Биз менен байланышыңыз

Бишкекте маршрутка айдоочулары жол кирени көтөрүүнү суранууда

Коом , Экономика | 8 Июн 2023 | 1472 | 0

Жеке менчик компаниялардын өкүлдөрү Бишкек шаарынын мэриясына кайрылып, коомдук унааларда жол кирени көтөрүү маселесин карап берүүнү өтүнүштү. Алардын айтымында, күйүүчү май жана тетиктер кымбаттоодо. Эгер тариф көтөрүлбөсө, коомдук унаалардын иштеши кыйын болот. Мындан сырткары алар учурда жүргүнчүлөрдү ташуунун баасы азыркы тарифтен кымбат экенин айтышууда. Айдоочулар чыгашаларды эске алуу менен гана тарифти белгилөө керектигин сунуш кылууда. Ал эми борбор калаанын мэриясы бул боюнча эмне дейт? 

Бишкек шаарында эл ташыган менчик компаниялардын өкүлдөрү мэриядан коомдук транспорттун жол киресин көтөрүүнү суранышты.

«ЭКО жүргүнчүлөрдү ташуу» ишканасынын башкы директору Рустам Ташиевдин айтымында, күйүүчү майдын, тетиктердин, дөңгөлөктөрдүн жана башкалардын кымбатташына байланыштуу тарифтерди көтөрүү керек.

«Жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн жол кире эмнеден турат? Тарифтин үч негизги позициясы: күйүүчү-майлоочу майлар, айдоочунун эмгек акысы жана унаанын өзүнүн амортизациясы. Алардан тышкары транспортту уюштуруунун башка чыгымдары бар. Унаалар күнүнө 250-300 км жол жүрөт. 8 км болсо мотордун майын алмаштыруу керек, 40 миң км болсо коробкадагы майды алмаштыруу керек, башка суюктуктар да алмаштырылышы керек. Дөңгөлөктөр сезондук түрдө алмаштырылат. Мындан сырткары оңдооп-түзөөдөн өткөрүп туруу зарыл. Унаалар күн сайын бузулушуна жолдордун азыркы абалы да таасир берет».

Дагы бир ишкананын жетекчиси Кубанычбек Исманов учурдагы жол кире азыркы тарифтен кымбат экенин белгиледи. Ал бүгүнкү күндө коомдук транспорттун айдоочулардын айлыгы 20-25 миң сомду түзөрүн айтты.

Мындан сырткары Исманов акыркы жарым жылдан бери чет өлкөгө кеткен айдоочулар көбөйүп жатканын кошумчалады.

«2021-жылы тарифтерди көтөрүү маселесин карап жатканда күндүз 25 сомдон, кечинде 30 сомдон кылып берүүнү суранганбыз. 2021-жылдын ноябрь айында 15 сом бекитилгенде күйүүчү майдын баасы кескин көтөрүлүп, инфляция күчөп кеткен. Мунун айынан айдоочулар да жумуштарын таштап кетип жатышат. Биз Транспорт министрлигине жана мэрияга маршруттук схемаларды оптималдаштырууну жана каттамдарда так, түшүнүктүү, адилет иштөө шарттарын бекитүүнү сунуштаганбыз. Бирок муниципалитеттен автобустардын кезектеги партиясы келгенде, Транспорт департаменти менен мэрия башка жеке ташуучулардын кызыкчылыгын эске албай туруп, мурдагы маршруттардын үстүнө өздөрүнө ыңгайлуу болгон жаңы каттамдарды чийип жатышат».

«Альянс» автобустар ассоциациясынын төрагасы Григорий Николай эртең Бишкек шаардык кеңешинде жол кирени бекитүү жана тарифтерди дифференциялоо боюнча токтом долбоору карала турганын билдирди.

«Бизде анын өтүшүнө күмөнүбүз бар. Кайрадан кандайдыр бир саясатташуу болот. Бул жерде эч кандай саясат болбошу керек. Токтомдун долбоорун кабыл алууну суранабыз. Экономика министрлиги оң корутунду берди. Тарифтер көтөрүлбөсө, Бишкектин коомдук транспортунун өнүгүшүнө терс таасирин тийгизет. Акыркы жылдары Бишкекте жүргүнчүлөрдү ташуу белгиленген тарифтен кымбат болгондуктан, бир нече жеке компаниялар банкротко учураган. КМШ өлкөлөрүнүн ичинен бизде гана жол кире арзан».

Ал эми Бишкек мэриясына караштуу Транспорт департаментинин директорунун орун басары Нурбек Салымбек уулу эки ай мурун жол кирени көтөрүү боюнча департамент тарабынан жумушчу топ түзүлгөнүн билдирди.

«Жүргүнчүлөрдү ташыгандар, жеке ишканалар жана мэриянын өкүлдөрү менен биргеликте жумушчу топ түзүлгөн. Бул боюнча тийиштүү эсептөөлөр жүргүзүлгөн. Экономика министрлиги да карап чыккан. Жол кирени көтөрүү боюнча тийиштүү корутунду алынып, шаардык кеңештин депутаттарынын кароосуна жиберилген. Мындан сырткары мэрия тарабынан сайтка коомдук талкууга чыгарылган. Бирок экономикалык жактан эсептөөлөр жүргүзүү үчүн коомдук талкуудан алынды».

Жыл башында Бишкек мэриясы да шаардагы жол кирени көтөрүүнү сунуштап, тиешелүү токтом долбоорун коомдук талкууга коюп, бирок «социалдык тармактардагы нааразычылыктан» улам чакыртып алган.

Мэрия жол киренин тарифин акыркы жолу 2021-жылдын аягында өзгөрткөн. Учурда автобус жана троллейбус айдоочулары 11 сомдон, кичи автобус айдоочулары 15 сомдон жол кире алышат.

Copyright © 2017 Maral FM