык комплекстер кайра иштетүүгө, сыртка чыгарууга жакшы шарттарды түзүп бере турганын, курула турган комплекс өлкө экономикасына, айрыкча айыл чарба тармагына зор салым кошорун белгиледи.

«Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы соода-логистикалык борборлор керектүү деңгээлде иш алып бара албай жатат. Себеби, биринчиден, жакшы технологияларыбыз жок болуп жатат; экинчиден, кыргыз бренди эл аралык базарларда дүйнөлүк бренддердей атакка ээ эмес. Өнүккөн мамлекеттерде, мисалы, ошол эле Казакстанды алсак, биз барып бир нерсе өндүрөлү десек, алар макул болбойт. Себеби алар аты, бренди бар компанияларды чакырууга кызыкдар болушат. Анткени кийинки сатууда жеңил болот. Ошол үчүн бул логистикалык борбор Кыргызстандын экономикасына, айыл чарбасына зор салым кошот».

Беларус, Казакстан, Орусия 2010-жылы бажы биримдиги катары түзгөн ЕАЭБге Кыргызстан менен Армения 2015-жылы кошулган.

Акыркы жылдары кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек» өткөрмө бекетинде жүк ташыган автоунаалардын узун кезеги пайда болуп, бул маселе көптөгөн ишкерлердин көйгөйүнө айланган.  Бишкек «Казакстан жүк ташууда ЕАЭБдин шарттарын аткарбай жатат» деп айыптаган.

Былтыр 29-апрелде Бишкекте Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 10-жыйынында протокол түзүлгөн. Эки өлкөнүн өкмөт башчылары кол койгон документте кыргыз-казак экономикалык кызматташтыгы, «Ак-Тилек» (Кыргызстан) жана «Карасу» (Казакстан) чек ара өткөрмө бекеттерине соода-логистикалык комплекс салуу, ал жерди эркин экономикалык аймак катары түзүү жана технология жаатында алаканы күчөтүү каралган.

Эки өлкөнүн биргелешкен өндүрүштүк соода-логистикалык комплексинин курулушу 2024-2025 жылдары башталары айтылды.

Copyright © 2017 Maral FM